Мамонт каракчылары
Асыл кенчке аңчылык бир нече жыл мурун «агенттер» келип, мамонттордун сөөктөрү үчүн укмуштай чоң акча төлөнөрүн айтып кетишкен соң башталган.
Балыкчылар алгачкы жолу жерден аркайып чыгып турган сөөктөрдү байкаган дарыянын дал ушул жерине чейин эң жакынкы шаардан кайык менен беш саат жол жүрүш керек.
Түбөлүктүү тоң баскан бул аймакта мамонттордун сөөктөрү ошол бойдон сакталып келген.
Аз убакыттын ичинде эле жер үстүндө жаткан сөөктөр түгөнүп, Сибирдин "ак алтынын" тереңден казып алуунун жаңы ыкмалары пайда боло баштады.
Мурун жер кыртышын чукуп казууга колдонулган учтуу таяктардын ордуна суу сордургучтар колдонула баштады.
Сордургучтар дарыя суусун соруп алып, аны катуу басым менен атып чыгарат да жер кыртышында көмүлгөн сөөктөрдү казууга жардам берет.
Тоңбогон жылуу топуракта көмүлгөн сөөктөр он жылдын ичинде эле бузула баштамак. Ал эми Якутияда тоңдун алдында калган сөөктөр 10 миң жылдарга чейин сакталып тура берет.
Жергиликтүүлөр "акчанын" белгисин көрсөтүп, күлүп жатышканы менен, канча акча тапканын так айтышкан жок. Болжол менен бул экөө сегиз күндүн ичинде 100 миң АКШ доллардай каражат табышты.
Алар жашаган шаарда бир айда алган айлык маянасы 500 долларга жетпейт. Бул эскирип каралбай калган имаратта биз экспедицияга кетип жаткан күнү өрт чыкты.
Кытайда чебер усталар асыл таштар менен шөкөттөп кооздогон мындай сөөк коомдогу кадыр-барктын белгисине айланган. Баасы бир миллион доллардан ашат.
Сөөк казгандар токойдун ичине мындай чакан чатырларды тигип алып, бош убактысында карта ойношуп, телефондон видео көрүп күн кечиришет.
Казанда кайнап жаткан кийиктин эти чанда көрүнүш. Демейде алардын тамагы консервадагы эт жана камыр менен гана чектелет. "Бир жолу жей турган эч нерсе калбай калганда иттин этин жешке туура келген. Даамы чочконун этиндей экен" дейт алардын бирөө.
Таң атар маалда бир-эки саат гана суук болуп, тынч уктай аласың. Калган убакта чиркейлерден тынчтык жок.
Шаардан ичимдик келгенде баары унутулат. Бул экөө жолдон эле мас болуп калып, кайыкты араң айдап келишти.
Сөөк казгандардын түтүктөрүнөн чыккан суу жер кыртышын талкалап барып кайра дарыяга кошулат. Мурун дарыяга балык улоого келген балыкчылар эми көрүнбөйт.
Аянты Германиядан сегиз эсе чоң Якутияда сөөк казгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.