Матраимовдун адвокаты: Сот бүтүмүнө макул эмеспиз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 2 айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова мындай бүтүм менен макул эместигин айтып, жакынкы беш күндүн ичинде жогорку инстанцияга бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап кайрылыша турганын журналисттерге билдирди.