Манасчы Дөөлөт Сыдыков тасманы тартуу ишин таптакыр токтотууну талап кылды. Ал тартылып жаткан тасмадагы катачылыктардан жалпы кыргыз элинин кадырына доо кетип жатат деп эсептейт.
“Биз сценарийде одоно каталар болгондон улам каршы чыктык. Манаска Манастай мамиле кылуу керек. Алар туура эмес мамиле кылып жаткандан улам айтып чыгууга туура келди. Кыскасы, бул тасманы тарттырбашыбыз керек. Анткени, тасмадагы актёрлордун кийген кийими, минген аттарын айтпаганда дагы, маани-мазмунунда ката көп. Бир эле мисал айтайын, Каңгай менен биргеликте келишим түзүп алып, кыргыз мамлекетин башкарып жаткан жери бар экен. Бул туура эмес да”.
Нааразы тарап “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” деп аталган тасманын сценарийин окуп чыккандан кийин гана көп каталарын байкап, каршы чыгышканын жүйө келтиришти. Манасчы Самат Көчөрбаев бул тасмада атайлап жасалган идеологиялык бурмалоолор бар деген пикирде.
“Биз сценарийди толук окуп чыктык. Ал гана жетишсиз болуп калбасын деп, Жалил Садыковдун пьесасын да окудук. Ал эми салттуу “Манас” эпосун жатка билебиз. Жалил Садыковдун пьесасында Семетейдин Таласка келиши менен окуя бүтөт. Бул тасмада Манастын кабыры Алтайда деген ойду камтып, андан ары Семетейди Алтайга барып атасына куран окута турган кылып, Семетейди Кытай императоруна ыраазычылык билдирткен адам кылып көрсөтүп жатышат. Салттуу эпосто Семетей Коңурбайдан атасынын кунун кууп жатса, кандайча анан тасманын сценарийинде Семетей кайра ыраазычылык билдирип калат?”.
Манасчылар өз каршылыгынын негизги себебин тартылып жаткан тасманын сценарийинде “Манас” эпосунун салттуу вариантында да, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” пьесасында да жок эпизоддор болгону менен байланыштырууда. Алар өзгөчө сценарийдеги алешемдиктер 16-көрүнүштөн баштап, 20-көрүнүшкө чейинки окуяларда экенин белгилешет.
"Оңдой салып тарта берчү иш эмес"
Буга чейин “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын башкы продюсери Өмүрзак Төлөбеков “Азаттыкка” тасманын негизги өзөгү Жалил Сыдыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тартылып жатканын билдирген.
Жыйынга катышкан манасчылардын бири Замирбек Баялиевдин айтымында, бир күн мурун тасма тартуучулар менен манасчылар жолугушкан. Анда продюсер Өмүрзак Төлөбеков манасчылар айткан катачылыктарды оңдоого убада берген.
Ал эми Өмүрзак Төлөбеков "Азаттыкка" манасчылар кеп кылган сценарийдеги айрым эпизоддор кеңешилип анан оңдолорун, бирок тасма үзгүлтүккө учурабастан, аягына чыгарын маалымдады. Анын айтымында, тасманы тартуу иштеринин 60 пайызы бүтүп калды:
"Ооба, биз жолугуп сүйлөштүк. Манасчылар “тасмада кыргыздарга салык төлөтүп жатасыңар” деп, буга чейин мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин айтканын айтышты. Мен буга чейин Абыкеевге да айткам, эгер ушул эле туура эмес болуп жаткан болсо, алып коёбуз деп. Анан булар Манастын сөөгү Алтайда коюлган деген версиясы бар эски сценарийди да айтышты. Мен буга чейин режиссёр Эгемберди Бекболиев менен кеңешип, Манастын сөөгү Кыргызстанда эле болгон версиясын тарталы деген чечимге келгенбиз. Манасчылар тааныган сценарий мурунку сценарий, ал андан кийин да өзгөрүүгө учурады. Биз коомчулуктун айтканын угуп жатабыз, тасма дагы айрым оңдоолор менен коштолушу мүмкүн. Бирок тартууну токтотуп салууга негиз жок”.
Ал эми манасчы Баялиев бул тасманы улам оңдой салып эле тарта берчү иш эмес дейт.
“Манас” – жалпы адамзаттыкы. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атабыз баш болуп, жалпы элибиз сыймык менен сактап алып жүргөн эпоско бүгүн кайдыгер мамиле жасап, коргой албай жатабыз. Тартуучулар сценарийди оңдойбуз деп жатышат. Бирок тартып жатып оңдоп кете берчү иш эмес да бул. Мейли оңдобосун дейли, биз жадагалса юридикалык жактан токтотуп койгонго да акыбыз жок. Бирок биз манасчы катары, эпоско урмат кылган адам катары бул нерсеге мамлекеттин көзөмөл кылышын каалайбыз.”
Манасчы Рыспай Исаковдун пикиринде, тасма тартылышы керек. Бирок аны көркүнө чыгаруу үчүн өтө кылдат маселелер талап кылынат. Ал дүйнөлүк белгилүү тасмаларды мисал кылып, “Манастын уулу Семетейди” да ошол деңгээлде тартууну сунуш кылды:
“Манас” боюнча тасма тартылышы керек деп мен деле кыялданам, аны айтып да жүрөм. Керек болсо анимацияларды да көп тартуу керек. Бирок аны компьютердик графикаларды колдонмоюнча тартууга болбойт. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү караш керек. Жер жайнаган аскерлерди, басканда жер солкулдаган учурларды жөнөкөй тасмада берүү кыйын да. Эпосто кытай менен эле кыргыздын согуштары эмес, мифологиялык доор деген өзүнчө доор бар. Аны кантип беребиз? Мисалы, өнүккөн өлкөлөр “Шакектер шаасы” ("Властелин колец") өңдүү тасмаларды тартып жатпайбы, ошол сыяктуу көрүнүштөрдү аралаштырып, чыныгы реалдуулук менен аңыз доорду шайкеш кылып туруп тартса, ошондо көркүнө чыгат. Мен ошондой тасма болсо деп кыялданам”.
Белгилүү кинорежиссёр Руслан Акун эгерде бюджет мамлекеттен эмес жеке жактардан каржыланса, тасма тартылышы керек деп эсептейт:
"Негизи, тиешелүү адистер менен кеңешип, сценарийин жакшылап иштеп чыгып, анан иш башталса туура деп ойлойм. Бирок бул тасма жеке каражаттарга тартылып, өз чөнтөгүнөн акча бөлүп тартып жатса, мамлекет жөн гана башка тарабынан колдоо көрсөткөн болсо, анда тартыла берсин. Балким жакшы тасма чыгып калаар, болбоду дегенде башкаларыбызга сабак болоор".
Маалымат жыйын өткөргөн манасчылар тобунда Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев жана Асаналы Калил уулу бар. Жыйынтыгында алар өлкөдөгү жалпы манасчылар биригип кол топтоп, тасманы тартууну көзөмөлдөөнү же токтотууну өтүнүп перезидентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылышарын жарыялашты.
“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы июль айынын соңунда тартыла баштаган. Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков ага өлкө президенти Садыр Жапаров да колдоо көрсөтүп жатканын айткан.
Ал эми мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат" деген маалымат туура эмес экенин 2-августта “Азаттыкка” билдирген. Бюджети 1 млн. долларды түзгөн бул тасма тууралуу эл ичинде буга чейин да кайчы пикирлер айтылып келген.