Топту бийлеткен, дүйнөнү дүңгүрөткөн Марадона

Диего Армандо Марадона Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айресте туулган. Футбол аны жакырчылыктын сазынан сууруп чыккан.

Дүйнө кубогун көтөрүп турган Диего Марадона. 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курама командасы Батыш Германия курама командасын 3:2 эсеби менен утуп, дүйнө чемпиону болгон.

1986-жылдагы чемпионаттын чейрек финалында Аргентина менен Англия беттешип, оюндун 53-мүнөтүндө Марадона англиялык дарбазачы Питер Шилтон менен барабар секирип, топту муштуму менен дарбазаны карай түрткөн. Кийин ал "гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана кудайдын колу менен" киргенин айткан.

Дал ушул беттеште Марадона "кылымдын голун" тарыхта калтырган. Талаанын ортосунан топту алган футболчу беш атаандашын алдап өтүп, топту дарбазаны карай тепкен.

Аргентинанын улуттук командасынын курамы менен Марадона 91-жолу беттешке чыгып, атаандаштарына 34 гол киргизген.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Бразилиянын футбол легендасы Пеле жана аргентиналык Диего Марадона 2018-жылы футбол боюнча чемпионатынын финалдык беттешинин алдында сүрөткө түшүп жаткан учур. Москва. 2018-жыл. 

Диего Марадона жана папа Франциск. Ватикан. 2016-жыл. 

Диего Марадона Динамо-Брест стадионунда. Беларус. 2018-жыл.  

Марадона жана легендарлуу Пеле. 

Марадона Кубанын лидери, маркум Фидель Кастро менен учурашып жаткан учур. 

Марадонанын мексикалык "Дародас" футбол клубуна машыктыруучу болуп келген алгачкы күнү. 2018-жыл.

Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавес менен. 2005-жыл. 

Марадона чуулгандуу жүрүшү, чукул мүнөзү менен көп учурда басылмалардын баш каарманына айланып келген. 

2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина жана Мексика курама командаларынын беттеш учурунда футболчуларга кол жаңсап жаткан машыктыруучу Марадона. Ал 2008-жылдан 2010-жылга чейин Аргентина курама командасын машыктырган.

1994-жылы футбол жылдызы баңгизатка байланыштуу футболдон четтетилген. Бирок анын чуулгандуу жүрүм-туруму өзгөргөн эмес. Ал жада калса журналисттерди пневматикалык курал менен атканы үчүн эки жылга шарттуу түрдө кесилген.

Марадона жана Клаудио Каниджа голду майрамдап жаткан учуру. 1990-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина курамасы Бразилия менен беттешип, Каниджа гол менен өзгөчөлөнгөн.

Футбол жылдызы күйөрмандары менен. 2018-жыл.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жана Диего Марадона Грозный шаарындагы Ахмад-Хаджи Кадыров атындагы жаңы стадионунун ачылышына арналган жолдоштук беттештен кийин. 2011-жыл.

Марадонанын маалымат жыйын учурунда топту башы менен элеп жаткан учуру.

Диего Марадона бир нече өлкөнүн футбол федерацияларынын жетекчилери менен Эл аралык футбол федерациясы уюштурган конгресстеги жолдоштук беттеште. Сүрөт Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султановго таандык. Манама шаары, Бахрейн. 2017-жыл. 
 

Оюндун жүрүшүнө нааразы болуп жаткан Марадона. 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын D тайпасынын кезектеги оюнунда Аргентина Нигерия курама командасы менен беттешип жаткан учур. Санкт-Петербург. 2018-жыл.

Буэнос-Айрес шаарынын тургундары Марадонанын дубалга тартылган сүрөтүнүн астына гүлдөрдү коюп, аза күтүшүүдө.

Таланттуу, чуулгандуу, гениалдуу жана ачуусу чукул Диего Марадона. Миллиондогон футбол күйөрмандарынын кумири 25-ноябрда дүйнөдөн кайтты. 

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.