Шоколад жапон эркектерин акцияга чыгарды

Махабат күнү Токио дүкөнүндө соода кылып жаткан аялдар. 10-февраль, 2005-жыл.

14-февралда дүйнөдө Ыйык Валентин же махабат күнү белгиленди. Бул күнү Жапониядагы аялдардын көбү ондогон жылдардан бери келаткан салтка каршылыгын билдирип, эркектерге шоколад берүүдөн баш тартышты.

Жапонияда 1958-жылдан бери Ыйык Валентин күнүндө эркектерге шоколад берүү салтка айланган.

Кыз-келиндер эркек кесиптештерине "гири" деп аталган атайын шоколадды, сүйүктүүлөрү үчүн жүрөк формасында жасалган момпосуйларды берип куттукташат.

Бирок быйыл Токио институту жүргүзгөн сурамжылоодо айымдардын 35 пайызы гана чогуу иштеген мырзаларга жана сүйүктүүсүнө таттуу алган.

Белек берүүдөн баш тартканын айткан аялдардын саны 65% түзгөн. Алар шоколад кымбат болгондуктан чөнтөккө күч келтирүүнү каалаган эмес.

Буга чейин эле Күн чыгыш өлкөсүндө махабат күнү жапон патриархатынын символуна айланганын сындап келгендер болгон.

Дүкөн сатуучусу. Токио. 14-февраль, 2001-жыл.

Аялдар шоколад алуудан баш тарткан сайын, өлкөдө белексиз калган эркектер да көбөйүп жатат.

Эч ким куттуктабай шагы сынган жапон эркектери быйыл нааразылык акциясына да чыгышты.

"Популярдуу эмес эркектердин революциялык альянсы" деген бул топ түгөйү жоктордон турат. Айрымдары кесиптештеринен да шоколад албай томсоруп калган.

Акциянын катышуучулары “Ыйык Валентин күнү белгиленбесин!”, “Кондитерлердин кутумуна катышпагыла!” деген ураандарды чакырып жатышты.

Кыймылдын жетекчиси Такаюки Акимото шоколад албай калган мырзаларды шылдың кылбоого чакырды:

- Мына ушундай майрамдардын айынан сүйүктүүң барбы же жокпу, бирөөгө жакпайсыңбы же жагасыңбы, ачык-айкын билинип калып жатат. Бул анча сүйкүмдүү эмес мырзалардын дискриминацияга кабылышына жол ачууда. Ошондуктан биз бул майрамга каршыбыз.

Жапонияда бул күн 1958-жылдан тарта майрамдала баштаган. Дал ошол жылы Mary Chocolate аттуу кондитердик фирма аялдарды эркектерге таттуу берүүгө үндөгөн жарнамалык акция өткөргөн. Эркектер жооп катары аялдарга 14-мартта таттуу беришет.

"Менин сүйүүм - менин планетам"

Ал эми Белгиянын баш калаасы Брюсселде 14-февраль күнү жаштар Жер планетасына болгон сүйүүсүн билдиришти.

Шаар полициясынын маалыматына караганда бул күнү көчөгө 11 миңден ашуун студент чыкты. Музыка, ыр-күү коштогон акцияда жаштар өлкө бийлигин климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу жана ыкчам чара көрүүгө чакырышты.

Демонстранттар “Мен Жерди сүйөм”, “ Көмүр кычкыл газы абага толду” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп чыгышты.

Климаттын өзгөрүлүшүнө нааразылык билдирип чыккан студенттер. Брюссель, 14-февраль, 2019-жыл.

18 жаштагы студент Валентин Дюфер мындай акциялар аркылуу башкаларды да шыктандырууга аракет кылып жатышканын билдирди:

- “Студенттер өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аракет кылбайт” деп бизди сындап жатышат. Ошондуктан чогулуп, кайдыгер эместигибизди көрсөткүбүз келди. Биз башкаларды да аракет көрүүгө шыктандырган кыймыл түзүүнү көздөп келебиз.

Брюсселдеги окуучулар менен студенттердин мындай акцияга чыгып жатканына алты апта болду. Алар ар жуманын шейшемби күндөрү сабактарын калтырып, Белгия мамлекетинин жана башка өлкөлөрдүн бийликтерин бул көйгөйгө көңүл бурдурууну көздөп келишет.

Мунун баары Швециядагы орто мектептин окуучусу Грета Тунбергдин акциясынан башталган. Секелек кыз былтыр күз айларында өкмөттү абага бөлүнүп чыккан булганыч газдарды азайтууга чакырып, бир нече күн жалгыз пикетке чыккан. Андан соң Грета Тунберг климаттын өзгөрүшүн талкуулаган бир катар эл аралык жыйындарга чакырылып, дүйнө калкына өз кайрылуусун жолдоого жетишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.