“Маданиятсыз жетекчилер жемкорлукту күчөттү”

Эрмек Турсунов. Алматы, 2013-жыл.

Ар замандын өз баатырлары болот. Кекиртегине бычак такалып, өмүрү устаранын мизинде турса да калыстыктан тайбай, акыйкатты айткан кашкөй эр азаматтары болот. Казактын чыгаан уулу, жазуучу, сценарист, кинорежиссёр, публицист Эрмек Турсунов – ошондой саналуу инсандардын бири.

Казакстандын Улуттук телерадиокорпорациясын башкарып турганда жогору жактагылардын буйругун аткарбай койгондугу үчүн куугунтукталган. Жалган жалаа жаап, кызмат ордунан колуна кишен салып кармап кетишкен. Кийин үч жыл чет өлкөдө жүрүүгө мажбур болгон. Кыргыздын айтылуу кеменгери Салижан Жигитов сыяктуу алкакка сыйбаган ойлору, өзгөчө көз карашы, сөөктөн өтүп, чучукка жеткен курч сөздөрү үчүн аны жаман көрүп, жактырбагандар да бар.

Ал кино өнөрүнө, адабиятка кошкон салымынан тышкары коомдогу оош-кыйыштар, өлкөдөгү туташ жемкорлук, нукура баалуулуктардын кунарсызданышы ж.б.у.с. орчундуу маселелер боюнча байма-бай өз пикирин билдирип келет. "Коомду маданият гана сактап калат, маданият жоголсо, коом дагы жоголот", – дейт белгилүү сүрөткер.

Төмөндү жазуучунун басма сөздө ар кыл жылдары жарыяланган макалаларынан которуп берүүнү туура таптык.

Маданиятсыз кишини чоң саясатка жолотпош керек

"Маданиятсыз кишини чоң саясатка дагы, зор экономикалык иштерге дагы жолотпош керек. Чектелген кишилердин колуна чексиз бийликти кармата салуунун кесепети оор болот...

Жемкорлук менен күрөш деген эмне? Бул – маданиятсыздык менен болгон күрөш, бул адеп-ахлактын жоктугу менен болгон күрөш. Мыкты китептерди окуп, үйүндө жакшы тарбия көргөн адам тендер өткөрүүдө жең ичинен сүйлөшпөйт, өкүм зордукка барбайт, бирөөлөргө жалаа жаппайт, пара албайт жана өз тегерегине шык-жөндөмү жок болсо да дос-жарын топтой бербейт…

Бирок карандай билимдин өзү өтө опурталдуу. Ал дайыма маданият менен камыр-жумур айкалышууга тийиш. Ансыз болбойт. Азыр билимдүү акмактар толуп жатат. Бүгүнкү ийгиликтүү кишинин бейнеси: акыл-эстүү, билимдүү ошондой эле адеп-ахлаксыз, т.а. маданиятсыз киши. Мындайча айтканда, мал-мүлктүү болуп калган кул-кутан.

Дагы караңыз "Жан дүйнөңдү акчага сатпа". Чаплиндин каты

…Бир адамдын көзүн караган эл өз алдынча, толук кандуу эл боло албайт. Маданият жана билим берүү маселеси улуттук коопсуздук маселеси менен түздөн-түз байланышкан. Бүт баарын чырмаган жемкорлук турмуш жолоюбузга айланып, иш жүзүндө улуттук идеянын ордун басты.

Коом эки гана таптан: "алкымына караганда азыгы көптөр менен курсагы ач, бирок азыгы жоктордон" (Шамфор) турса, бул жагдай өтө опурталдуу. Мындай ашкере чоң ажырым нааразылыкты пайда кылат да, бул тескери энергия толуп-ташып, сыртка атылып чыгышы толук ыктымал. Кабанаак итиң эмес, кайрымдуу кошунаң болсо тынч жашайсың.

Элди курал-жарак эмес, туруктуу жумуш жана эртеңки күнгө болгон ишенич жоошутат. Көз боёмочулук кылып, куру дымак күткөндөн пайда жок, андан көрө иш жүзүндө ар тараптуу гүлдөп-өнүккөн мамлекет куруу абзел.

Биздин элита сөрөйгө карагылачы... Макарапоздордун парады. Өздөрүнүн ички мажирөөлүгүн кымбат баалуу кийимдери менен жаап-жашырган байкуштар. Алар унчукпай турганда дурус эле көрүнөт, бирок сүйлөй баштадыбы, бүттү... (Ал эми аларды ырдаткандан Кудай сактасын!)

Мейли, Бабелди Бебел менен, Гоголду Гегел менен чаташтыра беришсин. Бул анча коркунучтуу эмес. Алардын көпчүлүгү ушунчалык жарды – акчадан башка эч нерсеси жок. Бул дагы апаат эмес. Эң башкысы, алар Токаевди Назарбаев менен чаташтырбаса болду. Негизгиси базарком эмес, соода-сатык эрежеси өзгөргөнүн түшүнгөндөй болушсун.

Дагы караңыз Бийлик куту жана билгилик

Мен эмне үчүн буларды айтып жатам? Анткени биздин буржуазия ууру-кескилердин мыйзамы менен узак жашады, ал эми базарком башкарган каалагандай бизнес бара-бара бүргө базарга айланат. Бул айныксыз чындык. Ойдогудай коом жол башчынын жетегинде жашай албайт. Деги биз индейлер эмеспиз да, туурабы?

Айтмакчы, ойдогудай коомдо жол башчы алдын ала өзүнө кол тийбестикти ыйгарып ала албайт. Айтайын дегеним, ал Жараткандын орун басары эмес. Көпчүлүк ушундай деп эсептесе да (тагыраагы, ушинтип ойлоп келген). Алардын басымдуу бөлүгү шашылыш өтүгүн алмаштырып жатканын көрүп жатабыз.

