XVII кылымдагы манжур ханы Нурхачинин сүрөтүн Манаска жабыштырууга болбойт

Токтогазиев Т. “Манастан” алган беш китеп. .Бишкек, 2023. – 163-б.

Манас таануу менен алтай таануунун айрым көйгөйлөрү жөнүндө блог

“Манас” эпосунун башкы кейипкерлеринин бейнелерин дүйнөдөгү башка элдердин тарыхый жана маданий мурастарын бурмалоонун эсебинен “жакшыртууга” кыргыз таануу, кыргыз тарыхы жана манас таануу тармактары эч кандай муктаж эмес. Журналист Т.Токтогазиевдин XVII кылымдагы манжур ханы Нурхачинин чийме сүрөтүн “Манастын сүрөтү” катары бурмалап тартып, үстөккө-босток сунуштоо далалаты өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

Эгерде таланттуу журналист агабыз Темирбек Токтогазиев жана анын колдоочулары бул урматтуу кишинин “Манаска” чегерип сунуштаган жалган маалыматтарын таңуулоолорун биротоло токтотуп коюшса, балким, бул жаңы блог жазылбашы деле ыктымал болчу.

Аттиң!.. Темирбек Токтогазиев агайыбыз “Манаска таандык” деп жоромолдоп, шөкөттөп тарткан (же тарттырган) тарыхты бурмалоочу сүрөттөр улам жаңы китептерге (анын ичинде башка авторлордун эмгектерине да) көчүп келүүдө.

Маселен, жакында эле Бишкектеги басмадан чыккан бир китепке назар салсак болот (бул китептин башка да өңүттөрү жөнүндө болочокто өзүнчө сөз болмокчу).

Караңыз: Токтогазиев, Темирбек Шүкүрбекович. “Манастан” алган беш китеп: (Аксиологиялык талдоо) / Башкы ред. С.Касмамбетов. – Бишкек: “Учкун”, 2023. – 592 бет, сүрөт. – ISBN 978-9967-17-140-4.

Бул чакан блогдо мурдатан өзүн “жайсаңчыларданмын” деп санаган Темирбек агайыбыздын боёк сүрөт тили менен жүзөгө ашырган айрым тарыхты бурмалоо далалаттарына кайрадан кылчаюуга туура келди.

Оболу манжур эли тууралуу сөз кылып, Ыраакы Чыгыштын айрым тарых барактарына кайрылалы жана манжур доорундагы чийме сүрөттөрдөн өрнөктөрдү көрсөтөлү. Бул чийме сүрөттөр эчак эле илим чөйрөсүнө киргизилгендигин кошумча айта кетелик. (Демек, ал сүрөттөрдү заманбап Кытайдагы кайсы бир музейде жашыруун сакталып келүүдө, деп айтууга эч негиз жок).

Андан соң журналист Темирбек Токтогазиев тарабынан ойдон чыгарылган айрым шектүү жоромол сүрөттөрдү да назарыңыздарга суналык.

Солдон оңго: Өскөн Осмонов, Майрамбүбү Сармалдакова жана Темирбек Токтогазиев Тоолуу Алтайдагы сапары маалында. 2010-ж.

Манжурлар. Чүрчүт. Шибээ. Солон.

Жалпысынан, кийинчерээк "манжур" аталып калган байыркы чүрчүттөрдүн (чжурчжэндердин) тарыхый атажурту – азыркы Түндүк Кытайдагы Хэйлуңжаң вилайети менен Орусия Федерациясындагы Амур боюнун аймагы. (Бул этноним орусча "маньчжур" деп аталат, ал эми алар эзелтеден байырлаган тарыхый чөлкөм орус тилинде "Маньчжурия" делет; арийне, чыгыш тилдерин билген Сейтек Качкынбай сыяктуу окурмандардын сунушун төп көрүп, бул этноним менен топонимди мындан ары кыргызча "манжур" жана "Манжурия" деген түрлөрдө колдонмокчубуз. "Манас" эпосунда, төмөндө да айтылгандай, "манжуу" түрү колдонулуп келет).

Орусияга 1858–1860-жылдардан тартып кирип калган бул аймакты эл аралык адабиятта “Сырткары Манжурия” (“Outer Manchuria”) же “Орус Манжуриясы” деп да коюшат. КЭР менен Орусиянын чек араларынын эки тарабында тең тунгус-манжур тилдеринде сүйлөгөн тектеш калктар эзелтеден бери байырлашат.

Жапон кинорежиссёру Акира Куросаванын 1975-жылы чыккан “Дерсу Узала” тасмасын жамы журт билет. Бул тасмада кыргыз кино жылдызы Сүймөнкул Чокморов да тартылган эмеспи.

Дал ушул тасманын баш каарманы Дерсу Узала – теги боюнча тунгус-манжурлардын курамындагы нанайларга же, балким, аларга тектеш угэдэйлерге таандык болгон бир чакан уруунун акыркы өкүлү – “акыркы могиканы” болгон. Балким, анын уруусуна жакыныраак кайсы бир туугандары Хэйлуңжаңда сакталып кала бергендир?

(Азыркы тапта тарыхый Манжурияда – КЭРдин Хэйлуңжаң вилейетинде шаман диний ишениминдеги кыргыздардын бир бөлүгү – фу-йү кыргыздары коңшу манжур, ханзу жана моңгол этносторуна жамаатташып байырлашат).

