Президенттин кезектеги жарлыгында соңку кезде кыргыз коомунда диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездеше баштаганы жазылган.
Президенттин жарлыгы
Кыргызстанда айрым коомдук ишмерлер көрүстөндөгү курулуштарды сындап, маркумду акыркы сапарга узатуу атаандаштыкка айланганын буга чейин эле айтып келишкен.
Суроо-талапка ылайык, өлкөдө эстелик жасаган ишканалар арбын. Айрымдарында буюртма бергендер көптүгүнөн кезек күтүү керектигин эскертишет.
"Бир киши үчүн эстелик жасоо 20 миң сомдон башталат. Таштын көлөмүнө, сапатына жана түрүнө карап, баа өсө берет. Кошумча тосмо тургузам десең, ал да өзүнчө эсептелет", - деди мындай ишканалардын биринин устасы.
Президенттин 14-октябрдагы жарлыгында соңку учурда коомдо менменсинүү күч алып, маркумдун туугандары граниттен же мармар таштан өтө чоң күмбөздөрдү куруп, айкел орнотуп, мүрзөлөр кооз металл тосмолор менен тосулуп жатканы жазылган.
Мындан улам Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы жол-жоболорду иреттеген фатваларды чыгаруу сунушталган.
“Тарыхый-маданий мааниге ээ көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу, мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоо маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалымат-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү сунушталат”, - деп жазылган жарлыкта.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы баштаган бир катар мамлекеттик мекемелер үч ай ичинде “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды аткаруу чараларын көрүшү керек. Мындан тышкары көрүстөндөрдү жайгаштыруу жана көрктөндүрүү боюнча талаптардын тизмесин иштеп чыгууга тапшырма берилди.
Дагы караңыз “Ысырап кылсаң, айыпка жыгыл”: талкууга түшкөн мыйзамКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов муфтият эми жарлыкка ылайык көрүстөндөрдү тосууга фатва чыгарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө турганын билдирди:
“Диний башкармалык буга чейин өз алдынча ушул көйгөйлөрдү токтомдору, фатвалары менен жөнгө салууга аракет кылып жүргөн. Айрым жерлерде ишке ашканы менен, кээде орундалбай калып, сөзү өтпөй, атаандаштык күчөп кеткен учурлар да көп болчу. Эми бул ишке муфтият эле эмес, айыл өкмөттөр жана мамлекеттик органдар да аралашып, өз багытында иш алып барат. Ушуну менен ысырапкорчулук азаят деп үмүт кылабыз”.
"Айрым чектөөлөр болушу керек, бирок..."
Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев жарлыктагы айрым талаптарга макул эмес. Ал маркумду акыркы сапарга узатууда анын керээзин, кадыр-баркын да эске алуу керек деген пикирде:
“Акыркы сапарга узатуу той сыяктуу болуп, атаандаштык күчөп баратат. Жарлыктын мааниси жалпы алганда туура. Бирок атактуу, колунда бар киши болсо, эл “ушул жакшы коюлбай калды” деп кеп-сөз кылышы мүмкүн. Ар ким алына жараша кыла турган болсо... Баарына эле бир талапты коюп, тегиз кылганда деле болбой калат. Канчалык бай болсоң да ашыкча кетпей тургандай талаптар болсо деген ойдомун”.
Бул документ президент Садыр Жапаровдун мааракелердеги ашыкча ысырапкорчулукту тыюу үчүн чыгарган биринчи жарлыгы эмес. 2022-жылдын башында той-аштарды өткөрүүдө негизсиз чыгымдар көбөйгөнүн белгилеп, мамлекеттик мекемелерди калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирип, муфтиятка зарыл фатваларды чыгаруу сунушу берилген. Сөөк чыккан үйдө мал союлбашы керек деген талап коюлган. Жарлык чыккандан кийин жер-жерлерде аракеттер көрүлгөнү менен, кийин мындай чектөөлөр унутулуп кеткени айтылып жүрөт.
Мындай пикирди кубаттаган Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев жарлыктарды ишке ашыруунун механизмине көңүл буруу керек деген ойдо:
“Мындайда түшүндүрүү иштери жарлык чыккандан кийин эле бир аз жүрүп, кийин токтоп калып жатпайбы. Демилге артында “аны аткарбасаң, ушундай чара колдонулат” деген жери болбосо, биз аны оңой менен жасабай коёбуз. Кийинчерээк ал талаптар унутулуп эле кетет. Бул жарлык аябай туура жана көйгөй бышып жетилген. Аны аткаруу жагына көңүл буруу керек”.
