Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине, жада калса президентке да таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан.
Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий салмак топтоп, өз таасирин арттырган? “Азаттыктын” кезектеги иликтөөсүн сунуш кылабыз.
Бийлик менен Матраимовдун мамилесин муздаткан иш-чара
Муфтияттын Бишкектеги жаңы имаратынын ачылыш аземинде тартылган сүрөт, видеолор – Райымбек Матраимовдун кыргыз саясатындагы таасирин таамай айгинелегендей.
Матраимов зоболосу бийик адамдай алдыда жүрүп, артынан ээрчий коштогон жоон топто мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Жогорку Кеңештеги "Ынтымак" фракциясынын жетекчиси Марлен Маматалиев, депутаттар Таалайбек Масабиров, Айбек Осмонов, Алишер Козуев, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев баратат. Ал күнкү иш чарага чакырылган ондогон блогер, ырчы социалдык тармактарда Райымбек Матраимовду мактап-жактап, даңазалап турушту.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов 2020-жылдан кийин соттолуп, бюджетке 2 млрд сом төгүп кутулган. Ошентсе да азыркы бийликтин “Раим миллион” деп таанылган Матраимов боюнча позициясы так эмес болчу. Бирок муфтияттын имаратынын ачылышындагы көрүнүш абалды өзгөрттү окшойт.
Бийлик менен Матраимовдун мамилесин муздаткан иш чара боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мындай дейт:
“Мунун амбициясы муфтияттын имараты ачылып жатканда дагы бир жолу байкалды да. Бул "реабилитациядан өтөм" деп ойлоду. Умрага болгон жолдомого сатылган артисттер, кээ бир депутаттар чыкты го. Ошол арам акчасына акталып, кайра элдин, жанагыдай тойлордун төрүндө отурам деген кара ниети көрүнүп калды".
Эдил Байсалов жогорудагы окуядан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны кызматтан кетирүүгө кызыкдар болгонун айтат. Соңку маалда саясат айдыңында Байсалов менен депутаттардын мамилеси жакшы болбой, маселе муфтияттын имаратынын ачылышынан кийин, күзүндө кайра көтөрүлгөн.
"Жанагы белгилүү жаш депутат бир күндө үч комитетке атайын барып, Эдил Байсаловду айтып жатты. Анын себебин ошол эле күнү билгем. Так ошол Райымбек Матраимов муфтияттын имаратын ачып атканда муфтийге катуу-катуу айткам. "Бул арам акча, динге жолотпош керек эле. Анын атын такыр чыгарбаш керек эле" деп эки жолу иш бөлмөмдө сөз болгон. Албетте, ал барып "Эдил айтып жатат" деп айтат да. Ошондон кийинки чабуулдарын биздин жетекчилер билет. Бир канча акчасын берип коюп, анан кайра саясатка кийлигишем деген. Анын ууру экени анык", - деди Байсалов.
Кыргыз бажысында коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган, миллиондор сыртка чыгарылганда калкалап турганы айтылып келген экс-бажычы саясатка ачык аралашпаганы менен көмүскөдөгү таасири күч эле.
Депутат Жанарбек Акаев Матраимовдун маанайына карап иш кылган саясатчылар болгонун айтат.
"Канча бир аш-тойдо, куран окуткан жерлерде Райымбек Матраимов менен чогуу отуруп калган учурлар болду. Ошол жерде депутаттардын, саясатчылардын, тааасирдүү жетекчилердин мамилесин көрүп абдан таң калдым. Баары учурушканга, сүйлөшкөнгө, аны капа кылбаганга аракет кылып... Коомчулук Матраимовду жээрип, коррупциялык схемаларга айыптаганы менен сахнанын артында ал киши менен учурашып калалы, сүйлөшүп калалы, мен жөнүндө ою жакшы болсо экен деген аракеттерди көп көрдүм".
Матраимов соңку 10 жылда жалпы парламентке, өкмөткө, мамлекет башчыга чейин таасир этип, саясий элитанын колдоосунда жүрдү. Кыргызстанда өткөн ар бир шайлоодо анын ысымы аталып турду.
