Маркетплейс: базардан интернетке көчкөн соодагерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногунун көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзгөн. Ири базардан интернетке көчүп жаткандардын арасында “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын ишкерлери бар. Электрондук коммерциянын сырын өздөштүргөндөрдүн арасында кыз-келиндер арбын.

“Эже-сиңдилердин” бул чыгарылышында маркетплейстердин сырын ачып берүү үчүн интернет соодада ийгилик жаратып жаткандарды конокко чакырдык.