Мамытов менен Жогорку сот төрайымын ким байланыштырат?

Коллаж.

Жогорку сот "Ынтымак" партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Мамытовду шайлоодон четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын эки жолу артка кайтарып, карабай койду. Мамытовдун талапкерлигин каттоо же каттабоого байланыштуу иш Кыргызстандагы сот адилеттигин сынап, канчалык көз карандысыз чечим чыгара алат деген маселени козгоду.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Талант Мамытовдун байланышы талапкер жөнүндө арызды кароого таасир эткен жокпу?

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Буга макул болбогон "Ынтымак" партиясы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 28-октябрда БШКнын чечими жокко чыгарылган. Бирок Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, ал "Административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтарган.

БШК ушул эле күнү арызын оңдоп, Мамытовду партиянын тизмесинен алып салуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрадан кайрылган. Акыры эки мекеменин "алым-сабагына" 4-ноябрда чекит коюлду. Жогорку сот бийликчил делген “Ынтымак” партиясынын тизмесинде 7-орунда турган Талант Мамытовго шайлоого катышууга жол ачты.

БШК арыз жазат, Жогорку сот кайра кайтарат

Борбордук шайлоо комиссиясы Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодо баштапкы позициясын өзгөрткөн жок. Анын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Мамытовдун шайлоого катышканы мыйзамсыз экенин айтып, аны мындай деп түшүндүрүүдө:

Узарбек Жылкыбаев

"БШК Жогорку соттун биздин арызды эки жолу артка кайтарган чечимин туура эмес деп тапканбыз. Бирок сот чечимине баш ийишибиз керек. Бишкектин административдик соту БШКнын Талант Мамытовго байланыштуу чечимин жокко чыгарган. Андыктан биз аны талапкер катары каттоого мажбур болдук. Бирок БШКнын Талант Мамытов боюнча позициясы өзгөргөн жок. Анткени, Конституциялык мыйзамдын беренелерине таянып жатабыз. Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын убагында тапшырып берген эмес. Мыйзам боюнча ал кызматын убактылуу эмес, биротоло тапшырып берүүгө тийиш. Бүгүнкү күнү бизде айрым айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, алардын орун басарлары шайлоого катышууга талапкерлигин койгон күндөн тартып, ишин өткөрүп беришкен. Ошондуктан, төрага боюнча да биздин позициябыз бирдей".

БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” мыйзамынын 21-беренесине таянууда. Ал берененин экинчи бөлүмүндө “талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын токтотот, Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо” деп жазылат.

БШК Мамытов “Ынтымак” партиясынын съезди өткөн 11-октябрда талапкер болуп көрсөтүлгөнүн, бирок төрагалык милдетти 24-ноябрда убактылуу өткөрүү тууралуу арыз бергенин жүйө келтирет. Ал эми БШКнын чечимин жокко чыгарган Бишкек административдик соту Мамытов бир учурда эле Жогорку Кеңештин депутаты жана төрагасы экенине таянган.

“Ынтымак” партиясы өз кезегинде Мамытовду тизмеден четтеткен БШКнын чечимине байланыштуу билдирүү тараткан. Анда БШКнын чечими "шашылыш кабыл алынганы" айтылган.

“БШК дем алыш күнү, 24-октябрда кечке маал чукул жыйын өткөрүп, “Ынтымак” партиясынын расмий өкүлүнө тиешелүү түрдө маалымат берген эмес. Жыйын 18:30га белгиленсе, ага бир жарым саат калганда чалышкан. Андан кийин жыйындын убактысын 17:00гө жылдырып, расмий өкүлдүн катышуусу жок эле Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тарткан чечим чыгарып койгон. “Ынтымак” партиясы бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан билген”.

Талант Мамытов азыркы президент Садыр Жапаровдун саясий үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал 2013-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу Кумтөрдү коргоо митингинен кийинки башаламандыкка байланыштуу камалып чыккан.

Былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин парламенттин төрагалыгына келип, Жапаров шайлоого кеткен учурда президенттин милдетин аткарып турган. Мамытов мүчө болгон партия алгачкы жолу БШК менен тартышып жаткан жери жок. Элдик толкундоого жол ачкан 2020-жылкы шайлоодо ал кошулган "Кыргызстан" партиясын БШК каттабай коюп, кийин соттун чечими менен шайлоого аттанган. Анда да сот чечимине каршы митингдер өткөн.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек БШК менен сот тутумунун ортосунда "оюн жүрүп жатат" деген ойдо.

Руслан Акматбек

“Бийлик шайлоо таза өтө турганын айтып жатат. Бул сөздөргө Талант Мамытовдун шайлоого катасыз аттанышы далил болуп бермек. Азыркы болуп жаткан окуялар жөн гана формалдуулук. БШК сотко кайрылып жатканын жазса, Жогорку сот кагаздар туура эмес болуп жатканын жүйө келтирет. Ошентип Талант Мамытовдун окуясы экинчи, үчүнчү маселеге барып такалып жатат. Ушундай жол менен убакытты созушууда. Чындап келгенде шайлоону таза өткөрөм деген киши мындай кадамдарга барбаш керек эле да. Азыр бийликтин өзүм билемдигин БШК менен сот тутуму көтөрүп жатат. Бизде күчтүү болгон адамдын укугу сакталат”.

Мамытов менен Бакированы ким байланыштырат?

Ошол эле кезде Талант Мамытовду каттоо же каттабоо маселесин эмне үчүн Жогорку сот эки ирет караган жок деген суроо да чыгууда.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова 22-апрелде сот бийлигинин башына келип, ага чейин кылмыш иши козголуп, жумуштан убактылуу четтетилген Гүлбара Калиеванын ордун ээлеген. Анын жогорку кызматка келишин судья Бакирова кабыл алган чечимдердин бири менен байланыштыргандар да жок эмес.

2020-жылдын 6-октябрында Жогорку соттун үч судьясы (Н.Эшалиев, К.Токтомамбетов, Н.Бакирова) абактан тарапташтары бошотуп алган Садыр Жапаровдун "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө жөнөткөн.

Дагы караңыз Жапаровдун ишин караган Бакирова сотторду башкарат

Мындан кийин айрым активисттер жогорудагы жагдайды эске алып, мурдагы мамилелер соңку сот чечимдерине таасир этиши мүмкүн деп күмөн санап жатат. Алардын бири укук коргоочу Рита Карасартованын пикири мындай:

"Нургүл Бакирова Садыр Жапаровдун президент болушуна жол ачып, мыйзам жагын тууралап берген соттордун бири. Андыктан анын кызматтан көтөрүлө турганы алдын ала белгилүү болчу. Анткени бизде кайсы бийлик болбосун Жогорку сотко өзүнүн жакынын алып барат. Андыктан Бакирова менен Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген адамдардын мамилеси мыкты экенинен шек санабай койсок деле болот", - деди Карасартова.

Бирок Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова мындай кооптонууларды четке кагып, сотторго азыр эч кандай басым-кысым жок экенин, ар бир судья чыгарган чечимине өзү гана жооптуу экенин билдирген.

“Жогорку сотко жана башка судьяларга бийлик тараптан эч кандай басым болбойт. Судьялар ар бир чыгарган чечимине өздөрү гана жооп берет. Мен дагы Жогорку соттун төрайымы катары алардын чечимине кийлигише албайм жана кийлигишкен эмесмин. Буга мыйзам жол бербейт. Бул туурасында бардык соттор билишет. Мен мыйзамды сыйлайм!”.

Ариет Туратбеков: Ак үйгө чейинки жол

Көңүл бура турган дагы бир жагдай, ушул тапта Нургүл Бакированын уулу Ариет Туратбеков президенттин аппаратынын протокол бөлүмүндө иштейт. Ага чейин Жогорку Кеңештин аппаратында эмгектенип, төраганын иш сапар, жолугушууларын уюштурууга катышып жүргөн.