КСДПны сүрөгөн Матраимов, парламенттеги тиреш
Матраимовдун таасири Атамбаевдин бийлиги учурунда артып, саясий да, финансылык да салмак топтогон. Жээнбеков президент болгондо саясий клан болуп көрбөгөндөй күчтөнгөн. Атамбаев маалында Райымбек Матраимов Ошто бир канча жыл бажы тармагын жетектеп, 2015-жылы августта Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп Бишкекке көчүп келген.
Матраимов кызматтан жогорулашы боюнча жергиликтүү гезиттердин бирине мындай деп айткан.
"2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм".
Бирок ал учурда Райымбек Матраимовдун ысымы саясий чөйрөдө гана айтылып, анын бажыдагы иштери боюнча жалпы коом кабардар эмес болчу. Бирок ишкерлер, саясатчылар бул фамилияны жакшы билип, аны менен эсептеше башташкан. Аны менен катар Матраимовдун көмүскөдөгү таасири күндөн-күнгө өсүп турган кез эле.
Депутат Дастан Бекешев Матраимов деген ысымды 2010-жылдан кийин уга баштаганын айтат.
"Алгач 2013-жылы уга баштадык. Анткени каттар келип баштады. Бизнес компаниялар бажыдагы кампалар боюнча арызданышкан. Мен чынында таасирдүү адам деп ойлогон эмесмин. Катардагы кайрылуу катары карап чыгып, Башкы прокуратурага жибергем. Анан 2015-жылы Матраимовдор боюнча маалымат чыгып, алардын Кара-Суудагы таасири тууралуу айтыла баштады".
Матраимов борбордо ушул учурда белгилүү боло баштаса, өлкө түштүгүндө "Раим миллион" деген каймана ат менен таасири күч эле. “Азаттык” бажыдагы коррупция жөнүндө алгачкы макаласын 2015-жылы жарыялаган.
Дагы караңыз “Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”2017-жылы Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында Матраимов Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоого аралашканы ачык айтылды. Ошентип "Раим миллион" деген ысым алгачкы жолу парламентте, жогорку трибунада аталды.
Ошол учурдагы депутат, "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов мындай деген:
“Кара-Сууда жашаган жарандар ыйлап жатышат. Кара-Суу Матраимовдордун үйү болду дешет. Матраимов Райым деген бажынын орун басары бар экен. Бажычыларды алып келип иштетти дейт ошол убакта. Эми ар бир нерсенин чеги бар да. Ушунун негизинде Матраимовдун жоопкерчилигин кароону фракциянын чечимине киргизем”.
Бирок Бабанов жана ал жетектеген фракциянын аракетинен майнап чыккан эмес. Парламентте айтылган Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоо 2017-жылы 3-сентябрда өтүп, анда бийликтеги Социал демократтар партиясы 63% добуш алган. Экинчи болуп “Мекеним Кыргызстан” келген. Ал кезде “Мекеним Кыргызстан” партиясы аймактагы шайлоодо өзүн сынап, алдыдагы чоң жараянга даярдык көрүп жаткан.
Өмүрбек Бабановго Искендер Матраимов Жогорку Кеңештен жооп узатып, кайым айтышуу уланган.
“Биздин артыбызда мени шайлаган 45 миңден ашык эл бар. 400 миң жашоочу бар. Анан бул жерде айтыла турган сөз эмес эле. Бирок Өмүрбек Токтогуловичке айтайын. Биз бакандай болгон беш эркек бир тууганбыз. Бизге акаарат келтире албайсыз. Биз сизден айырмаланып Кара-Сууда көп иштерди жасап койдук".
Жогорку Кеңеште тирешүүгө себеп болгон Матраимовдордун кичи мекениндеги жараян – 2017-жылы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун алдындагы негизги репетиция эле. Ал шайлоодо Өмүрбек Бабанов Атамбаевдин саясий көчүн улайт деген Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Бул президенттик шайлоодо Матраимовдун ролу да атан төөдөй болгону айтылып жүрөт.
"Кара касса" боюнча компромат
2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 55% колдоп, экинчи Өмүрбек Бабанов, андан соң Адахан Мадумаров келди. Жээнбековдун жеңишине ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы болгону эч кимге жашыруун эмес. Бирок бийликтин көчү көпкө узабай, Атамбаев-Жээнбеков ымаласы ылдам эле ыдырай баштады.
