Нур-Султан кайра Астанага айланат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нур-Султан шаардык кеңешинин депутаттары борбор калаа Нур-Султандын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду. Чечимди кабыл алууда Телеграм каналдардагы сурамжылоолордун жыйынтыгы эске алынган. Активисттер 2019-жылы Астана Нур-Султан болуп өзгөргөндө каршы чыккандарды жазалаганы үчүн казак бийлиги кечирим сурашын талаш кылышты