Коронавирус камаган кемедеги жашоо

«Diamond Princess» саякат кемесинин ичинде коргонуучу кийимчен бара жаткан киши. Кеме вирустун айынан 3-февралда Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. 

Кеме Жапониянын Иокогама портунда токтоп турат. Сүрөттө полиция кызматкерлери кемедеги жарандарды жээкке жакын келтирбей көзөмөлдөп жатат.
 

Жумушчулар кеменин ичиндеги лифти дезинфекция кылып жатышат. Кемедеги 400дөн ашуун жүргүнчүгө коронавирус жукканы аныкталды.
«Үрөй учурган жагдай. Мунун баары менин кемемде болуп жатканына ишене албай турам», - деп кеме экипажынын бир мүчөсү журналисттерге жооп берген. 

Кеменин ичинен көрүнүш. 

«Diamond Princess» саякат кемесиндеги жүргүнчүлөр. Алардын көбү 50 жаштан жогору курактагылар экенин кеменин экипажынын мүчөлөрү билдиришкен. Коронавирус жашы улгайгандар жана иммунитети начар адамдар үчүн өтө кооптуу экени айтылууда. 

 

10-февралда кемедеги айрым жүргүнчүлөрдү эвакуациялаш үчүн суу жукпаган таар жабылган жасалма жол. 

Колду дезинфекциялай турган каражат жана бош калган мээлейдин кутучасы. Мындай чакан санитардык шаймандар кеменин бардык бөлүгүндө орнготулган.

«Diamond Princess» кемесинин экипаж мүчөсү коргонуучу кийим кийген медицина кызматкери менен сүйлөшүүдө. Экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр өз каютасынан чыккан учурда беткап жана мээлей кийип жүрүшү зарыл. 
 

Карантинде турган кемедеги бир жүргүнчүгө берилчү тамак. 

 

Жапонын эксперттер тобу «Diamond Princess» кемесинен жээкке кайткан учуру. Көпчүлүк жүргүнчүлөр оору тамак-аш же кеменин желдетүүчү системасы аркылуу жугушу мүмкүн деп кабатыр болушууда. 


 

Палубага чыккан жүргүнчүлөр. Кемедеги жүргүнчүлөрдүн көбү убакытты өз каюталарында өткөрүүдө. Кээде гана аларга таза абага чыгууга уруксат берилет. 9-февралда АКШнын Жапониядагы элчилиги «оору желдетүүчү система аркылуу жугушу мүмкүн экенине азырынча эч кандай далил жок» деп билдирген. 


 

«Өзүңө жана башкаларга кайрымдуу болуу - эң чоң күч». Кеме карантинге алынган күндөн тартып кагазга жазылып, палубанын ар кайсы бурчуна чапталган сөздөрдүн бири. 

Кеменин ичинен тартылган көрүнүш. Карантин 19-февралда бүтөт. Ошондо кемедеги жүргүнчүлөрдүн баарына өз үйлөрүнө кайтууга уруксат берилет. 

«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинде турат. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. Карантинге алынган кемедеги жашоо сүрөттөрдө.