Баласын эмчек сүтү менен баккан энелер боюнча Африка жана Азиянын өнүгүп келе жаткан мамлекеттери сап башында турат. Улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 194 өлкөдөгү ымыркайлардын алты айга толгуча эне сүтү менен азыктануусун иликтеген ири изилдөө жүргүздү.
Ага ылайык, бир жашка чыккыча эмчек эмген балдардын 70 пайызга чукулу экономикасы чабал өлкөлөрдө жашайт экен. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө ымыркайын эмизген энелер барган сайын азайып баратканы белгиленет.
Кыргызстандык Табигат Мухтаралы кызы эки уулун тең Жапонияда төрөгөн. Ал балдарына сүтү жетпей, дароо эле жасалма азыктандырууга өткөн экен:
- Улуу балам боюмда болгон кезде догдурга барсам, баланы эмизесиңби же жасалма сүт менен багасыңбы деп сурап калышты. Мен аябай таң калдым. Көрсө Жапонияда төрөгөн аял эки айдан кийин эле жумушка чыгып, баласын эмизбейт экен. Мен өзүм эле багам дедим, тилекке каршы төрөгөндөн кийин сүт чыкпай, уулум ыйлай бергенинен буламык берүүгө аргасыз болдум. Экинчи уулум төрөлгөндө да кошумча тамак берип калдым.
Мыйзам бар, бирок иштебейт
Батышта азыр коомдук жайларда, ал тургай мамлекеттик мекемелерде энеге баласын эркин эмизүүгө шарт түзүү боюнча ар түрдүү акциялар жүрүп жатат.
Кыргызстандагы ымыркайлардын алты айга чейин эне сүтү менен азыктануусун толук кандуу ишке ашыруу багытында 2008-жылы мыйзам да чыккан. Бирок Азыктануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча жарандык альянстын өкүлү Гүлмира Кожобергенова мыйзамдын толук иштебей жатканына бир нече факторлор себеп болуп жатканын белгиледи:
- Ушу тапта энелер кайсы бир мамлекеттик мекеменин имаратында же коомдук жайда ээн-эркин баласын эмизе албайт. Бул үчүн атайын бөлмө да каралган эмес. Экинчиден, кургак сүт чыгаруучу компаниялар өз азыктарын эч кандай маркировка же эн белгиси жок, ал тургай кыргыз тилинде көрсөтмөсүз сатып жатышат. Алардын кутуларында эне сүтүнүн пайдалуу жактары тууралуу маалымат камтылышы керек. Бирок алар өлкөдөгү мыйзамды аткарышкан жок.
Кургак азыктар текшерилет, бирок...
Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Бактыгүл Исмаилова ар бир сүт азыгын сатыкка чыгаруудан мурда Мамлекеттик оорулардын алдын алуу жана санэпидемиология кызматы текшерүүдөн өткөрөт деди:
- Бизге келген сүттүн баарын текшерүү кыйын. Азыр биз ЕАЭБге киргенбиз. Чек арада ымыркайга берилчү азыктарды чектеген нормалар жок. Ошентсе да сүт сатуучу компаниялар алгач алардын товарын ырастаган сертификатты бизден алышы керек. Ушундан улам өлкөгө кирген ар бир кошумча сүт азыгы лабораториялык изилдөөдөн өтөт. Буга чейин алардын сапатында кандайдыр бир шектүү зат байкалган учур сейрек кездешкен. Маселен, бир нече жыл мурда Кытайдан келген кургак сүттүн курамында шектүү нерселер табылып, аларды сатыктан алдырып, кайра артка жибергенбиз.
ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык уюму демилгелеген 1-7-августтагы эмизүү аптасында болочок энелерге жана эмизип жаткандарга баланы алты айга чейин жалаң эне сүтү менен багуунун артыкчылыктары түшүндүрүлөт.
Экономика да өнүкмөк
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Юкиэ Мокуо баланы эне сүтү менен чоңойтуу өлкөнүн экономикалык келечегине да чоң салым кошот деген пикирде:
- Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балдарды жалаң эмизүү менен чоңойтуу алардын акыл-эсинин, дене-боюнун толук кандуу жетилүүсүн шарттайт. Балдардын кийин жакшы иштерде иштеп, каражат табуусуна өбөлгө түзүлөт. Биздин эсептөөбүз боюнча ымыркайларды жалаң эмизүүдөн эле 2025-жылы дүйнө 300 миллиард доллар киреше табат.
Адистер мындан тышкары эне сүтүндөгү пайдалуу заттар баланын иммундук системасын чыңдайт, аллергия, кант диабети, жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алат деп айтып келишүүдө.
Эне-баланын саламаттыгына пайдалуу
Эмчек эмизүү жеке эле баланын саламаттыгына оң таасир этпей, энени инсульт, жүрөк- кан тамыр ооруларынан сактайт дешет Оксфорд университети менен Кытайдын медициналык академиясынын адистери. Изилдөөчүлөр 300 миңден ашуун орто жаштагы аялдарды сегиз жыл бою көзөмөлгө алып, алардын арасынан балдарын эмизгендери инсульт жана жүрөк дартына аз чалдыкканын аныкташкан.
Маселен 18 айга чейин эмизгендерде жогорудагы ооруларга чалдыгуу коркунучу 18 пайызга азайган.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен британиялык жана германиялык аялдар балдарын аз эмизери аныкталды. Маселен, көз жарган 200 англиялык аялдын 0,5 пайызы гана баласын бир жашка чейин эмизет экен. Дүйнөлүк саламаттык уюму наристени эки жашка чыккыча эмизүүнү сунуштап келет.