Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Баткендеги согуш өртү убактылуубу же чындаппы, басылды. Жалын өчүп, түтүн быкшып жатат. Бирок кайрадан дүрт этип тутанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, тилекке каршы. Кылыч мизиндегидей курч бойдон калган азыркы кырдаалга маалымат таратуучулар кандай таасир эте алат?
Согуштан сөгүш жакшыраак, бирок...
Жаш балдар серпише кеткенде бири-бирин акарат кылып, “тумшугуңду талкалайм”, “колуңду сындырам”, “өлтүрөм” деп опузалайт. Чоңдордон, айрыкча жоопкерчиликсиз саясатчылардан айырмаланып, жан дүйнөсү кирдей элек балдар канчалык орой сөздөрдү айтса да, бири-бирине чындап оор зыян келтирүүгө дити барбайт. Өлтүрмөк турсун ашыкча ооруксунтууну деле каалабайт. Ошондуктан биринин чекеси томуйса же мурду канаса, мушташ дароо токтойт. Анан тез эле элдешип алышат, “эр чекишпей бекишпейт” дегендей.
Тилекке каршы, кан күйгөн согушка чейин жеткен чыр-чатактын чыныгы себептери (же себепкерлери) көбүнчө көмүскөдө калат да, кастык сезим атайылагандай күчөтүлө берет. Бири-бирин айыптоо, каралоо, мазактап, акарат кылуу боюнча жарыш башталат. Муну “маалымат согушу” деп коюшат.
Ырас, тырмакчасыз, чыныгы маалымат согушунда деле жогорудагы белгилер (каралоо, коркутуу ж.б.) болот. Айырмасы – атайын адистердин көзөмөлү менен даярдалган маалыматтар ырааттуу түрдө таратылат. Соңку жаңжалды коштогон ызы-чууда деле мунун айрым элементтери (мисалы, кээ бир талкуулардын максаттуулугу, жүйөлүү полемикага басым жасалгандыгы ж.б.) байкалат. Бирок азыркы “маалымат согушунда” акылга салган орундуу ойлор эмес, акарат кылган ачуу сөздөр басымдуулук кылууда.
Тирешкендердин биримдиги
Өйдөкү ойду жыйынтыктаганга чейин тышкы эмес, ички тирешүүлөр жөнүндө учкай сөз кылалы.
Кыргызстанда өзүн оппозиция деген (же деп эсептелген) да, бийликти колдойт делген адамдар да баары бирдей эмес. Арасында эптеп эле бийликке жетүүнү же кандай гана болбосун ээлеген кызматын колдон чыгарбай турууну ойлогондор бар. Мамлекеттин, өлкөнүн кызыкчылыгын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө биринчи орунга койгон түз кишилер да бар.
"Тышкы саясат – ички саясаттын уландысы". Башкаларга айткан сөзүбүз өтүмдүү болушу үчүн өзүбүз да ич ара тийиштүү деңгээлде сүйлөшө билүүбүз керек. Жаатташкан топтордун ураан-чакырыктарын ойлонбой эле кайталап, ызы-чуу сала берген, акарат кылуудан ары өтө албаган адатты качан калтырабыз?
Партиялардын, саясатчылардын эмес, бүткүл өлкөнүн, мамлекеттин кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон адамдар эч качан эч кимди аздек (кумир) тутпашы керек. Мейли, биз (мен, сиз же ал) ишенип жактаган лидердин же талапкердин ишин башкалар сындай берсин. Ким элге, коомго, өлкөгө кесепети тийгидей катачылык кетирсе, кызмат даражасына, таанымалдыгына, жаш курагына деле карабай айтып туралы.
Кээде көпчүлүк, басымдуу көпчүлүк адашат, ачууга алдырат. Кээде кимдир бирөөнү айга-күнгө жеткире мактай берет, анын кемчилигин айткан кишини жектеп, төө бастыга алат.
Дагы караңыз Согушка баткан тажик элин Бишкек кантип элдештирген?Кээде көпчүлүк эң билимдүү же чынчыл деп таанылган киши деле пенделик кылышы, байкоостон же дагы бирөөлөргө ашыкча ишенгендиктен туура эмес сүйлөп коюшу, жаңылыш кадам жасашы ыктымалдыгын ойлобойт. Жөнөкөй пенделер эмес, генийлер, пайгамбарлар да ката кетирип, өкүнгөн учурлар болгондугун билгендер аз.
