Мамытов: Ар бир улут Кыргызстанды өз мекеним деп сезиши керек
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Көп улуттуу Кыргызстанда жарандарга “акылдуу, билимдүү, маданияттуу жана таза адам” деген гана баа берилиши шарт. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов 2010-жылдагы июнь окуясынын сабактары тууралуу маегинде билдирди. Маекте улут аралык мамилени чыңдоонун мамлекеттин өнүгүшү үчүн мааниси, бийликтин улут саясатын жүргүзүүдөгү оош-кыйыштары, милдеттери жана жаңы концепцияны ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу сөз болду.