2017-жылы ноябрда Атамбаев президенттиктен кетерине бир күн калганда, Жээнбековдун инаугурациясынын алдында ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун колу менен бажыдагы экинин бири болуп отурган Райымбек Матраимовду кызматтан алдырган. Кийин саясий тиреш күчөгөндө, 2018-жылы 19-мартта Сапар Исаков кызматтан кетип, июнь айында Бишкек жылуулук борборундагы коррупция боюнча камалган. Ачык тирешкен эки тарап саясий жүрүшкө өткөн.
Мурдагы президент Атамбаев тарап көзүр катары Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу документтерди жарыялады. Аны ошол учурда Сапар Исаковдун адвокаты болуп турган Нурбек Токтакунов таратты. Ошентип Райымбек Матраимов Атамбаев-Жээнбеков тирешинин негизги предметине айланды.
"Маалымат Атамбаев тараптан келген. Мен аны дароо жарыялап жибердим. Анткени ошондо гана андагы маалыматтар такталып же жокко чыкмак. Exсel таблица бар болчу. Анда шайлоодогу акчанын кандай, ким аркылуу корогону жазылган. Шайлоого катышкан адам дароо эле түшүнөт. Тизмеде музыканттар, артисттердин ысымы бар эле. Алардын эч кимиси жокко чыгарган жок. Акчанын кимден келгени белгисиз. Бирок Матраимовдон деген шек саноо бар эле".
Нурбек Токтакунов колундагы документке таянып маалымдаганы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдирген 158 096 175 сомдон көп сумма жумшаган. Токтакунов жарыялаган документте Жээнбековдун штабы чынында шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаганы көрсөтүлгөн.
Дагы караңыз "Тизмегейт": Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешиАтамбаевдин командасында Жээнбековдун шайлоо фонду боюнча маалымат болушу мүмкүн эле. Анткени шайлоо штабды Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишиси Фарид Ниязов жетектеп, анын тарапташтары толугу менен Жээнбековго иштешкен. Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева шайлоо боюнча чуулгандуу документ боюнча маалыматты четке каккан.
“Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, кол тамга жок. Фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген”.
Негизи Сооронбай Жээнбековдун шайлоого кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн Райымбек Матраимов көтөргөнү саясий чөйрөдө жана коомчулукта айтылып эле келген. Бирок Жээнбеков-Атамбаев тандеми ажырабаганда бул маалыматтардын ачыкка чыгышы күмөн эле.
“Тизмегейт” деп аталган шайлоо фондунун акчасына байланыштуу ишти Ички иштер министрлиги тергеп, бирок анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калды.
“Азаттыктын” иликтөөсү, элдин "REакциясы", бийликтин жообу
Жогоруда айтылгандай “Азаттык” Райымбек Матраимовдун бажыдагы күмөндүү иштери боюнча алгачкы жолу 2015-жылы макала жазып, 2017-жылы февралда Уланбек Эгизбаев “Бажыдагы миллиондор” деп аталган журналисттик видео иликтөө жарыялаган.
2019-жылы “Азаттык” Райымбек Матраимов жана анын командасынын бажыдагы былыктары боюнча дагы бир иликтөө жасады. Анда Кыргызстандан 2011-2017-жылдар аралыгында чыгарылган 700 миллион доллар, Матраимов боюнча айтылат. Иликтөө коомчулукта катуу резонанс жаратты.
"Шаки арак сатып байыды, Салымбек "Дордой" ачып байыды, Эгембердиевдер шоро менен бутка турду. А Матраимов эмне кылып байыды? Эч нерсе жок да. Бажыга 27 жашында келип, катардагы кызматкерликтен баштаган киши. Өзү, аялы, бала-чакасы бизнес кылган эмес. Өткөндө Бажы кызматы ички иликтөөсүн жүргүзгөндөн кийин маалымат таратты. Анда бир эле "Эркечтам" өткөрмө пунктунан эле төрт жылда 28 млрд. уурдалганы айтылат. Бул иликтөө оңой болгон жок. Журналисттерге, активисттерге кысым күч болду".
