COVID-19 убактылуу ооруканаларды пайда кылды

Сербиялык аскерлер Белграддагы Көргөзмө комплексинин залын убактылуу ооруканага айландырууда. Бул жерге COVID-19га чалдыккан орточо оор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болбогон бейтаптар жаткырылат. 24-апрель, 2020-жыл.


 

Сербиялык аскерлер Белграддагы Көргөзмө комплексинин ичинде.

Тегерандагы убактылуу ооруканага айландырылган соода борборлорунун бири. Иран. 4-апрель, 2020-жыл. 

Тегерандагы эл аралык көргөзмө борбору да 2 миң бейтапка ылайыкташтырылып убактылуу ооруканага айландырылган. 

Ухань шаарындагы жасалма палатада бейтапты дарылап жаткан медицина кызматкерлери. Кытай. 14-февраль, 2020-жыл. 

Ухандагы стадион да убактылуу ооруканага айландырылган. 

Парижден Бретанга поезд менен жөнөтүлүп жаткан бейтапты терезеден карап жаткан дарыгер. 1-апрель, 2020-жыл. 

Аустерлиц вокзалындагы поезддин ичинде бейтаптарды дарылап жаткан догдурлар. Францияда COVID-19га чалддыккандар көбөйүп, Париждин ооруканаларында бош орун жок. (Сүрөт 1-апрелде тартылган). 

Скопье шаарындагы инфекциялык оорукананын жанындагы македониялык аскерлер. 31-март, 2020-жыл. 

СOVID-19га чалдыккандар үчүн Скопье шаарындагы Университеттик инфекциялык оорукананын жанында убактылуу оорукана орнотулган. 

АКШ COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн Нью-Йорктогу Жейкоб Дейвис атындагы конференция залына убактылуу бейтапкана түзүлдү. 2-апрель, 2020-жыл. 

Нью-Йорктогу чиркөөгө орнотулган убактылуу оорукана. Учурда Нью-Йорк шаары эпидемиянын очогу бойдон калууда. 

COVID-19га чалдыккан бейтапты учакка жүктөп жаткан медицина кызматкерлери. 3-апрель, 2020-жыл. 

Учактын ичинде бейтапты дарылап жаткан догдурлар. Франция. 27-март, 2020-жыл. 

Пакистандын бийлиги Лахор шаарындагы көргөзмө борборун убактылуу ооруканага айландырды.  

Евровидения өтө турган Роттердам шаарындагы "Ахой" концерт залы. Евровидения пандемия коркунучунан улам токтотулуп, концерттик зал убактылуу ооруканага айландырылды. 

Герат шаарында убактылуу оорукана куруп жаткан ооган жумушчулары. Герат шаары Ооганстандагы эпидемиянын очогу бойдон калууда. 

Немис аскер учагы "Airbus Medivac" Кёльн шаарынан Бергамо шаарына учууга даярданууда. 

Равалпинди шаарындагы поезде турган дарыгер. Пакистан бийлиги бул поезди убактылуу оорукана кылууга берген.  

Генуя шаарындагы саякат кемеси да убактылуу ооруканага айландырылган. Италия. 23-март, 2020-жыл.