Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков “Азаттыктын” бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсү боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, анын жыйынтыгында былык иштерге аралашкандардын көбү кызматтан бошотулганын билдирди.
“Азаттык” иликтеп, андан кийин УКМК кылмыш ишин козгогон иште 40 бажы кызматкери катышканы айтылган коррупциялык схеманын башында турган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, анын жакын адамдары делген Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиевдин, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдин ысымдары гана ачык жарыяланган.
Калган кызматкерлер боюнча маалымат болгон эмес.
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 16-декабрдагы маалымат жыйынында жемкорлукка аралашты делген 40 кызматкер тууралуу кызматтык иликтөө аяктаганын билдирди.
“Бажы боюнча аябай көп суроолор болгон. Өзүңөр билесиңер, “Азаттыкта” бир-эки чоң иликтөө болгон. Анда 40 адамдын аты аталган. Ушулар боюнча иликтөө жүргүзүп бүттүк. Алардын көпчүлүгү жумуштан бошотулду, ал эми кээ биринин тиешеси жок болуп чыкты. Азыр Бажы кызматында толугу менен ротация жүрүп жатат. 2022-жылдан тарта аттестация башталат. Андан өтпөй калган кызматкерлер бажыда иштей албайт”.
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйында, быйыл коюлган жылдык план 48,4 млрд. сом болсо, учурда 92,9 % аткарылганын билдирди.
Ошондой эле 2021-жылдын 11 айында 41,4 млрд. сом бажы төлөмү бюджетке түшкөн. Төрага бул аралыкта 2227 мыйзам бузуу катталып, 2070 иш козголуп, 9,5 млн. сом айып пул алынганын жана 132 млн. сом бажы төлөмү төлөтүлгөнүн да кошумчалады.
Бул тармакты изилдеп жүргөн журналист Семетей Талас уулу Бажы кызматы тараткан сандарды Кытайдын бажы декларациясы менен салыштырып көрүү керектигин айтат.
“Азыр Бажы кызматы таратып жаткан маалыматка ишенип, бажыдагы коррупция токтоду деп айтышка эрте. Эмдиги жылы Кытай Кыргызстанга чыккан товардын көлөмүн жарыялайт. Ошону Кыргызстандын маалыматы менен салыштырып көрүш керек. Буга чейин Кыргызстан расмий айткан көлөм Кытайдыкынан 12 эсеге аз болгон учурлар болуп, жылына миллиондогон акчалар казынага түшпөй калганы айтылып келбеди беле. Ошон үчүн кошуна өлкөнүн жыйынтыгын күтө туралы. Ошондон кийин азыркы төраганын айткандары канчалык чын экенин билебиз. Райымбек Матраимовдун схемасынын азыркы абалы да түшүнүктүү болот”.
УКМКнын маалыматы боюнча, Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасы 2016-2017-2018-жылдары өнүккөн. Тергөөнүн материалында бул үч жылда Ош облусундагы “Эркечтам” постунан 16 761 машине өткөнү, Матраимов баштаган топ алардын ар биринен 1760 доллар алып турганы жазылат.
Атайын кызмат бажыдан өткөн машиненин санын Матраимовдордун чөнтөгүнө түшкөн каражаттын суммасына көбөйтүп, мамлекетке келтирилген чыгымды 2 млрд. сом деп эсептеген. Райымбек Матраимов анын 1 млрд. 398 млн. 656 миң 433 сомун акчалай, калган 601 млн. 353 миң 202 сомду мүлк менен төлөп берген.
Дагы караңыз Аткаминерлер төлөгөн миллиарддарСаясатчы Бектур Асанов Матраимовдун схемасы бир гана “Эркечтам” постунда эмес, өлкө боюнча иштегенин айтып жатат.
“Райымбек Матраимовдун таасири “Эркечтамда” эле эмес аэропорт, темир жол бажысында жана “Торугартта” дагы болгон. Ал бүтүндөй Кыргызстандын бажысын көзөмөлдөп турган. Андыктан бир эле Оштогу бажыга байлап койгон туура эмес. Азыр анын схемасы толук иштебесе дагы коррупция толук жоюлуп кеткен жок. Анткени ишкерлер менен сүйлөшсөм, алар жемкорлук дагы эле бар экенин айтып жатышат. Өзгөчө сырттан азык-түлүк ташып келгендер жемкорлука нааразы болууда”.
Райымбек Матраимовдо тышкары Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом төлөгөн. Жыйынтыгында алардын соттуулугу жоюлуп, экөө тең 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышты.
Боронбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, 4 975 добуш алса, Ражабалиев №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип чыкты. Ал келерки жумада мандат алышы керек.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев мындай пикирин ортого салды:
“Нурлан Ражабалиевдин Жогорку Кеңешке өтүп кетиши шайлоого болгон кара так. Анткени Кыргызстанды муунтуп жаткан коррупцияга аралашкандыктан жыл башында күнөөлүү деп табылган, эми депутат болгону турат. Бул биздин мыйзамдарыбыздын начардыгынан, шайлоо маданиятыбыздын чабалдыгынан кабар берет. Болбосо шайлоо элегинен мыктылар өтүп келиши керек эле да. Демек, бизде элек деген жок экен да. Болбосо Ражабалиев кантип шайланып келет?”.
Бир мандаттуу Баткен шайлоо округунан шайлоого катышкан Ражабалиевдин атаандаштары добуш берүүнүн жыйынтыгына макул болбой, БШКнын сайтына жарыяланган маалыматтар эки курдай өзгөргөнүн билдирип чыгышты. Алардын айтымында, кол санактын алгачкы жыйынтыгы боюнча Нурлан Ражабалиев утулуп калган. Бирок бир нече сааттан кийин кайра жеңүүчү болуп чыккан.
Шайлоо учурунда Баткен Медиа борбору талапкерлер ортосунда дебат өткөрүп, анда Номанжан Аркабаев Нурлан Ражабалиевге “соттолгон адамдын депутат болууга моралдык укугу барбы?” деп суроо берген. Ага мындай жооп болгон:
“Ооба, буга мыйзам жол берип атат. Мыйзамга ылайык, айып пул төлөнгөндөн баштап соттуулук жоюлат. Мага чейин деле соттолуп, кайра акталган депутаттар жок эмес. Алар деле эл кызматын аркалап келет. Менин кандай жагдайда сотко барганым, кандай жигитчилик кылганым тууралуу сиздин маалыматыңыз жок. Адам баласы бир топ сыноолорго дуушар болот экен. Менин моралдык укугум бар. Өзүмдү ак деп эсептейм”, - деген Ражабалиев.
АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган "кара тизмеге" киргизген.
"Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү "Kloop Медиа" чогуу жүргүзгөн "Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо", "Көмүскө акча ташыгандар кербени" деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.