Дагы караңыз Фу-Йү кыргыздары – Шибер кыргыздарынын урпактары

Байыркы чүрчүт (чжурчжэн) эли кыргыздардын “Манас” эпосунда жана башка фолклордук мурастарында “чүрчүт” деп катталган. Бул этноним монгол тилинде зүрчид, зөрчид, зурчид түрлөрүндө кезигет. (Бул чүрчүт, б.а. “чжурчжэн” этностук аталышы Кытайдагы жаңы доордогу адабиятта “манжур” түрүндө расмий колдонулуп калган).

Манжурларды кыргыздар фолклордук мурастарында “манжур”, “манжуу”, манжы” деп аташкан.

Манжурлардын бутагы болгон сибо (шиве; англисче Sibe же Xibo) элин кыргыздар “шибээ” деп аташкан (азыркы уйгурлар да “шибе” дешет). Макалабызда “шибээ” этнонимин колдонобуз.

Шибээлердин айрым топтору XVIII кылымдын 50-жылдарынын этегинде манчжурлардын тандалма аскерлеринин курамында Чыгыш Теңир-Тоо, кытайлык Алтай аймактарына көчүп келишкен жана мында туруктуу байырлап калышкан.

Учурда КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (ШУАР) Иле-Казак автоном аймагынын алкагында Чапчал Шибээ автоном ооданы бар. Мында 60 миңден ашуун шибээ жашайт.

Жалпысынан, Кытайда шибээлердин саны 190 миңден ашат (Салыштырсак, 2017-жылга карата кытайлык кыргыздардын ШУАРдагы бөлүгүнүн саны 202 миңден ашты).

Шибээ элинин ШУАРдагы өкүлдөрү гана өз эне тилин сактап калууга жетишкен. Түндүк Кытайдагы шибээлердин көпчүлүгү өз эне тилин унутушкан. Чапчал Шибээ ооданында алардын эне тилинде “Чапчал серкин” (“Чапчал жаңылыктары”) деген гезит да чыгып турат.

Дагы караңыз “Розетта ташы”. “Манас” эпосу. Фу-йү кыргыздары

Тунгус-манжур элдеринин ичинен эвенк (тунгус) бутагына кирген солон элинин дагы айрым топтору XVIII кылымдын 50-жылдарынын этегинде манжурлардын тандалма аскерлеринин курамында Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарбагатайга журт которуп келишкен.

Бул солон элинин КЭРдин ШУАР аймагында жашап калган өкүлдөрү XXI кылымдын башына карата акырындап шибээ, ханзу сыяктуу башка калктарга жуурулушуп кетишкен. 1990-жылы ШУАРда солон тилин билген бир гана 79 жаштагы карыя катталган экен...

Кыргыз эпосторунда чүрчүт, манжур, солон, шибээ элдери башка кытай, моңгол, калмак (ойрот) элдери сыяктуу эле чыгыштан келген жоолордун катарында чагылдырышкан.

Маселен, “Манас” эпосунун Сагынбай Орозбак уулунун (1868–1930) айтымындагы вариантта:

“Солондон бар Алооке,

Доңуз мүнөз эр Жолой”, – деген саптар бар.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август 1995.

“Манас” эпосунун Жусуп Мамайдын (1918–2014) айтымындагы вариантында да башка чыгыш элдеринин аталыштарынын арасында тунгус-манчжур этнонимдери көп кездешет.

“...Кыргыз атка мингенде,

Бөлүп алды четинен.

Бараң менен шаңкайды,

Чүрчүт менен жуданы,

Жедигерди дагы алды,

Ат жетер жерге кыргыздар,

Бүлүк салбай калбады.

Муңгул менен кытайга,

Шибээ, солон, манжуга,

Өчүгүшүп ошого,

Бээжинге чейин барганы...”

(Жусуп Мамай. Манас. “Кененим” бөлүгү).

Түрк, монгол, манжур (мурдагы чүрчүт), эвенк, корей жана жапон тилдери жалпы алтай тилдер тобуна кирет эмеспи. Арийне, азырынча кыргыз жана манжур тилдериндеги окшоштуктар тууралуу терең иликтөөлөр жокко эсе.

Дагы караңыз Ыраакы Чыгыш элдери да эгемендик үчүн күрөшкөн

Айрым гана болжолдуу окшоштуктарды мисал кылып айта кетсек болот.

Манжурлар дагы алтай тил тобуна киргендигинин бир изи айрым мааниси жалпы сөздөрдөн да көрүнөт: “айсин” / “алтын”; “гөро” / “уруу.

Манжурлар “айман” сөзүн “уруу” катары колдонушат, кыргыздарда “аймак” сөзү чөлкөмдөгү тийешелүү аймакты түшүндүрөт (монголчо “аймаг” сөзү да буга маанилеш).

Түркчө (анын ичинде кыргызча) “бугу” сөзү да тунгус-манжур тилдеринде “бугу” деп айтылат.

Түс билдирчү кыргызча “алоо” (ачык кызыл) сөзү тунгус-манжур тилдеринде “ула” / “hула” деп аталат.