Ал учурда Талант Мамытов парламенттин спикери кызматында турган. Мамытов быйыл 9-мартта Улуттук онкология борборуна барып, андагы курулуш иштери менен таанышканы маалым. Анда тартылган сүрөттөрдүн биринен Бакированын уулу Мамытовду коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Талант Мамытов менен Ариет Туратбеков. Сүрөт 2021-жылы 9-мартта Улуттук онкология борборунан тартылган. Ал учурда Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болчу.

Ариет Туратбековдун азыркы учурда колдонуп жүргөн телефон номерин GetContact тиркемеси аркылуу текшергенде да “Ариет спикердин жардамчысы, Ариет спикердин аппараты” деп катталганы чыкты.

Ариет Туратбековдун телефон номурун "спикердин жардамчысы" деп сактагандар бар.

Ариет Туратбеков менен байланышканыбызда өзүнүн Жогорку Кеңештин, андан кийин президенттин аппаратында иштеп калышын мындай деп түшүндүрдү:

Ариет Туратбеков

“Бул жумуштарга билимиме жана тажрыйбама таянып орноштум. Себеби, буга чейин котормочу болуп, андан кийин протоколдо иштегем. Тышкы иштер министрлигинде иштеп турган учурда Жогорку Кеңешке чакырышкан. Мен Талант Мамытовдун кол астында эмес, Жогорку Кеңештин аппаратында иштегем. Ал жерге Октябрь окуяларына чейин эле келгем. Мамытов менен биздин үй-бүлөнүн эч байланышы жок. Мамытов Жалал-Абаддан болсо, апам Оштун Кара-Суусунан, атабыз Чүйдөн болот”.

Ариет Туратбеков Тышкы иштер министрлигине чейин Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы болуп иштеген. Парламенттен 2019-жылы 6-февралда тышкы иштер мекемесине кеткен. Кайра Жогорку Кеңешке, тагыраагы анын аппаратына кайсы учурда кайтып келгени суроо жаратат. Анткени, Ариет өзү Октябрь окуясына чейин эле Жогорку Кеңеште иштеп баштаганын айтса, Тышкы иштер министрлиги Туратбековдун качан жумуштан кеткенин айтуудан баш тартты.

"Азаттык" 3-ноябрда Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алмазбек Сабырбековдун атына расмий кат жолдоп, Бакированын уулу Туратбековдун качантан бери иштей баштаганына кызыккан. Жогорку Кеңештин жообу 24-ноябрда гана келди. Ал жерде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамдын негизинде Ариет Туратбеков боюнча маалымат берилбей турганы айтылат.

Жогорку Кеңештин аппаратынын Юридикалык бөлүмүнөн келген жооп.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактары Ариет Туратбеков бийлик алмашкандан кийин гана Жогорку Кеңешке ишке киргенин бышыкташты. Тагыраагы, Ариет Туратбеков Талант Мамытов 2020-жылдын 4-ноябрында төрага болуп шайлангандан 10 күн өткөндөн кийин парламенттин аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүндө иштей баштаган.

“Азаттык” бул маселе боюнча Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага суроо салып, жазуу түрүндө төмөнкүдөй кыска жооп алды.

“Талант Мамытов менен эч кандай туугандык да, башка да мамилем жок. Уулум Ариет Талант Мамытовдун кол астында иштебейт”.

Ооба, Ариет Туратбеков азыркы учурда Жогорку Кеңештин эмес, президенттин аппаратынын протокол бөлүмүндө иштеп жатат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы Туратбеков быйыл июль айында кызматка орношконун айтты.

Ариет Туратбеков азыркы тапта президенттин аппаратында иштеп жатат. Сүрөт 2021-жылы 25-октябрда Мыкан айылында тартылган.

Талант Мамытов 2010-жылы "Ата Журт" партиясы менен парламент депутаттыгына шайланган.

2012-жылы Кумтөр кени боюнча митингге Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге катышып, кийин камалып чыккан. 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынан экинчи ирет депутат болгон, былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо "Кыргызстан" партиясы менен катышкан.