Журналисттерге Матраимовдун бажыдагы көмүскө схемасынын бетин ачкан документтерди берген Айэркен Саймаити 2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон. Ал журналисттерге үлгүрүп берген материалдардын негизинде “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген дагы бир иликтөө жарык көрдү.
Журналистттк иликтөөлөрдөн кийин мамлекеттик органдар Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерип жатканы айтылган. Бирок анын жыйынтыгын уккан, билген киши болгон жок. Ал өзү да бир жолу УКМКга суракка чакыртылган. Иш андан ары жылган эмес. Тескерисинче бул маселе боюнча үн каткан журналист, активисттер кысымга кабыла баштады. Атайын кызмат “Азаттыктын” ошол кездеги эки журналистин – Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду да суракка чакырган.
Ошол учурда депутаттарга чейин кысым болгонун Дастан Бекешев айтып жатат.
"Азаттык" Матраимовдор жөнүндө иликтөө чыгаргандан кийин толтура фейктер пайда болуп калды да. Алар "батышчылар атайын ушуну кылып атышат" деп "Азаттыкты" жамандап атышты. Анан бизде депутаттык комиссия түзүлгөн. Андагы айрым депутаттарга да басым күч болгон. Мирлан Жээнчороевди жамандап, Матраимовду колдогондорду макташкан. Бул эми баарыбызга белгилүү нерсе".
Дастан Бекешев айткан депутаттык комиссия Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин түзүлүп, анын баштапкы курамында Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов да болгон. Кийин Алтынбек Сулайманов экөө комиссиядан чыгып кеткен. Комиссияны жетектеген Талант Мамытов анын тыянагы боюнча мындай дейт:
"Депутаттык комиссия Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн. Иликтөө учурунда башка фактылар чыгып калды. Мисалы, Али Токтакуновдун Саймаити менен бирге кызыкчылыктары, чогуу иш алып барып атканы боюнча чыкты. Ошол эле учурда бажыдагы коррупциялык фактылар чыгып атты. Комиссия Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу болгондуктан биз бардыгын бириктирип, тиешелүү органдарга жибергенбиз".
Анткен менен бул депутаттык комиссиянын курамы, анын иши жана корутундусу эч кимди ынандырган эмес. Кылмыш иши козголуп, депутаттык комиссия ошол маалда тергөө абагында отурган Стамбулдагы мурдагы башкы консул Эркин Сопоков жана Рустам Тиллабаев деген күмөндүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп, бирок Райымбек Матраимовду бир да жолу чакырып, суроо бере алган эмес.
Мындан улам журналисттер жана жарандык коом депутаттык комиссия Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жатат сындаган. Али Токтакунов комиссия төрагасы Талант Мамытовдун өзүнүн жеке кызыкчылыктары болгон деп эсептейт.
"Депутаттык комиссиянын бүтүмү анекдот болгон. Алар иликтеп келип туруп "бул боюнча журналист жооп бериш керек экен" деген тыянакка келген. Анда бир да жолу Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошол комиссияны жетектеп турган Талант Мамытовдун Матраимов менен дос экени, анын жакындарын өзүнүн жардамчысы кылып жумушка алып жүргөнү, өзү туугандарын бажыга кызматка орноштурганы боюнча да иликтөө жасалган да".
Буга Талант Мамытовдун жообу мындай болду:
"Райымбек Матраимовдун кайниси чынында эле мага жардамчы болуп иштеп кеткен экен. Мен Матраимовдун кайниси экенин билген эмесмин. Ага чейин спортчу балдар келип, "эки айдан кийин которулуп кетет" деп суранышкан. Бир-эки ай өткөндөн кийин гана билдим. Сурасам ошондой экен. Анан "Иним, туура түшүн. Силер айткан эки ай убакыт өттү" деп айткам".
Депутаттык комиссиянын талаштуу корутундусу, тиешелүү мамлекеттик органдардын майнапсыз текшерүүсү коомдогу нааразылыкты күчөтө берди. Матраимов маселесине президент Сооронбай Жээнбеков да чекит кое алган жок.