Ошондуктан эч кимди сокурчасынан ээрчий бербейли. Анткени “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”. Бирок кийин өкүнүп калбаш үчүн туура жолду бирге издейли, изденүү азабын биргеликте көтөрөлү. Ортого салган ойдун канчалык орундуу, алгылыктуу экенин текшериш үчүн ар бир жүйөнү талкуулап, “талкалап” көрөлү – данектүү ой мүмкүн болушунча жетик иштелсин, жүйөлүү сөз жүрөккө, аң-сезимге жетсин. Саман-топону иргелип турсун.
Диалогсуз ой бышпайт да, иш жүрбөйт
Талашып-тартышалы, бирок ар бирибиздин пикир айтуу укугубузду сыйлай билели. Талаштын максаты эптеп эле “каршылашты” жеңип чыгуу, Шукшиндин аңгемесиндегидей “мыш кылуу” эмес, чындыкты толугураак, тереңирээк аңдап билүү экендигин унутпайлы. (“Мыш кылды” деген аңгеме жөнүндө кийин өзүнчө сөз болот).
Ар кимибиз өзүбүз эң татыктуу деп эсептеген лидерге чындап жакшылык кааласак, аны сындагандардан эмес, кошоматчылардан коргошко аракет кылалы. Бири-бирибиздин оюбузду сабырдуулук менен угуп, адегенде “каршылаш” тараптын кебинен жүйөлүү жагын табууга аракеттенсек, анан гана өзүбүз туура эмес деп ойлогон-эсептеген жагын айтсак жакшы болмок.
Коомдо диалог – суроо-жооп болуш турушу зарыл. Дайым эле бизге жаккыдай суроолор берилбейт, жооп да биз күткөндөй кайтарылбашы толук ыктымал. Бирок, кээде канчалык жагымсыз же оор болсо (сезилсе) да, баары бир диалогдон качпаш керек. Жакпайбы, такыр туура эместей көрүнөбү, же ошондой деп эсептейбизби – эчтеке эмес. Такыр четке кагып салганга шашпай, угуп коё берели. Балким, биз жактырбаган сөздүн бир бөлүгүндө орток пикирге, мунасалуу чечимге өзөк болгудай нерсе табылып калар?
Биз билген, түшүнгөн чындык – объективдүү чындыктын бир өңүтү. Балким, ал акыйкаттын негизги же эң чоң бөлүгү чыгар; азыраак, бирок маанилүү жери болушу да ыктымал. Абсолюттук чындыкты эч ким жеке өзү толук биле албайт. Бирок билүүгө умтула беришибиз керек. Дал ошондуктан диалог керек. СУРОО-ЖООП (диалог, өз ара түшүнүшүүгө умтулуу) жок жерде ЖООПКЕРЧИЛИК болушу мүмкүн эмес. Ойдун табияты диалектикалуу.
Азыркы Спартак качан ойгонот?
"Маалымат согушу" деп атап алган кажылдашуудан деле тажагыдай болдук го. "Атаңды!" дегенге "энеңди!" деп тура бериш керекпи? Ырас, талаш-тартыш, ызы-чуу жүрүп жатат, аны азырынча бир тараптуу токтотуш колдон келбейт, балким, аракет кылуунун деле кажети жок – натыйжасы теңирден тескери болушу көбүрөөк ыктымал. Анүстүнө бул маалымат майданында өтө керектүү, көңүл бурган адамдарды жакшыраак, тереңирээк ойлонууга түрткөн сөздөр да айтылып жатат – иргеп уксак, окусак, көп нерсени түшүнүп алабыз.
Бирок кулак-мээни жеген ызы-чуудан улам жагдайды бизден жакшыраак билген адамдардын үнү угулбай калууда.
Ошондуктан кимге даректесек да, эмоциянын күүсү менен эле кыйкыра бербей, ар бир сөзүбүздү акыл элегинен өткөрүп, жок дегенде шахматтагы эки-үч жүрүштү мерчемдегендей логиканы сактоого умтулуу зарыл го?..
Балким, биз дүңүнөн "тигилерге" же "тигилер" бизге каршы эмес, эки жак тең бүтүндөй согушка каршы эмне кылуу керектигин, согуштан кимдер пайда таап жатканын ойлонор мезгил келип калгандыр?..
“Маалымат согушунун” жоокерлерибиз дегендер, балким, карандай эмоциянын күүсү менен кете бербей, бир аз убакыт өткөндө сөздүн нугун акыл калчоого, акылдашууга бурарбыз? Ошондо азыр эрегишип калган эки элдин каары байыркы Спартактын найзасындай болуп кан төгүүнүн себепкерлерине – ар кимибиздин (кыргызыбыздын да, тажигибиздин да) аң-сезимибизде ар кайсы даражада үстөмдүк кылып жаткан наадандыкка, ээрчимеликке, ач көздүккө, зулумдукка каршы багытталар?..