Казакстандын президенти 2019-жылы журналисттер менен жолугушууда "мындай жолугушуулар салттуу" болуп каларын айткан, бирок айтканы сөз бойдон калды. Ал эми коңшу Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды убакытты текке кетирүү деп эсептейт.
"ИШ ГРАФИГИ ЖЫШ" (ЧОЛООСУ ТИЙБЕЙТ)
2023-жылдын 27-декабрында Казакстандын президентинин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали «"Казинформ" мамлекеттик агенттигине маек куруп, президент Токаевдин бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында президенттик администрациянын кайрылууларды кароону көзөмөлдөө бөлүмү Акордага жөнөтүлгөн 53 миң 237 кайрылууга жооп берген.
Басма сөз катчы мамлекет башчынын "иш графиги жыш" экенине (чолоосу тийбегенине) басым жасап, 2023-жылы президент сегиз брифинг өткөрүп, чет элдик жана жергиликтүү маалымат каражаттарына төрт жолу маек курганын белгиледи.
Берик Уали Казакстандын "президенти келерки жылдын (2024-ж. – ред.) январь айынын башында республикалык басылмалардын бирине өлкөнүн ички жана тышкы саясатын чагылдырган кеңири маек берүүнү пландап жатканын" айтты.
Жакында, 2024-жылдын 2-январында Берик Уали Фейсбук баракчасына Касым-Жомарт Токаев менен "Казак гезиттери" ЖЧКнын башкы жетекчиси Дикан Камзабек уулунун Акордада отурган сүрөтүн илген. Вали сүрөт менен кошо президенттин кеңири маеги Egemen Qazaqstan гезитине жарыяланарын жазды. Сүрөткө караганда, журналист президенттен толук кандуу маек алганы эмес, кабыл алууга келгендей элес калтырат.
Ошентип, президент Токаев эки жолу убада кылган чоң маалымат жыйынын өткөрбөйт деп божомолдосо болот.
НАЗАРБАЕВ ЖАНА ТОКАЕВ
Борбор Азияда лидерлери кеңейтилген маалымат жыйындарын өткөрүп турчу эки өлкө бар. Бирок ал жерде да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ылганып, журналисттердин суроолору алдын ала макулдашылчу.
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев көп болбосо да, маалымат жыйындарын өткөрүп турар эле. Ал расмий телеканалдар аркылуу "түз эфирге" чыгып, анда ар кайсы кишилер көйгөйлөрү менен кайрылганга караганда каалоо-тилектерди көбүрөөк айтышчу. Кээде Назарбаевдин маалымат каражаттарынын суроолоруна берген жооптору бир нече редактор же журналисттер менен баарлашуу түрүндө болор эле. Басма сөз өкүлдөрү менен жолугушууларда жана "түз эфирде" курч суроолор берилчү эмес.
Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын июнь айындагы шайлоодон кийин журналисттер менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Кээ бир маалымат каражаттары бул жолугушууну "чоң маалымат жыйыны" деп аташты. Ага 66 ЖМКдан 107 журналист катышты, анын ичинен 22си чет элдик. Маалым болгондой, жолугушууда президентке 30га жакын суроо берилди. Бир сааттан ашык убакытка созулган маалымат жыйынынан кийин президент Токаев "мындай жолугушуулар салттуу" болуп каларын айтты. Андан бери төрт жылдан ашык убакыт өттү, бирок Акорда тараптан маалымат жыйындарын салтка айландыруу аракети болгон жок.
Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-ноябрында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөргөн. Ошондо ал чоң маалымат жыйын болорун убада кылган. Токаев ал жерде мындай деди: "Эгерде мен шайланып калсам, жылдын аягында же келерки жылдын башында чоң маалымат жыйынын өткөрөбүз". Бул убада созулуп отуруп, былтыр күздө аткарыла тургандай сезилди. Бирок президент Токаев 2023-жылды кеңейтилген маалымат жыйынысыз аяктады.
ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА ЖАПАРОВ
2019-жылы Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев алгачкы шайлоосун жана биринчи маалымат жыйынын өткөргөндө, коңшу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков экинчи жана акыркы кеңейтилген маалымат жыйынын өткөргөн.
Ошол эле жылдын декабрь айында анын ЖМК өкүлдөрү менен акыркы жолугушуусу үч сааттан ашык убакытка созулган. Маалымат жыйынына 200 журналист катышкан, анын 92си чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон.
Өткөн жылга чейин Кыргызстандын президенттери адаттагыдай эле жыйынтыктоочу маалымат жыйындарын өткөрүп келишти. Бирок Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаров эми мындай жолугушууларды өткөрбөй турганын билдирди.
Өткөн жылдын 18-декабрында президент Жапаров жергиликтүү "Кабар" агенттигине курган маегинде кеңейтилген маалымат жыйынын өткөрбөй тургандыгынын себебин түшүндүргөн. Кабарчынын бул маселе боюнча суроосуна ал: "Маалымат жыйыны Элдик курултайдан да кеңири болушу мүмкүнбү?" деп, риторикалык суроо менен жооп кайтарды. Анын айтымында, "айрым журналисттер көбүнчө кычыктанып суроо беришет".