Манжурлар “ата” сөзүн “ама” дешет (демек, айтылышы жагынан кыргызча “аба” сөзүнө жакындап кетет), “эне” сөзүн “эмэ” дешет (кыргызча “эмүү”, “эмизүү” этиштери да “эмэ” сөзүнүн эң байыркы, пра-алтайлык уңгусун элестетет).

Түрк, монгол, корей жана жапон тилдери сыяктуу эле манжур тилдери да агглүтинатив тилдерге жатат (жаңы сөз жаратууда уңгу сөзгө уланды жана куранды мүчөлөр артынан гана жалгашат).

Бул – алтай таануу жаатындагы айрым гана мисалдар.

Бул сыяктуу фолклордук, тилдик жана этнографиялык маалыматтар Ички жана Борбордук Азиядагы кыргыздар тунгус-манжур тилдеринде сүйлөгөн элдердин айрым өкүлдөрү менен этностук-маданий алакада болгондугун кыйыр көрсөтөт.

Дагы караңыз Имел Бакиев: Саха аймагынан Эдил, Анатолияга чейин кыдырган чаалыкпас кыргыз этнограф

Манжур өкүмдары Нурхачинин доору

Айтылуу манжур өкүмдары, Чиң сулалесинин негиздөөчүсү Нурхачи (ханзуча 努爾哈赤; Nǔ'ěrhāqí; орусча Нурхаци;]; өмүр жылдары 1559—1626) оболу Кытайдын Миң сулалесине көз каранды жергиликтүү төбөл болгон.

Анын ысымы (“Нурхачи”) манжур тилинде “Каман баатыр”, “(Жапайы) каман тондуу” маанилерин берген.

Нурхачи алтай тил тобуна кирген тунгус-манжур тилдеринин биринде сүйлөгөн орто кылымдардагы чүрчүт элинин тун деген уруусунун өкүлү болгон. Тун уруусу Суксухэ-бира (ханзуча Суцзыхэ) дарыясынын өрөөнүндө байырлап келген.

Суцзыхэ” топоними (аны орусиялык саякатчы Н.М.Пржевальский “Судухэ” деп каттаган) ханзу тилинде “Жапайы таруу дарыясы” дегенди туюнтат.

Манжурлардын сулалеси Кытайды каратып алганга чейин бул аймак Кытайдан дээрлик эгемен болгон. Ал эми Московиянын орустары ал кезде Ыраакы Чыгыштын бул бучкагына чендей элек болчу.

XVII кылымдын ортосунда орус саякатчысы Ерофей Павлович Хабаров (1603—1671) Амур дарыясынын боюна алгач келгенде, бул жактагы жергиликтүү калайык Кытайдын цин-манжур сулалесине алман төлөп жаткандыгына күбө болгон.

Дагы караңыз Ыраакы Чыгыш элдери да эгемендик үчүн күрөшкөн

Сихотэ-Алин тоо кыркасынан башат алып, Жапон деңизине куйган Суксухэ-бира (Суцзыхэ) дарыясынын узундугу – 105 чакырымдай.

Суксухэ-бира (Суцзыхэ) дарыясынын өрөөнү кийин падышалык Орусияга жана Советтер Биримдигине карап калган жана азыркы тапта Орусия Федерациясына карайт. Орустар бул дарыяны 1972-жылдан тартып “Киевлянка” деп атап алышкан.

(Балким, бул – аймактагы украин диаспорасынын таасиридир? Ыраакы Чыгыштагы 1969-жылкы совет-кытай аскердик жаңжалы да топонимди орусчалатууга түрткү болгон сыяктуудай.

1969-жылы март айында Советтер Биримдиги менен КЭР Уссури дарыясындагы Даманск (кытайча “Чжэнбао” – “кымбат баалуу”) аралы үчүн кыска мөөнөттүк куралдуу кагылышууга барышкан. Ал эми 2004-жылы, президент В.Путиндин тушунда, бул арал КЭРдин карамагына расмий өткөрүлүп берилген).

Дагы караңыз Мухаммед Ху Чжэнхуа 85 жашта

Эми, манжурлардын атажуртунун түндүк бөлүгү азыркы Орусияга карап калгандыгын тактаган соң, кайрадан Нурхачинин өмүр баянына келели.

Таланттуу колбашчы жана саясатчы болгон Нурхачи 1584-жылы чүрчүттүк Турун деген шаарды бийлеген Миң сулалесинин өкүлүн өлтүрүп, андан соң жалпы чүрчүттүк (манжурдук) урууларды өз биримдигине кошо баштаган.

Ал башка тектеш уруулардын аксакалдарын жана ак сөөктөрүн белек-бечкек тартуулоо, ич ара кудалашуу, аш-тойлор өткөрүү ыкмалары аркылуу жалпы ынтымакка чакырган. (Бул ыкмалар Евразиядагы көчмөндөрдүн жана отурукташкан калктардын цивилизация очокторунун башка өкүлдөрүнө да кеңири таралган).

Бул жигердүү колбашчыны өзүнө тартуу үчүн Кытайдын Миң сулалесинин императору ага “жолборс менен ажыдаардын колбашчысы” деген бийик даража ыйгарып, чоң маянага отургузган.