Ошол учурдагы бийликтин Райымбек Матраимов боюнча позициясы элдин нааразылыгын күчөтүп, 2019-жылы 25-ноябрда алгачкы “RЕакция” өттү. Аны Ширин Айтматова жана Нурсултан Акылбек баштаган “Үмүт 2020” кыймылы, жарандык активисттер уюштуруп, күндүн суугуна карабай Ак үйдүн алдына көп адам чогулду. Анда "Райым камалсын" деген чакырык жаңырып турду.
Нурсултан Акылбек бийликтин унчукпай отуруп алганы элди көчөгө чыгарганын айтат.
"Иликтөө жарыяланды. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков унчукпай отуруп албадыбы. Реакция жасалсын деген максатта "REакция" деп чыкканбыз да. Ошондо "Уурда" деген Райымбек Матраимовдун сүрөтү тараган. Ал Шириндин идеясы болчу. Ушундай кылсак өмүр бою калат дегенбиз. Трафарет кылып бердик. Анан аны жаш балдар сурай башташты. Берип койсок Финансы полициясынын имаратына тартып кетишиптир. Андан кийин шаарда өтө эле көп жерге чапчап кетишиптир".
“RЕакциядан” кийин бир ай өтүп, 25-декабрда Сооронбай Жээнбеков 2019-жыйынтыгын чыгарып, журналисттерди чогултту. Анда көпчүлүк президенттин Матраимов боюнча жооп күттү.
"Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгер дагы билгениң болсо ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?!”.
Көпчүлүк президент Жээнбековдун жообуна ынанган эмес. Тескерисинче коомчулукта “Мамлекет башчы Матраимовдун алдында карыздар” деген жоромолдор мурдагыдан да күчөдү.
"Менин Райым менен тааныш досторум бар да. Алар келип алып, "колуңардан эч нерсе келбейт" деп шылдыңдап кетишчү эле. Президенттин администрациясы менен эки жолу жолугушуу болгон. Ошондо абал башкача кетип атат, Жээнбеков реакция кылбаса, анда өзү кызматтан кетет деп эле айтканбыз. Анткени прокуратура, президент баш болуп бир адамды коргоп атышат. А элдин пикири такыр эле башка болчу да", - деди Нурсултан Акылбек.
Эки күчтүн тиреши, Жээнбековдун отставкасы
Ошентип Жээнбековдун бийлиги Матраимов маселесине толук чекит койбой, тескерисинче анын “Мекеним Кыргызстаны” 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо негизги күч, бийликчил партия болуп чыга келди.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор кланы болгон күчүн жумшаган. Алар буга чейин саясий процесстерге көмүскө аралашып келсе, анда саясий майданга ачык чыгышкан. “Мекеним Кыргызстан” партиясына тарапташтарын, адвокатын, өзүн колдоп жүргөн журналист, ырчы-чоорчуларды, саясатчыларды топтоду.
Депутат Жанарбек Акаев "Мекеним Кыргызстан" Жээнбековдордун "Биримдигине" негизги атаандаш болгонун айтып берүүдө.
"Өзүнүн бийлигин Матраимовдор менен бөлүштү. Адамдарыңды парламентке алып кел, бажыны да кара. Күч органдарына чейин аралашканга, өзүнүн кадрларын койгонго мүмкүнчүлүктү берди. Экинчи саясий топ - Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдор буга караманча-каршы турду. Бирок эки күч бирдей келди да. "Биримдик" бийликке, акчага да таянды, экинчиси каражат, анан таасир менен чыкты. Экөө ошол учурдагы "Ата Мекен", "Республика" жана "Реформа" деген партияларды теңине да алган жок. Оппозиция биякта эле калды. Президенттин жанындагы эки күч тирешип отуруп бүтүндөй парламентти курап коюшту".
Алдын ала күтүлгөндөй эле 5-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен парламенттеги 120 мандаттын 90у “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанга” тийген. Андан кийин “Кыргызстан” партиясы, акыркы орунда “Бүтүн Кыргызстан” келген. Бийликчил үч партиянын бүтүндөй парламентти ээлеп алышы жапырт нааразылык жаратып, 6-октябрда көтөрүлгөндөр Ак үйдү басып алды. Бул окуянын арты менен талаштуу шайлоо жыйынтыгы жокко чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти.
