Дүйнөгө таанымал сүрөтчү Винсент ван Гог тууралуу жазуучу Аким Кожев жазган макаланы назарыңыздарга сунуштайбыз.
Аны өмүр бою жалгыздык жана бактысыздык коштоду. Ал башкалардай эле эт жүрөгү тандаган аялзатын оттой сүйүп, башкалардай эле үй-бүлө күтүп, орун-очок алып, бала жытын искеп өмүр сүрсөм деп эңсечү.
Ал саргайып самап жүргөн, издеп жүргөн өмүр шеригиме жолуксам, аны менен бир бүтүнгө айлансам, аны жан тумардай аздектеп, кастарлап жүрүп өтсөм деп кыялданчу.
Жараткан ага бөлөк тагдыр буюрганын, анын турмуштагы басар жолу, аткарар вазийпасы такыр башка экенин түшүнгөнгө чейин не бир азап тартпады, урунуп-беринбеди. Турмуш аны канча жолу оттон алып сууга, суудан алып отко салбады.
Анын шору, анын трагедиясы – дилиндеги тоодой сүйүүнү, жайлоо гүлүнүн үлбүрөгүндөй назик, аялуу сезимди эч бир аял түшүнбөдү, эч бир аял анын көрксүз ырайынын ары жагындагы чексиз мээримди аңдап көрө албады. Анын барк-баасын билип, кадырына жетпеди.
Дагы караңыз Пол Гоген: Таитиден түбөлүккө жолКим билсин, балким, бул анын шору эмес, тескерисинче, ыкыбалы болгондур. Мүмкүн, ал кыял-элесиндеги аялзатына жолукканда, аны менен баш кошуп, башкалардай бейпил жашап өткөндө, бүгүн биз билген Ван Гог болбой калмак, дүйнө искусствого өлбөс-өчпөс из калтырган улуу кеменгерден кол жуумак…
Анткени учурда көрүүчүлөрдү аң-таң калтырып сонуркаткан, табышмагы, катылган сыры али да толук бойдон ачылбай келе жаткан анын картиналарынан улуу сүрөтчүнүн өмүр бою жалгыздыктан жабыркаган жан дүйнөсүнүн ачуу чаңырыгын эле укпай, ал тарткан азап-тозоктун эле тагын көрбөй, чыпчыргасы коротулбаган эбегейсиз сүйүүнү да, эт жүрөктү элжиреткен чексиз мээримди, назиктикти да туюп-сезебиз.
Ал тууралуу канчалык түрдүү кеп-сөз болбосун, ал өмүр бою балалык ишеним, балалык таза сезим менен жашап өткөндөй таасир калтырат.
Ал биринчи жолу жыйырма бир жашында, чоң авасы, атасынын бир тууганы Винсент ван Гогдун (адашынын) картиналар менен эстамптарды саткан Парижде орун алган «Гупиль» компаниясынын Лондондогу филиалында иштеп жүргөндө ашык болуп калат.
Анын жүрөгүнүн алгачкы арзуусу, викарийдин жесиринин жалгыз кызы Урсула бийкеч (айрым булактарда Евгения деп да жүрөт) он тогуз жашта эле. Өзү жашаган батирдеги кожойкенин сулуу кызы делебесин козгоп, жаш жигитти от-жалынга салат. Бой келбети келишкен, болуп-толуп турган кызга Винсент катуу арбалып, өз сезимин билдиргенге шашат. Ал эми кыз дароо эле сөйкө салган жери бар экендигин, убадалашкан жигити ушул жайда келип калса тою түшөрүн айтат.
Бирок табиятынан кызуу кандуу, албуут, өз беттегенинен кайтпаган өжөр жигит «сени эч кимге бербейм!» деп, ой-боюна койбой асыла берет. Ошондо катуу ачууланган кыз аны жөн эле кагып салбай, «сапсары келесоо» деп мазактайт. Анысы аз келгенсип, кийин дагы бир барганда кууп да жиберет.