Ал эми Нурхачинин саясий “арааны” анын зоболосу көтөрүлгөн сайын ого бетер ачыла берген: ал 1589-жылы өзүн “ван” (“падыша”) атап алган; 1596-жылы ал өзүн “Цзянчжоу өлкөсүнүн ваны” деп атап алган. Чыгыш монгол урууларынын Нурхачиге үзөңгүлөш болгон төбөлдөрү ага 1606-жылы “Кундулэн-хан” даражасын ыйгарышкан.

1609-жылдан тартып Нурхачи Кытайдын Миң сулалесине алман төлөөдөн баш тарткан.

Бул саясий окуялар анын өз аскерлерин ырааттуу чыңдоосунун жүрүмү менен коштолгон.

1615-жылга карата анын аскер тобу “сегиз туулуу” ири колго айланган. Ага тектеш тилдерде сүйлөгөн солон жана шибээ элдеринин жана ага ылым санаган чыгыш моңголдордун анча-мынча төбөлдөрү да өз аскери менен тартылган. Негизинен, Нурхачи манжур тилдүүлөргө көбүрөөк таянган.

Түндүк Кытайдагы бир катар ийгиликтүү жортуулдардан кийин, 1616-жылы, Нурхачи өзүн эгемен “хан” жарыялаган.

Нурхачи (14.5.1559 – 30.9.1626) – манчжур ханы. Ал 1616–1626-жылдары Түндүк Кытайда бийлеген Кечки Цзин сулалесин негиздеген.

Нурхачи өз уруусунун төбөлдөрүн 1115—1234-жылдары Түндүк Кытайда жана Ички Монголияда бийлеп турган чүрчүттүк Цзин мамлекетинин мураскорлору деп санагандыктан, өзүнө тегат кылып “Алтын уруу” (манжур тилинде “Айсин Гөро”; Aisin Gioro) деген кошумча аталышты алган.

Бул санжырага ылайык, Нурхачинин урпактары да өздөрүн “Алтын уруунун өкүлдөрү” санашкан.

Кытайча “цзин” иероглифи да “алтын” деп которулат жана манжур тилиндеги “айсин” сөзүнө маанилеш.

Дагы караңыз Адыл Жуматурду: Бээжиндеги бараандуу «Манас» таануучу

XVII кылымдын экинчи он жылдыгында, 1616-жылдан тартып, манжур төбөлү Нурхачи Кытайда “Да Цзин” — “Улуу Алтын” сулалеси бийликке келди, деп шардана кылган. Ошентип, тээ 1234-жылы Чыңгыз хандын урпактары тарабынан биротоло ойрон кылынган мурдагы чүрчүттүк “Цзин” мамлекети эми Манжурияда кайра жаралды деп жарыяланган.

Албетте, бул “Да Цзин” сөзүн мамлекеттик идеологияда колдонуу аркылуу Нурхачи 500 жылдай мурда чүрчүттөр түзгөн тарыхтагы кубаттуу Цзин дөөлөтүн (1115–1234) гана эске салбастан (XII к. дал ушул мамлекет өздөрүнө чейинки кытаңдардын Ляо мамлекетин ойрон кылган соң, кытаңдардын тарыхта “кара кытайлар” аталышы менен эскерилген бөлүгүнүн Ички Азия аркылуу батышка – Борбордук Азия тарапка аргасыз көчү жана баскынчыл жортуулдары башталган эмеспи), өзүнүн да геосаясий дымагы бийик экендигин кыйыр аңдаткан.

Түндүк Кытайдын түндүгүрөөгүндөгү аймакта Нурхачи түзгөн бул жаңы сулалени Кытайдын тарыхында “Кечки Цзин” деп да атап келишет.

1621-жылы манжурлардын ханы Нурхачи ханзулардын (кытайлардын) Миң сулалесине таандык Ляояң шаарына (азыркы тапта Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляониң вилайетинде жайгашкан шаарга) ири аскери менен келип кол салып, кырчылдашкан салгылашуулардын натыйжасында аны каратып алган.

Ал эми 1621—1625-жылдары бул Ляояң шаары Доңжиң (Доңчжиң; Dongjing) аталышын алып, Нурхачинин ордо шаары (байтактысы) болуп турган.

Нурхачи Түндүк-Чыгыш Кытайдагы Ниңйуан салгылашуусу маалында. 1626-жылдын февралы. Чийме сүрөт.

1621—1626-жылдары манжур ханы Нурхачи Ыраакы Чыгыштагы Ляодун жарым аралында бир катар ийгиликтүү аяктаган баскынчыл жортуулдарды уюштурган.

Жеңишке шерденген Нурхачи 1626-жылы февралда Ляониң жергесиндеги Ниңйуан (Ningyuan; орусча Нинъюань; азыркы ханзуча Шинчең; Xīngchéng; орусча Синчэн шаары) деген чепти камалап, бирок чепти ала албай калган.

Нурхачи дал ушул акыркы салгылашууда өзү да жарадар болуп, 7 айдан кийин дүйнөдөн кайткан.

“Улуу Алтын” (“Да Цзин”) сулалеси Нурхачи өлгөндөн он жылдан кийин жаңы аталышка көчкөн: башкаруучу сулале 1636-жылдан тартып “Чин сулалеси” (манжур тилинде “Дайчин гурун”; орусча “Цинская династия”; англисче Qing dynasty) деп аталып калган.