Депутат Дастан Бекешев "2020-жылы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бийлик алмашып кетпегенде эмне болмок?" деген суроого мындай жооп берди:
"Ошондо "Мекеним Кыргызстан" келсе, анда өтө тартипсиз мамлекет болуп калмак. Аткезчилик аябай күчөмөк. "Азаттыкты" жөн эле жаап эмес, керек болсо журналисттерге кол салмак. Саймаити эмне болгонун билесиз да".
Октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Садыр Жапаровго да элдин башкы талабы - Матраимов болду. Ал эски аянтка чогулуп турган элдин алдына чыкканда "Райым миллион камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин" деген.
Райым Матраимов камалган жок. Бирок 2021-жылы УКМК Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ага бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деген айып тагылганын билдирген. Сот 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
Бирок Матраимовдун саясаттагы таасири солгундап калган эмес. Мурдагыдай эле саясий элита, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен коюн-колтук алышып жүргөн. Ага жакын бир нече киши парламентке депутат болуп, Матраимовду коргоп-колдоо Жогорку Кеңештин трибунасынан жаңырып турду.
Көлбаевдин өлүмү, Матраимовдун сурагы
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлүп, ошол күнү кечинде Райымбек Матраимов суракка чакыртылган. Азыр анын кайда экени белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев менен Матраимовду “мафия” деп атап, аны менен байланышта болгон 200дөн ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынарын айтты. Мындан тышкары депутаттар боюнча да маселе бар деди. Бирок Ташиев эч кимдин ысымын атаган жок.
“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же ички биздин саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек. Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат", - деген Ташиев.
Буга удаа эле Матраимовдун тарапташы делген депутат Шайлообек Атазовдун тарапкерлери шайлоо боюнча камалып, өзү да УКМКга сурак берип чыкты. Атазов Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда башкы машыктыруучу болуп, Жогорку Кеңеште бир нече жолу Райымбек Матраимовду колдоп жүргөн.
Матраимовдордун үй-бүлөсү да комментарий берүүдөн карманып турат. “Азаттыктын” бул үй-бүлөнүн өкүлдөрүнөн соңку окуялар боюнча кеңири комментарий алуу аракетинен майнап чыга элек. Ноябрь айынын жанында депутат Искендер Матраимов Ташиевдин билдирүүсү боюнча “Азаттыкка” учкай гана пикирин айтып, “клан деген жок” деп жооп берген.
""Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да. Мындай болбойт", - деген Искендер Матраимов.
2020-жылдын этегинде журналисттер Матраимов менен Көлбаевдин байланышын далилдеген Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каганат” менчик эс алуу жайын табышкан. Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын «Каганатта» эс алып жүрүп түшкөн сүрөттөрү муну далилдейт. 9-октябрда УКМК Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган мүлкү деп жарыялаган узун тизмеге дал ушул “Каганат” эс алуу жайы да кирген.
Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп айткан.
Андан көп узабай Кыргызстандан Түркияга накталай акча ташып жүргөн Саймаитинин курьеринин сөөгү машинесинин багажынан табылган. Нес болгон Саймаити коркуп калганын, бул иш «Камчынын балдарынын» же «Матраимовдун жигиттеринин» колунан келген болушу мүмкүн экенин журналисттерге айткан.
Бийликтин соңку кадамдары журналисттердин иликтөөсүндө ачылган Райымбек Матраимов боюнча фактыларды, жарандык коомдун нааразылыгы менен талабын кандайдыр бир деңгээлде далилдеди. Бирок толук түшүнүктүү боло элек дагы бир-эки маселе бар.
Президенттерди жандаган күмөндүү инвестор
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Хабибулла Абдукадыр аттуу түбү кытайлык үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири сумманы адалдаштырып, миллиондогон долларларды мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы аныкталган.
Хабибула Кыргызстандын соңку үч президенттин тең жандап, бийликтин бийик сересиндегилер менен жүргөнүн далилдеген сүрөт, видеолор тараган. Матраимов менен Абдукадыр бизнес өнөктөш болсо, эми уул-кызын үйлөнтүп куда болуп калды.
2023-жылы март айында Хабибула Абдукадыр Кыргызстанга келген ири инвестор катары тааныштырылып, борбор калаада “Бишкек сити” бизнес борборунун пайдубалына президент Садыр Жапаров менен чогуу капсула салды.