"Албетте, бул алардын ар бирине мүнөздүү дегенден алысмын. Бизде өз ишин жакшы билген журналисттер да көп. Бирок маалымат жыйынынын жүрүшүндө алар негизинен белгилүү бир маселе боюнча гана тиешелүү суроолорду берип, мамлекеттин келечеги, анын өнүгүшү, экономикасы жана аймактардын көйгөйлөрү тууралуу суроолорду бербейт. Ошентип, маалымат жыйынынын жарымы такталбаган маалыматтарды териштирүү менен өтөт. Ырас, мен дагы мурдагы жетекчилер сыяктуу эле журналисттерди чогултуп, адегенде маалымат жыйыны өткөрүүгө аракет кылдым. Бирок биз анда бир нече саат бою такталбаган маалыматтарды териштирип, убакытты текке кетирдик", – деп билдирди президент Жапаров.
Дагы караңыз "Суроо көп". Журналисттер президенттин жыйынын күтөтКыргызстандын президенти мындай жолугушууларды эми Элдик курултай алмаштырат деп эсептейт. Бирок Элдик курултайдын мүнөзү маалымат жыйынынан айырмаланат. Быйыл 15-декабрда өткөн курултайда президенттин эл алдындагы отчету эмес, делегаттардын президентке өтүнүчү, даттануусу көбүрөөк угулду.
МИРЗИЁЕВ, РАХМОН ЖАНА БАШКАЛАР
Заманбап коомдо дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңейтилген маалымат жыйыны форматында маалымат каражаттары менен жолугушууларды өткөрүү салтка айланган.
Мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын чоң маалымат жыйындары – өлкөнүн саясий багытын, президенттердин ачыктыгын жана алардын ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун көрсөткөн орчундуу окуя. Мындан тышкары, бул бийлик менен коомдун ортосундагы кери байланыштын көрсөткүчү.
АКШда бул салтты 32-президент Франклин Рузвельт 1933-жылы баштаган. Американын радиоканалдарындагы кеп-сөздөр талкууланып, аларга түшүндүрмө берилген бул форматтагы жолугушуулар Fireside chats ("Коломто жанындагы сухбаттар") деп аталып калган.
Эммануэл Макронго чейин (2017-ж.) Франциянын президенттери да жыл сайын 14-июлда – Бастилияны алган күндө – кеңейтилген маалымат жыйындарын өткөрүшчү.
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел да журналисттер менен жолугушуп турчу. Ал парламент каникулга тарардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берчү.
Орус лидери мындай жолугушууну 2022-жылы, Украинага каршы согуш башталган жылы өткөрүүгө батынган эмес. Былтыр, 14-декабрда, Путин 17-жолу кеңейтилген маалымат жыйынын өткөрдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2019-жылы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, ал 14 сааттан ашык созулган. Өткөн жылы мындай жолугушууларга үч жолу катышкан. Ал кеңейтилген маалымат жыйынын 24-февралда, Орусия бул өлкөгө басып киргенде, Журналисттер күнү (6-июнда) жана жыл жыйынтыгы боюнча 19-декабрда өткөрдү.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн көпчүлүк лидерлери расмий жолугушуулардан кийинки брифингдерди айтпаганда маалымат жыйындарын өткөрүүнү же жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык маек берүүнү анча каалашпайт. Анткен менен алар көп учурда кайрылууларды жасашат.
Бирок кайрылуулар көбүнчө көрсөтмөлөрдү, буйруктарды берүү, багыттарды аныктоо түрүндө болот, ал эми көрүүчүлөр – президенттик администрациянын кызматкерлери жана депутаттар – кайрылууну окуп жаткан мамлекет башчысына кол чаап турат.
Кайрылуу жарыялангандан кийин "кайрылууну колдоо" өнөктүктөрү жана аны "ишке ашыруу" боюнча мелдештер башталат.
Маселен, президент Эмомали Рахмон өткөн жылдын 28-декабрында Тажикстан элине кайрылса, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын 20-декабрында элге кайрылган. 2017-жылы Өзбекстандын башчысы 2016-жылы бийликке келгенден берки биринчи маегин казакстандык "КазИнформ" агенттигине берген, ал эми 2021-жылы анын жергиликтүү маалымат каражаттарына курган биринчи маеги "Янги Узбекистон" гезитине чыккан.
Казакстандын президенти эки жолу кеңейтилген маалымат жыйынын өткөрүүнү убада кылган, бирок бул убада 2023-жылы да аткарылган эмес. Ал эми Кыргызстандын президенти ЖМК өкүлдөрү менен кеңири форматта жолугушуудан баш тарткан. Ошентип, коомчулук менен кери байланыштын деңгээлин чагылдырган кеңейтилген маалымат жыйыны Борбор Азияда эч качан тамыр жайбайт окшойт. Чөлкөмдө президенттер башкаруунун авторитардык жолоюн мурдагыдан да бекемдеп жатышат.
Макаланын автору "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Куанышбек Кари.