Кийинчерээк жалпы Кытайды көзөмөлдөп калган бул ири мамлекетти “Улуу Чин дөөлөтү” (ханзуча “Да Чин го”; манжурча “Дайчин гурун”; моңголчо “Дайчин Улс”) деп да аташат.

Бээжин шаары 1644–1912-жылдары бул ири кытайлык дөөлөттүн борбор шаары болгон.

1723–1795-жылдарга таандык манжур жазма эстеликтеринен бир өрнөктү АКШнын Гарвард университетине таандык Гарвард-Йенчиң китепканасы интернетте ачык жарыялаган. 2013.

Манжур айдыңдары кыргыздар тууралуу да чагылдырышкан

Нурхачинин доорунда манжурлар эски моңгол алфавиттик жазмасына негизденип, өздөрүнүн улуттук жазмасын түзүшкөн. Маалыматка караганда, Нурхачинин 1599-жылдагы буйругуна ылайык анын моңгол тектүү эки котормочусу – Эрдэни Бакшы (моңголчо “Бермет мугалим”) менен Дахай Жаргучы манжур жазмасын түзүүгө мажбур болушкан экен.

Демек, Нурхачи жалаң гана согуштар менен чектелген эмес.

Ал эми манжур жазмасында жана манжур тилинде XVII–XX кылымдарда жазылып, азыркыга чейин сакталып калган жазма булактардын арасында кыргыз тарыхына да таандык мол маалыматтар бар. Алардын дээрлик бардыгынын мазмуну биз үчүн белгисиз болуп келгени да чын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун жакында “Фейсбукта” шардана кылганына караганда, Бээжинде сакталган бул манжур тилиндеги жана жазмасындагы тарыхый булактардын бир катар тексттери Кыргызстандын расмий бийликтеринин каржылоосунун аркасында өлкөбүздүн илимий чөйрөсү үчүн сатылып алынды.

Кезекте кыргыз жаштарынын арасынан өз ыктыяры менен манжур тилин жана жазмасын үйрөнүүгө белсенчү улан-кыздарды көбүрөөк табуу көйгөйү турат.

Албетте, К.С.Молдокасымовдун белгилешинче, Канат Абдужапар уулу сыяктуу манжур тилиндеги материалдарды изилдөөгө дилгир алгачкы адистер да тапталууда.

Дагы караңыз Манжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алынды

Нурхачи хандын сүрөттөрүн “Манаска таандык” кылган учурдардан

Эми, алтай таануу жаатындагы кеңири киришүүдөн соң, блогдун баш сөзүндө алдын ала айтылган сын пикир бөлүмүнө өтөлүк.

Бээжиндик илимпоз, теги кызыл-суулук кыргыз Жаркын Турсун айым кытай таануучу (синолог), көөнө кытай иероглифтерин чечмелеп окуу жаатындагы атайын адис катары таанымал.

Тарыхчы жана булак таануучу, теги кытайлык кыргыз Жаркын Турсун. Бээжин шаары. 21.10.2015.

Ж.Турсун айым бизге өз каттарында баса белгилеп жазгандай, Кытайдагы манжур төбөлдөрүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн жана башка баалуу чийме жана боёк сүрөттөр 1986-жылы Бээжинде жарык көргөн “Чиң (Цин) сулалесинин тарыхынын жазмалары” деп аталган эмгектин 1-томундагы Манжурияга байланыштуу жылнаамалык маалыматтарда камтылган (бул булакты кыскача “ЧСТЖ” деп шарттуу кыскартып атап койдук).

Булак: 《清实录满洲实录》- Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986. (ЧСТЖ).

Бул тарыхый маалыматты – манжур чийме сүрөттөрүн эч бир азыркы изилдөөчү ойлоп тапкан жок. Ал сүрөттөрдүн түп нускасынын фото көчүрмөлөрүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы чыгыш таануучулар Бээжинге барбастан эле өз алдынча таразалап иликтей алышат.

Дагы караңыз Кыргыз элчилеринин Ж.Кастилионе тарткан сүрөтү

Хан жарыялоо учурунун сүрөтү

ЧСТЖнын 1-томунун 342-бетинде 1616-жылы Нурхачи манжурлардын ал кезде чакан болгон өлкөсүнүн ханы деп жарыяланган учур сыпатталган кызыктуу чийме сүрөт бар.

Нурхачи манжурлардын ханы жарыяланган учур. 1616-ж. (Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986, p. 182).

Кыргыз элинин даңазалуу “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдык мааракеси 1995-жылы Кыргызстанда жана дүйнө коомчулугунда кеңири белгиленген.

Демек, Нурхачинин 1616-жылдагы окуясы сыпатталган чийме сүрөттү Манастын өзү түгүл, анын болжолдуу замандаш душманынын кебете-кешпири катары да көрсөтүүгө мүмкүн эмес.

Бирок журналист Т.Токтогазиев манжурдук чийме сүрөттү кыргыз ханынын “Чет Бээжиндеги сүрөтү” катары мындайча бурмалап сунуштаган:

Манастын “Чет Бээжиндеги учуру” тууралуу жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев. (Бул сүрөт манжур ханы Нурхачи тууралуу манжурдук сүрөттөн бурмаланган.