Бүт жан дилин берип сүйгөн кыздын мындай ашкере орой мамилеси болочоктогу улуу сүрөтчүнүн катуу шагын сындырат, анын көңүлү чөгүп, мурдагыдан да түнт тартып кетет. Ошентсе да, ал ашык болгон кызын такыр унута албайт, жол киреси жок болгондуктан дем алыш күндөрү эки күн жөө жүрүп, арып-ачып, Урсуланын караанын алыстан бир көрүү үчүн анын үйүнө акмалап барат. (Ал кезде «Гупилден» бошоп, кайсы бир жеке менчик мектепте баш паанек жана тамак-аш үчүн гана иштеп жүргөн болучу.) Анын мындай жүрүшү бир канча айга, Урсула күйөөгө тийип кеткенге чейин созулат.
Ал махабат азабына экинчи жолу жыйырма сегиз жашында кабылат. Эми анын жүрөгүн бир тууган таежесинин кызы, өзүнөн эки жаш улуу Кэй ээлеп алат.
Урсуладан да келишимдүү, ар кандай эркекти элеп-желеп кылып, напсисин агызган Кэй бир жыл мурда сүйүктүү жарынан ажырап, жалгыз уулу менен жесир калган эле. Кайгыдан кан жутуп жүргөн кызы алаксысын, саал болсо да жоготуунун азабынан арылсын деген максатта ата-энеси бөлөк шаарга, туугандарына жиберген болчу.
Үйүндө жүргөн жесир келиндин адеми ажары Винсентти чындап акылдан адаштырат, ал эс-учун жоготуп, делбетап болуп калат. Көкүрөк-көөдөнүн жара тээп чыкчудай болгон аруу сүйүүсүн бөлөсүнө билдиргенде, Винсенттен мындайды күтпөгөн Кэй катуу чоочуп кетет, аны эч качан сүйө албай турганын так кесе айтат.
Ошондо Винсент өң-алеттен кетип, баса калчудай болуп аны олдоксон кучактап өөп, болбой эле өз арзуусун аптыгып айта баштайт. Анын мындай жоругу Кэйдин үрөйүн учурат, ал бейкапар уктап жаткан баласын шашылыш жерден алып, чымын-куюн болуп качып жөнөйт. (Винсент талаага сүрөт тартканы чыкканда, аларды да кошо ала чыкчу). Мында калар болсо бөлөсү тынч койбой турганын сезген келин эртеси эле өз шаарына кетип калат.
Байма-бай жазган каттарына жооп ала албаган Винсент энесинин канчалык жалынып-жалбарып тосконуна, атасынын каарып урушканына карабай, аялды издеп артынан барат.
Жездеси Стриккер кызматчыларга «Винсент деген неме келчү болсо, үйгө киргизбегиле!» деп буйрук берген эле. Бирок Винсент эшикти тоскон кызмачы кызды түртө салып, жулунуп кирет. Винсенттин кирип келе жатканын көргөн Кэй ордунан атып туруп (алар тамактанып жатышкан болучу), жашынып калууга үлгүрөт.
Винсент жездеси менен таежесине Кэйди жан-дили менен сүйө тургандыгын, ал өмүрүнүн маани-маңызы экендигин, ансыз жашай албай тургандыгын айтат. Кэй менен жолуктурууну кайта-кайта суранат.
Кайнисинин мындай түшкө кирбеген адепсиз жоругуна жаалы кайнаган Стриккер: «Сендей селсаяк, жалкоо, орой жана жакшылыкты билбеген акмакка (бир кезде ага жездесинин жардамы тийген эле) бере турган кызым жок! Сен менин кызыма татыктуу эмессиң! Кэй сендей үй-жайсыз бечара, байкушка эмес, өзүнө ылайыктуу оокат-аштуу адамга турмушка чыгат!», - дейт.
Стриккердин жообу Винсентти катуу жиндентет, ал үстөл үстүндө күйүп жаткан шамга алаканын шарт коюп: «Жок дегенде колум күйүп чыдабай калганча Кэйди бир көрсөткүлө!» – деп өтүнөт. Ал алаканы карарып, териси күйүп ыйлаактаганча миз бакпай тура берет. Ошондо Стриккер өң-алеттен кетип, бул чындап эле акылдан адашып калган окшойт деп, шашылыш шамды чаап жыгат.
