Негизи издөөгө алынган Матраимовдун тарапташтары парламентте көп экени, алардан арылуу керектиги айтылып эле келет. Бирок саясат талдоочулар мандатты тапшыртуу артында башка оюндар бар болушу мүмкүн дешет.
Кайсы депутаттардын ысымы аталууда?
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштады.
15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланды.
Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.
Алардын бири издөөгө алынган мурдагы бажычынын агасы, депутат Искендер Матраимов.
“Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”, - деди Искендер Матраимов "Азаттыкка".
Искендер Матраимов Кара-Суу бир мандаттуу округунан шайланган. Парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
Ысымы аталып жаткан депутаттардын бири Надира Нарматова парламентке “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен шайланып келген. Ал “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору.
Ал маектеринин биринде Райымбек Матраимовду мыкты адам катары сүрөттөп, аны каралоонун айынан Кара-Суу, "Мадина", "Дордой" базарында соода болбой калганын айткан. Нарматова 2020-жылдагы шайлоодо Матраимов түзгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясын сүрөгөн.
“Менин Матраимовго кандай байланышым бар? Алар менен жакшы мамиледе болбосом, бирге бизнесим жок болсо деле жармаштыра беришеби? Коомдук ишмер катары маек берип, пандемия учурундагы ишмердиги боюнча айтып бергем. Аны мен танбайм. Бул деген ошол адамдар менен бир командада жүрөт дегенге жатпайт. Менин мандатым боюнча маселе жок. Себеби мыйзам, укук коргоо органдары бар. Жөн эле эл шайлаган депутат мандатын тапшыра береби? Кызык...”.
Нарматова Матраимовду маек учурунда мактаса, Шайлообек Атазов аны колдоо митингдерине катышып, Жогорку Кеңештен да таламын талашып жүргөн. Ал Жогорку Кеңешке келгенге чейин Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунун жетекчиси болчу. Шайлообек Атазов 2021-жылы Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округунан өтпөй калып, кийин Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоо аркылуу парламентке келген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев-Матраимов байланышын мафия деп атагандан кийин депутат Шайлообек Атазовдун тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылган. Анын экөө “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айыпка жыгылган. Былтыр ноябрь айында Атазов өзү да УКМКга кирип, суроолорго жооп берип чыккан.
Соңку окуялар боюнча депутат Шайлообек Атазовдун жообу мындай болду:
"Менин мандатымды эл берген. Эл чечет. Бизде маселе жок. Биздин тарапташтар эмес, биздин тарапташтар делген сөздөр айтылган. Алардын бизге тиешеси жок. Андай маселе жок бизде”.
Мандатын тапшырсын делген депутаттардын дагы бири Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 28-ноябрдагы Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан жеңүүчү деп табылган. Бирок шайлоого 11 ай калганда, тагырагы 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон эле.
Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.
Жыйынтыгында Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн.
Нурлан Ражабалиев Райымбек Матраимовдун айланасындагы иштер, өзүнүн жеке байланышы боюнча комментарий берүүгө макул болгон жок.
Ал эми Айбек Осмонов 2023-жылы 27-августтагы муфтияттын имаратынын ачылышына Райымбек Матраимовду коштоп барып, анын жанында отурган. Ал иш-чарага Айбек Осмоновдон башка депутаттар Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Таалайбек Масабиров, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев Матраимовду жандап жүргөн.
Айбек Осмонов менен Матраимовдордун байланышы мурдатан эле айтылып келет. Осмоновдун ысымы "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү катары аталган. Кийинчерек бул партия Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго өткөнү маалым. “Азаттыктын” Айбек Осмонов менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.
"Матраимов менен байланышы барлар мандатын тапшырсын"
2023-жылы Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынып, ага удаа эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев-Матраимов байланышын "мафия" деп атаган. Аларга тиешеси бар делген 200дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен алынганы да айтылган. Бул окуялардан кийин Жогорку Кеңешти "матраимовчулардан арылтуу" иши жүрө турганы айтылган.
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Матраимов түзгөн коррупциялык схемага катышы бар адамдар жоопкерчиликтен кутулуп кетпеши керек деп эсептейт.
"Бийлик аларды мафия деп тапкандан кийин мафиянын бардык мүчөлөрү, алардын колуна кол, бутуна бут болуп тургандар да тийиштүү жазасын алыш керек. Бул жерде жалгыз Райымбек Матраимовдун жазага тартылганы жетишсиз. Аны далыга таптап, пайдаланып, кошо жешкен адамдар абдан көп. Мына ошол схемалардын барандуу мүчөсү, Матраимовдун оң колу Абдывахап Боронбаев мандатын тапшырды. Андан башкалар да саясий жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептейм. Коомчулуктун дагы ою мына ушундай".
Негизи Матраимов издөөгө алынып, анын мүлкү мамлекетке алынганга чейин мурдагы бажычыны Жогорку Кеңештен ачык колдогон депутаттар көп эле болгон. Анын саясаттагы таасири да күчтүү болуп, мамлекеттин кадр саясатына чейин аралашып жүргөнү маалым.
Жарандык активист Мукай Керимбаев кайсыл депутаттар Райымбек Матраимов менен мамиледе болгонун эл жакшы билерин айтты:
“Райымбек Матраимов коррупционер аталып, мүлктөрү мамлекетке өтүп жатат. Анын менен чогуу иштешип, акча адалдаштырган адамдар кызматтан кетүүдө. Жанагы ысымы аталган депутаттардын баары Матраимов менен байланышта деп айта албайм. Бирок калк айтса, калп айтпайт. Эл билет, көрүп жүргөн. Буга чейинки шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” кандай акча таратканына биз деле күбө болгонбуз. Депутатты эл шайлайт экен. Андыктан аны эч ким кызматтан алып кое албайт. Алар өздөрү эле моралдык жоопкерчилигин сезип, кетип калганы жакшы болот беле дейм”.
Негизи Жогорку Кеңештин депутатын мандатынан ажыратуу татаал процесс. Мисалы, депутат өз арызынын негизинде мандатын тапшырса болот. Же болбосо ал кайсыл бир кылмыш иши боюнча сот чечими чыкса, Борбордук шайлоо комиссиясы анын негизинде мандатын жокко чыгара алат.
Жогоруда ысымы аталып жаткан депутаттардын ичинен Надира Нарматова гана партиялык тизме менен парламентке келген. Ал мандатын тапшыра турган болсо, анда кийинки кезекте турган адам мандат алат. Ал эми Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов жана Нурлан Ражабалиев Жогорку Кеңештен кетүү чечимин кабыл алса, анда алар тандалып келген бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо өтүшү керек болот.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай бул маселеге эки тараптуу караш керектигин айтып, мындай пикирин ортого салды.
“Негизи Матраимовго жакын экени айтылып жаткандарды пайдасынан зыяны көп депутаттар деп айтса болот. Буга алардын ишмердиги далил болуп бере алат. Кандай мыйзамдарды иштеп, кандай ойду айтып жатканын көрүп жатабыз. Бул маселенин бир тарабы да. Эми экинчисин айта кетейин. Депутаттык мандат деген кол тийгис мандат. Шайланып келген адамдын мандатын бийлик басым жасоо аркылуу алып коюу, тапшыртуу аракети көрүлгөнү туура эмес болуп калат. Бул маселени депутаттардын абийирине койгонду туура деп эсептейм. Бул өнүккөн, институттар калыптанган өлкөлөрдө ушундай көрүнүштөр байкалат".
Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.
Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болду.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.