Окурмандар “башкача” түшүнүп албасын үчүн “реставратор” Т.Токтогазиев өзү сунуштаган сүрөттүн оң жагындагы ылдыйкы бурчунда [бул сүрөт (Кытайдын)] “Леояң (Чет Бээжин) шаарындагы музейден табылды. Көөнө сүрөттү боёгон Темирбек Токтогазиев, 2014-жыл”, – деп бадырайта жазып койгон.

(Мындагы сүрөттү баяндаган тексттеги топонимдерди өзгөрткөн жокпуз. Ляодун жарым аралы аймагындагы XVII кылымдын башындагы чепти жана шаарды “Чет Бээжин” деп көрсөтүүнүн өзү тарых үчүн анахронизм экенин кошумчалай кетелик).

Дагы караңыз Манчжурду кыргыз кылып бурмалаган сүрөт

Чептерди камалоо учурунун сүрөттөрү

Жогоруда учкай эскертилгендей, манжур ханы Нурхачи 1621-жылдан тартып Ыраакы Чыгыштагы Ляодун жарым аралы тараптагы аймактарга үстөккө-босток чабуул коюп турган.

Эми Нурхачинин Миң сулалесине таандык шаарларды камалоосуна байланыштуу бир тарыхый чийме сүрөткө кайрылалы.

Нурхачи Ляояң шаарын камалоо маалында. 1621-жылдагы окуялар. Чийме сүрөт 1635-жылга таандык.

Бул чийме сүрөттө манжур ханы Нурхачи жана анын кошуундары 1621-жылы Ляояң шаарын камалоого алып жаткан учур чагылдырылган. Манжур кошуундары менен шаар коргоочуларынын ортосундагы өзөндүн (же арык суунун) үстүндө көпүрө турат.

(Чийме сүрөттүн өзү 1635-жылы, б.а. окуя өткөндөн 14 жылдан соң тартылган экен).

Албетте, бул тарыхый сүрөт дагы Т.Токтогазиевдин бурмалоолорунан аман чыга алган эмес.

Т.Токтогазиевдин 2023-жылдагы ““Манастан” алган беш китеп” деп аталган жаңы китебинин 162-бетинде боёк сүрөт түрүндөгү “беш өрдөктүн бири” мындайча жайгаштырылган.

“Манастын Чет Бээжинди курчоого алышы”. Т.Токтогазиевдин 2023-жылдагы ““Манастан” алган беш китеп” деп аталган жаңы китебинин 162-бетиндеги сүрөт.

Т.Токтогазиев агайыбыз сүрөттүн этегине: “Чет Бээжинди курчоого алуу. Ляониң шаарындагы музейдеги түп нусканын фотосүрөткө алынып келгенден кийин 1/1 чоңойтуп, май боёк менен боёгон Темирбек Токтогазиев”, – деп өзүнүн автордук салымын таасын жазат.

Мында өзөн (же арык) суусу көгөртүлүп, таш жана жыгач көпүрө алда канча дааналанып түстүү боёктор менен тартылган. Желек кызыл түскө боёлгон.

Эми жогорудагы манжур дооруна (XVII кылымдын башына) таандык окуялар чагылдырылган чыныгы түп нусканы көрүп алган соң, кантип бул сүрөттү “Манас” эпосуна таандык Чет-Бээжиндин сүрөтү деп кабыл ала алабыз?

Ошол кезеңде, 1621–24-жылдары, Нурхачи хан кытайлык Миң сулалесинин бийлигин таануусун улантып жаткан айрым аймактарды багынтып жаткандыгы башка да чийме сүрөттөрдө чагылдырылган.

Мисалы, төмөндөгү сүрөттүн сол жак бурчундагы ханзуча (кытай иероглифинде) жана манжур жазмасында (б.а. манжурлардын тигинен жазылган улуттук алфавиттик жазмасында) жазылган тексттерден кыргыз ханы Манас тууралуу эч кандай маалымат таба албайсыз.

Мындагы тексттен тек гана 1621—1624-жылдары Кытайдын Миң сулалесинин бир чебинин калайыгы Нурхачи жетектеген баскынчы манжурларга багынып берип жаткандыгы тууралуу маалымат бар.

Чийме сүрөттө оң тарапта чатырчасы кытайлык усулда жогору карай кайкалата ийилип кыюуланган чатыры бар көп кабаттуу үй жана бекем сепил көрсөтүлгөн. (ЧСТЖ, 342-бет).

Нурхачинин аскерлери Миң сулалесинин чыгыштагы чебин багындырды. 1621-24-жж. (Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986, p. 342.).

Ал эми Т.Токтогазиев агайыбыз болсо жогорудагы сүрөткө да “чыгармачыл эркин” мамиле жасаган.

Анын көркөм элестетүүсү андан аркы мөмөнү тартуулап, Бээжинге карай басып кирген кыргыз ханы Манас тууралуу дагы бир “ачылышты” сунуштайт.

Ак боз атчан жана башкалардан эңгезер бою аркылуу айырмаланган “Манастын” алдында бүжүрөп-чөгөлөгөн кытайларды көрүп: "Ой тобо-о, кытай кыл калем чеберлери өздөрүн жеңген кыргыз ханын даңазалаган сүрөттү калыстык менен тартып коюшкан экен!" – деп, бир чети, “Манаска” багынган кытайлардын сүрөтчүсүнө да “пай–пай!” деп ушунчалык “тан бере кетсеңиз” болчудай.