Бул хамелеондор мурдагы кожоюндарына таш ыргыта баштаганы катуу иренжитет. Эгер билсеңер, монгол аскеринде эң оболу саткындарды жазалашчу. Ар кимге Кудай тараза, азыр кеп алар тууралуу эмес. Тек акылга салсак, эгер эч кандай күнөөсү жок болсо адамга кол тийбестиктин зарылчылыгы барбы?

Илгери жол башчынын мойнуна аркан салып туруп, анан хан көтөрүшчү. Бул - "Биз сени хан көтөрүп жатабыз, сен биздин өкүмдарыбызсың, биз сенин артыңдан ээрчийбиз, бирок акыйкаттан тая турган болсоң, сени асуу биздин эркибизде", – деген сыяктуу катуу эскертүү болгон".

Жалпы жашоо эрежелеринин куну кетти

Эрмек Турсунов Алматыда күйөрмандары менен жолугууда. 29-январь, 2013-жыл.

"Маданиятты сактап калуу абдан зарыл, анткени ал баардык башталыштардын башаты. Маданиятсыз эч кандай реформа мүмкүн эмес, маданият өлкөнүн социалдык-саясий турмушунун бүт тармагын камтыйт жана ал улуттук коопсуздук маселеси менен түздөн-түз байланышкан.

Бүгүнкү замандын сыры жөнөкөй эле: жеңиш да, ийгилик да элдин көңүлүн ачкандыкы. Ал эми ким терең ойлонууга чакырса, анын жолу тушалуу. Бул нуска кепти эки сөз менен түшүндүрө турган болсок, Бетховен, Курмангазы жана филипкиркоров жети нотага чогуу салынган. Айырмасы, бул ноталар кандай тартипте жайгаштырылгандыгында.

А интернет деген эмне? Бул кезексиз микрофон. Бул регламентсиз трибуна. Көпчүлүк эркиндикти ээн баштык менен чаташтырып алгандыктан, көмүскөдө катылган ыплас нерсенин баары сыртка калкып чыкты.

Экрандардан уят жоголду. Ыйык сахнадан ой жоголду. Адабияттан чын ыкластуу Сөз жоголду. Алардын ордун "Жылдыздар фабрикасында" өндүрүлүп жаткан "чала-чарпыт нерселер" басып, эми алар "турмуштун устаттарына", адеп-ахлак маяктарына айланышты. Улуу инсандардын доору аяктады.

Көрүп-билип туруп кийлигишпөө – демек бузуктарга көмөкчү болуу.

Коомдун бактысыздыгы коомдук ишмерлердин саны менен аныкталат. Алар канчалык көп болсо, коом ошончолук бактысыз.

Турум (позиция) башка, түр көрсөтүү (поза) такыр башка. Турум – бул өзүнүн мурдагы өмүр таржымалында баштан кечирген, урулуп-согулган турмуш жолу. Эң оболу – бул кишинин ынанымы. Принциптери. Турум үчүн кишилер баталгага баш коюп, өлүмгө барган.

Дагы караңыз

Хемингуэй менен Фицджеральдды дүйнөгө ачкан адам

Жалпак тил менен айтканда, өлкөдө адамдын жалпы жашоо эрежелеринин куну кетти. Ачыгы, кадимки зөөкүр заман орноду. Ошондуктан балдар мындан ары дабагер же космонавт болгусу келбей калды. Алар эми судья, прокурор, милиция жана депутат ж.б.у.с. болууну күсөшөт. Мыйзамдуулукту, акыйкатты бекемдөө үчүн эмес, баюу жана өздөрүнө бут тоскондорду тебелеп-тепсеп жок кылуу үчүн.

Мурда аксарайдагы маскарапоздор менен такмазаларды иттер менен чогуу кармашчу. Эми алар сый-урматтын үстүндө, атүгүл аларды туурап, пир тута башташты. Качан жана кайсы убактан баштап алар акыл айтып калышкан? Алар кимдер десеңер – өздөрүнүн мажирөө жана чектелген чөйрөсүндө жашап, түшүнбөгөн нерсеси жөнүндө орчундуу кеп салымыш болгон серепчилер, түркүн-түмөн жюри, стилист, дизайнер, продюсер жана ырчы сөрөйлөр. Мындай ыпыр-сыпырдын баарын чогултуп, кулак укпаган, көз көрбөгөн алыс жерге алып барып, чоң кулпу салып камаш керек.

Бизде азыр ким күчтүү? Ким бийликте болсо, ошол. А бийликте кимдер? Капчыктуулар. Ал эми капчыктуулар кимдер экендигин баарыбыз билебиз. Алар кантип байыгандыгынан да кабарыбыз бар. Алардын айрымдары гана адал мээнет менен байыган. Калгандары – элдин мүлкүн арам жол менен кымырып алгандар.

Бийлик түзүмү калыптанып калды. Билгиңер келсе, ал монархиялык клептократия (колу туткактардын бийлиги) деп аталат. Аны өзгөртүш үчүн Ганди же Ли Куан Ю зарыл. Андайлардын бир нечеси керек. Жалгыз-жарымдын колунан келбейт. Анын башын өздөрү эле жутуп коёт. Санаалаштардын абийири, колу-жолу таза командасы зарыл. Ансыз эч кандай өзгөрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан мен чындыкты көрүн-билип турган киши катары айтсам, эми мындан ары ого бетер жаман болот.

Ар бир бийликтин өз мүчүлүштүгү бар. Бийлик дээринен кынтыксыз болбойт. Бирок мен ошол бийликтердин ичинен Европа бийлигинин кемчилигине артыкчылык берер элем".

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.