"Сүйүү гормону" адамды өзгөртөт

Иллюстрация

Калифорния университетинин окумуштуулары адамдагы окситоцин же жөнөкөй тил менен айтканда, "сүйүү гормону" мээдеги нейротрансмиттерге маңзаттай таасир этип, адамдын коомго жасаган мамилесин кескин өзгөртөт деген тыянак чыгарышты.

Окумуштуулар окситоцин жана анын мээдеги анандамид нейротранситтеринин өз ара катышын изилдеген. Натыйжада бул экөө бириккенде мээде марихуана чеккендегидей реакция жүрүп, киши өзүн өзгөчө бактылуу сезери аныкталды.

Анандамид нейротранситтерин изилдеген профессор Даниел Пиомелли окситоцин же “сүйүү гормону” кимдир бирөөнү жактырып калганда мээден бөлүнүп чыгып, адамдын коом менен байланышын жакшыртат деп эсептейт.

2011-жылы Даниянын илимпоздору окситоцин гормону менен аутизмди дарыласа болорун айтып чыгышкан. Бирок аялдын организминде төрөттөн кийин гана аз убакытка чыкчу бул гормонду лабораториялык шартта өндүрүү өтө кыйын. Ошентсе да окумуштуулар окситоцин менен аутизмди дарылап көрмөй болушту.

Орусияда ВИЧ күчөдү

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова өлкөдө ВИЧ оорусу эпидемиялык абалга өткөнүн билдирди. Ушу тапта Орусияда 200 миң адам ВИЧ-СПИД дарты менен расмий каттоодо турат. Оорусу аныкталбай, каттоого алынбай жүргөндөр канча экени белгисиз. Скворцова өлкө калкынын 23% ВИЧ жугузган болушу ыктымал деп шектенүүдө. Эгер андай болсо 2020-жылга чейин бул сан 900 миңге чыгып кетиши мүмкүн дейт адистер. 2014-жылы эле ВИЧти жуктургандар саны 92 миң кишиге жеткен. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 12% көп.

Сапатсыз пломба тишти чиритет

Тишке салган пломбанын сапаты начар болсо, анын зыяны жанындагы соо тиштерге тиерин окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Dentistry журналындагы макалада Британ тиш догдурлар бирикмесинин профессору Демиен Уолмсли жазган. Ооруган тишке сапаты начар пломба коюлса, ал соо тиштерди да оорутат. Андыктан пломбанын сапаты маанилүү дешет дарыгерлер. Он жылдан ашуун жүргүзүлгөн изилдөө бир тишине сапатсыз пломба коюлган бейтаптын 10 чакты соо тиши да чирип кеткенин көрсөткөн.

Жүрөк талмасы кыз-келиндер үчүн коркунучтуу

Кыз-келиндер жүрөк талмасына чалдыкса, тез эле мерт кетиши ыктымал экенин АКШнын кардиологдору изилдеп чыгышты. Эркектерге салыштырмалуу аялдардын жүрөгү морт келет. Кокус жүрөк талмасы кармаса, андан каза болуу коркунучу 11% жогору. 2012-жылдан баштап жүргүзүлгөн изилдөөгө жүрөк талмасы кармаган 3 миң 501 адам катышкан. Алардын 2 миң 349у аял, 1 миң 152си 18 жаштан 55 жашка чейинки эркек болгон. Жүрөгү ооруган аялдардын дээрлик 97% өлүм коркунучу менен жашаса, эркектерде бул көрсөткүч 56% деп катталган.