Т.Токтогазиевдин “Манаска таандык” деген ушул сүрөтү да манчжур ханы Нурхачи тууралуу кытайлык сүрөттөн бурмаланган. (Салыштырыңыз: Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986, p. 342.).

Бул боёк сүрөттүн оң жагындагы төмөнкү бурчунан да кытайлык чептин кайкалатылган чатырлары бар ак сарайын көрүүгө болот.

Ушул эле бурмалоочу сүрөттү Т.Токтогазиев 2023-жылы чыккан соңку китебине да киргизген (142-бетти караңыз).

Т.Токтогазиев сүрөттүн этегине төмөнкүдөй кеңири маалымат берет: “Кара кытайлардын Чет Бээжин – чыгыштагы Ордо калаасын багындыруу. Кытай ак сөөктөрү Манаска жансоогалап келишкен учур. Сүрөттүн түп нускасын Ляониң шарынан көчүрүп келип, май боёк менен боёп чыккан Темирбек Токтогазиев”.

Т.Токтогазиевдин жоромолунда, бул сүрөттө кыргыз ханы Манас “кара кытайлардын Чет Бээжин деген шаарын багындырууда”. 2023-жылкы китеп, 142-бет.

Албетте, Т.Токтогазиев сунуштаган бул боёк сүрөттү Кытайдын эч бир музейинен же китепканасынан таба албайсыз.

Анткени анын чыныгы оригиналы – кийинки эле манжурдук доорго таандык болгон жана 1621–1624-жылдары манжур өкүмдары Нурхачи хан өз кошуундары менен Миң сулалесинин бир чебин камалоого алып жатканын чагылдырган манжурдук эле чийме сүрөт эмеспи.

Дагы караңыз Кытайлык данакер илимпозго колдоо керек

Сый дасторкондо төрдө отурган хан

Дагы бир көп кайталанган олуттуу бурмалоо жөнүндө сөз кылаардан оболу манжур ханы Нурхачинин ишмердигине жана анын ак сарайынын турмушуна байланыштуу сүрөт жөнүндө азыноолак кеп кылалык.

Нурхачи хан өзүнүн ак сарайында манжурлардын министрлерин, төбөлдөрүн, ири кол башчы болгон ак сөөктөрүн сый тамакка чакырган учур кызыктуу чийме сүрөттө чагылдырылган.

Бул сүрөт болжол менен 1621—1624-жылдардагы окуяларды чагылдырат. (Булак: ЧСТЖ, 333-бет).

Нурхачи өз ак сарайында манжурлардын төбөлдөрүнө сый тамак берүүдө. 1621 – 1624-жж. (Булак: Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986, p. 333.).

Сүрөттүн сол жак четиндеги устунда өйдөдөн төмөн карай манжур алфавитинде жана кытай иероглифинде тексттер жайгашкан.

Дал ушул чийме сүрөттү Темирбек Токтогазиев ак дилинен "оңдоп", кыргыз ханы Манас Бээжиндеги падышалык сарайда конокторду шаан-шөкөт менен кабыл алып жатканынын сүрөтү тура, деп сунуштайт.

Манастын ак сарайда конокторду кабыл алуусу тууралуу Т.Токтогазиевдин жоромол сүрөтү. (Бул сүрөт дагы манжур ханы Нурхачи уюштурган сый тамак тууралуу манжурдук сүрөттөн бурмаланган).

Темирбек Токтогазиев агайыбыз төрдө отурган хан чынында эле кыргыздын өкүмдары экенин тастыктоо үчүн ак сарайдагы кабыл алуу шаан-шөкөтүнө катышып жаткан айрым кишилерге ак калпак кийгизип тартып койгон.

Айтмакчы, дал ушул сүрөттү Т.Токтогазиевдин 2023-жылы жарык көргөн ““Манастан” алган беш китеп” деп аталган жаңы китебинин 163- жана 565-беттеринен да учуратууга болот.

Т.Токтогазиевдин жоромолунда, бул сүрөттө кыргыз ханы Манас “Бээжинде конокторду расмий кабыл алганы” чагылдырылат. Булак: Токтогазиев Т. “Манастан” алган беш китеп. – Бишкек, 2023. – 163-бет. (Иш жүзүндө бул сүрөт – манжур ханы Нурхачи тууралуу эски сүрөттүн бурмаланышы).

Мында, 163-бетте, сүрөттүн астында төмөнкүдөй маалымат да камтылган:

“Бул сүрөттүн түп нускасы КЭР Ляониң – Чет Бээжин шаарындагы музейде турат. Түп нускада сүрөт графит менен тартылган. Бул сүрөттү 2014-жылы 1/1 көчүрүп, май боёктору менен боёп, түс берген Т.Токтогазиев”.

Азыркы тапта санааркаткан өтө кейиштүү жагдай да байкалууда: фолк-хисторичи жана "жайсаңчы" калемгерлер (алар өздөрүн өздөрү "жайсаңчы" дешет) кайрадан өздөрүнүн эски ырларын өздөрү гана ырдап тим болбостон, башка таасирдүү кишилердин колу менен дагы "чок кармоого" умтулуп жатышат.