Дагы караңыз Дин аалымдары ысырапка каршы чыктыЭстелик канча турат?
Эми Кыргызстанда эстелик тургузуу, аны кооздоо канча турат дегенге жооп издеп көрөлү. Мындай кызмат көрсөткөн ишканалардын интернетке жарыялаган маалыматы боюнча эстеликтер көлөмүнө жана таштын түрүнө жараша бааланат.
Бишкекте көбүнчө мармар, гранит жана металлдан жасалган эстеликтер сатылат. Мисалы, 60 сантиметрлик гранит эстелик 6-8 миң сомдон башталат. Мында маркумдун аты-жөнү, туулган жана каза болгон жылы жазылат. Ушунун эле 160 сантиметрлиги 38-40 миң сомго чейин барат.
Эстелик орноткондон кийин тегерегин кооздоо үчүн да бир канча вариант сунушталат. Таман таштар чарчы метрине 500 сомдон башталат. Травертиндин (сары таш) бир даанасы 1300-1400 сом деп көрсөтүлгөн. Бир көрүстөнгө орточо көлөмдөгү эстелик коюп, анын четине тосмо орноткондун баасы 30 миң сомдун тегерегинде болду. Мында тандалган материалына, эстеликке сүрөт түшүрүү жана башка кошумча тандоолорго жараша баа өзгөрө берет.
"Эстеликтин таштары сырттан даяр келет. Бизге келген кардардын айтканына жараша ташка жазууну чегип, сүрөтүн түшүрүп, жасап беребиз. Бизде көбүнчө гранитти тандашат, мармар жумшагыраак болгону үчүн көп өтпөйт. Таштарды көбүнчө Кытайдан, Орусиядан жана Казакстандан алдырышат. Бааларын биз билбейбиз. Аны жетекчи эле билет", - деди эстелик жасаган ишканалардын биринин кызматкери.
Мындан башка ишканалардан сураганыбызда дээрлик ушундай эле бааларды айтышты. Каалооңо, капчыгыңа жараша сунуштала турган баалуу таштар да бар.
Ысырапкорчулукту мыйзам менен тыюу аракеттери
Жогорку Кеңеш 2023-жылдын соңунда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Документте маркумду узатуунун жол-жобосу, көрүстөндөрдү тосуу, жер бөлүп берүү сыяктуу иштер камтылган.
Кыргызстанда той-аштардагы чыгымдарды азайтуу боюнча кыйла жылдан бери талкуулар токтобой келүүдө.
Жогорку Кеңеште 2021-жылы “Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалган. Бирок ал долбоорго өкмөт терс корутунду берген.
2018-жылы Бишкекте демилгечи топ "Кыргызстандагы той-топур менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Бирок жетиштүү кол топтой алган эмес.
Андан мурда 2016-жылы Аида Салянова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары “Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” деген аталышта мыйзам долбоорун сунуштаган.
2012-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Каныбек Осмоналиев тойго чектөө салган мыйзам долбоорун парламентке алып чыккан. Документ биринчи окуудан өтүп, экинчи окуудан колдоо тапкан эмес.
Дагы караңыз Тажикстанда бүбү-бакшылар камалатДин таануучу Элмурат Кочкор уулу ысырапкорчулукту азайтуу үчүн коомдо агартуу иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи:
“Негизинен агартуу, түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. Муну эл аралап жүрүп байкап жатабыз. Жума күнү мечитте имам жарым мүнөт ысырапкорчулук жөнүндө майын чыгарып айтып берди. Бир аксакал жакшы укпай калып, жанындагы кишиден “эмне деди?” деп сурады. “Мал сойбо” деп жатат, бирок биз соё беребиз” деп койду, аксакал деле анын айтканына макул болду. Ошол үчүн ысырапты түшүндүрүү иштери менен гана азайта алабыз. Мындай чаралар алдын алуу мүнөзүндө болуп, арсар абалда турган адамдарга таасир бериши мүмкүн. Бирок коомдо байкаларлык өзгөрүү болбойт деп ойлойм”.
Коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда ысырапкорчулукту чектөө боюнча атайын мыйзамдар иштейт. 2017-жылы Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети, муфтият жана Ислам таануу борбору биргеликте маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Анда мындан ары тажияда "үн чыгарып ыйлаганга, кара кийип аза күтүүгө болбойт" деген жоболор да бар.