Эң өкүнүчтүүсү, Ван Гогду аялдар эле эмес, замандаштары да түшүнбөптүр. Анын «бүт ааламды өзүнө сыйдырган» (Ч. Айтматов) учу-кыйырсыз кайып дүйнөсүн, чанда бир инсандарга гана берилчү өзгөчө талантын саналуу адамдар гана аңдап-баамдаптыр.
Тактап айтканда, ал өз мезгилинин алкагына сыйбай, өз доорунан алда канча озуп кетиптир. Бүгүн миллиондорго сатылып, дүйнөдөгү эң кымбат картиналардын катарын толуктаган эмгектерин убагында бирөө да баалабаптыр. Чын эле ал өз заманынан мурда туулуп калганы анык.
Ван Гогдун кантип өлгөнү, эмне болуп өлгөнү так аныкталбай, табышмак бойдон калгандай эле, анын сүйүүсү, аялзатына болгон мамилеси тууралуу да түрдүү жоромолдор, имиш-имиштер айтылып келет.
Айрым маалыматтарда кеменгер сүрөтчү өмүрүнүн аягында өзүн дабалаган догдур Гашенин (ал психикалык жактан жабыркап, бир канча жолу ооруканада жатып дарыланып чыгат) жыйырма жаштагы кызы Маргарита Гашеге ышкысы түшүп калганы айтылат. Бактыга жараша, бу саам бийкеч да Винсентти жактырып калат. Себеби жаш кезинде сүрөтчүлүктү максат кылып, бирок атасынын каалоосу менен дабагерлик кесипти аркалап калган Гаше сыяктуу кызы да искусствону жакшы түшүнгөн, эстетикалык табити бийик жан эле.
Бирок бул жолу Винсент ван Гогдун бактысына кыздын атасы Гаше тоскоол болуптур. Өзү айыктырып, саламатчылыгына өзү кам көрүп жүргөн сүрөтчүдөн жүз жылда бир жаралчу улуу генийди көргөн акылман догдур Ван Гогду өз кызынан да кызганыптыр. Көрсө, кексе киши өз канынан бүткөн перзентинин жеке таалайынан кайталангыс сүрөтчүнүн өнөрүн артык көрүп, анын убактысын аяган тура. Ошол себептүү кызына аны менен кезигүүгө катуу тыюу салган экен.
Дагы караңыз Мурзаханов: Ар бир сүрөттүн кардары барАйрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде, ушул жагдай Ван Гогдун өзүнө-өзү кол салышына түрткү болгон окшойт. Ырас, Маргарита Гаше кийин мунун баарын танып, жалганга чыгарган деп да жазылып жүрөт. Демек, бул тек жоромол болушу да мүмкүн.
Бирок Ван Гог сойкулук менен жан баккан Кристина деген аялга боору оруп үйлөнгөнү, аны эки баласы менен эки жыл бакканы, аялды туура жолго түшүрөм деген аракетинен эч майнап чыкпаганда андан кол үзгөнү анык.
Марго деген отуз тогуз-кырк жаштардагы (өзүнөн тогуз-он жаш улуу) көрүмсүз аял аны эт-бетинен кетип сүйүп калганы да чындык. Сүрөтчү аны чын дилден жактырбаса да, аны аяп, экөө үйлөнмөкчү болгондо, кыздын апа, эже-сиңдилери караманча-каршы чыгат. Ошондо Марго уу ичип, аз жерден өлбөй калат. Төрөлгөндө эле жалгыздык, так өтүү маңдайына жазылган белем, Ван Гогдун бул ирет да аялдан жолу болбойт.
Ошентип, бүгүн артында калтырган үлкөн мурасы менен миллиондорду таң калтырып, живопись ышкыбоздорунун аздегине (кумирине) айланган кеменгер сүрөтчү махабаттан баар таппай, өмүр бою аял затына болгон кусалыгы жазылбай, зор арманда өткөн экен...
Аким Кожоев, жазуучу