Дагы караңыз Тиги дүйнөдөн Жайсаң эч үн катпай жатат...

Мисалы, былтыр жайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу эмгегинин долбоору адистердин ички чөйрөсүндө талкууланып жаткан чакта, бул китепти кооздоо учурунда “жайсаңчылар” бурмаланган сүрөттөрдү тиркөөгө далаалат кылып жатышкандыгы билинип калып, кээ бир тарыхчылар президенттин кеңешчилеринин бири Чолпонбек Абыкеевге чейин чыгышып, бул чуулгандуу сүрөттөрдү китеп долбоорунан алып салууну сунуш кылышкан эле.

Ал эми түстүү сүрөттөрү бар бул китеп 2023-жылдын август айынын башында 41 миң нуска менен жарыкка чыкты.

(Караңыз: Жапаров, Садыр. Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы) – Редактору Ж.Кадыров. – Бишкек: “Принт-Экспресс”, 2023. – 136 бет, сүрөт. – ISBN 978-9967-9461-2-5.)

Китептин 134-бетинде “Колдонулган сүрөттөр” деген бөлүмчөдө “2. Темирбек Токтогазиевдин өздүк архивиндеги Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик архивинен тартылып алынган сүрөттөр” деген маалымат учурайт.

(Эми “чын эле КЭРдин мамлекеттик архиви бир аз аптага турист болуп барган алатоолук журналистке эски архивдик сүрөттөрдү фото камерага тартып алууга уруксат берген го” деп азырынча ишене туралы дейин десек, анда да “май боёк менен боёп, түс берген Т.Токтогазиев” деген сөзү чочулатып жатпайбы. Же жарыктык киши өзүнүн кошумчаларынын жанына алиги манжур чийме сүрөттөрүнүн түп нускаларын жайгаштырып койбоптур десеңиз!)

Дагы караңыз Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылат

Ал эми өлкөбүздүн президенти автору болгон бул китептин 48–49-беттеринде болсо Темирбек Токтогазиевдин жогорудагы манжур ханы Нурхачи ак сарайда кабыл алып жаткан чийме сүрөттү бурмалаган боёк сүрөтү тим эле эки бетке толтурула кеңейтилип берилген.

С.Жапаровдун китебинин 48-бетиндеги текстте болсо “Байыркы доордогу көчмөндөрдүн ханы элчилерди кабыл алган учуру жөнүндө белгисиз сүрөтчүнүн тарткан сүрөтү” деп жымсалданган сүйлөм жазылган.

Дааналап караган кишиге, бул текст жайгаштырылган куш тилиндей кагаз тилими китепке кийинчерээк жана өтө одоно жабыштырылгандыгы айкын көрүнөт. Ал эми кагаз тилиминин астында болсо маңызы Т.Токтогазиевдин жоромолун чагылдырган жана Манаска байланыштырылган текст кылайып чыгып турат.

Албетте, китептин редактору Ж.Кадыров жана басмакананын расмий өкүлдөрү 48-беттеги кошумча жабыштырылган текст аркылуу С.Жапаровдун калемине таандык китептеги өксүк жымсалданып кетет ко деп үмүттөнгөн болушу ажеп эмес.

Бирок бул жалган сүрөт жалпы эле китептин мазмунун аксатып турат (аны китептин жаңы чыгарылышында таптакыр алып салуу абзел), анткени Т.Токтогазиев хандын эки тарабына ак калпакчандарды боёк сүрөт менен бадырайтып тартып койгонуна карабастан, сүрөттүн оригиналы манжур ханы Нурхачинин ак сарайындагы манжурлардын төбөлдөрү, колбашчылары жана башка ак сөөктөрү хандын маңдайында отурган сый тамак учурунун эле чүргөмөсү бойдон калып жатпайбы!

(Бул китептеги башка да кээ бир "мандемдүү" сүрөттөргө азырынча кайрылбай коё туралы).

Дагы караңыз Тарых: Калп казаны кайнаганда...

Деги эле, мындай “сыйкырдуу” усул менен ак калпакты кошумча тартып, таптакыр башка элдерге таандык болгон тарыхый инсанды же көркөм адабияттагы кейипкерди “кыргыздаштыра” берсек, анда Атилланы же Чыңгыз ханды мындай коёлу, Америкадагы кызыл терилүүлөрдүн могикан уруусунун көркөм адабияттагы өкүлү Чингачгукту (Фенимор Купердин романынын кейипкерин), же чытырман токойдогу Мауглини (Редярд Киплингдин чыгармасынын баш каарманын) деле фотомонтаж менен ак калпакчан кылып тартып алып, булар дагы “өзүбүздөн эле экен!” деп маашырлана алышыбыз ыктымалдыр?

Бирок анда дүйнө коомчулугунун шылдыңына кабылаарыбыз шексиз да.

Дегиңкиси, ойдон чыгарылган же бурмаланган сүрөткө ак калпак кошуп тарта салсак эле тигил же бул чоочун тарыхый инсанды “кыргызга айлантабыз” деген жаш баланын оюнунун илимге тиешеси жок.

Мындай жалган жоромолдорго илимпоздорубуз азгырылбайт, бирок айрым окурмандардын табити бузулуп жаткандыгы деле анык.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.