Лондондо элге бычак шилтеген киши атып өлтүрүлдү

29-ноябрда Лондон көпүрөсүндө белгисиз киши ал жерден өткөндөргө бычак менен кол салган. Жараат алгандардын экөө ооруканада каза тапты.

Окуя болгон жерге келген полиция шектүүгө ок аткан.

Азырынча бычак менен кол салуунун себептери маалымдала элек. Өтүп бараткан жарандар окуяны видеого тартып алган.

2017-жылы дал ушул көпүрөдө диний экстремисттердин колунан сегиз тургун каза болуп, 48 киши оор жараат алган. Анда экстремисттер автофургон менен жөө тургундарды сүздүрүп кеткен. Кол салган үч киши окуя болгон жерде полициянын огунан ажал тапкан.

Кандуу окуядан бир нече ай мурда Вестминстер көпүрөсүндө кишилерди сүзүп айдаган автомобилди полиция парламент имаратынын жанынан токтоткон. Машинанын айдоочусу полиция кызматкерине бычак шилтеп жарадар кылган. Аны экинчи полиция кызматкери аткан. Күч органдары бул окуяны теракт деп атаган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террористтик уюму алган. Жараат алган аял жана полиция кызматкери ооруканада көз жумган. (TSh)