Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.
Москва шаардык сотунун расмий сайтынан да Маевскийге Орусиянын Кылмыш кодексинин “Опузалоо” беренеси менен (163-берене, 3-пункт, п.б.) айып тагылып жатканын, анын бөгөт чарасы жума күнү каралганын, судья Дмитрий Гордеев аны камакка алууну чечкенин көрүүгө болот. Эгер сот аны айыптуу деп тапса, 7ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
“Интерфакс” агенттиги тергөөнүн маалыматына жана судьянын айткандарына таянып кабарлагандай, Маевский 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Москвада белгисиз адамдар менен алдын ала келишип алып, жабырлануучулардан кеминде 37,5 миллион доллар талап кылган. Ал мынча каражатты беришпесе жабырлануучулардын беделине шек келтире турган маалыматты тарата турганын айткан. Бул факт боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү Маевский кармалып, ага айып угузулган.
Маевскийдин бөгөт чарасы жума күнү Тверь райондук сотунда жабык каралган. Мурдагы орус депутатынын адвокаттары маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн соттук процесске катыштырбоону өтүнүшкөн.
“Интерфакс” агенттиги Маевскийдин: “Бул жерде мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы тууралуу маселелер козголушу мүмкүн, мындан улам алар прессанын катышуусу жок талкууланышын каалай турганымды кошумчалагым келет”, - деп билдиргенин жазды.
Айыпталуучунун адвокаттары комментарий берүүдөн баш тартышкан. Азырынча Маевскийдин "опузасына кабылды" делген жабырлануучулар ким экени тууралуу маалымат ачыкка чыга элек.
Маевскийдин Кыргызстандагы изи
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган.
Маевский Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара бергенин билдирген. 2017-жылдын 25-февралында Коомдук биринчи канал баштаган мамлекеттик телеканаларда көрсөтүлгөн видеотасмада Маевский 2010-жылы май айында Текебаев Бишкекте мобилдик компаниялардын бирин жетектеген Алексей Модин аттуу таанышы аркылуу “Мегаком” компаниясын алууну сунуштаган деп айткан.
Айыпталган саясатчылардын адвокаттары Маевскийдин көрсөтмөсү ишеним жаратпай турганын, анда карама-каршылыктуу жагдайлар арбын экенин соттук териштирүү маалында бир нече ирет белгилешкен. Текебаев менен Чотонов өздөрү айып-дооматтын баарын четке кагып, "саясий куугунтуктун курмандыгы" экенин билдиришкен.
- Текебаевдин кылмыш иши саясий шоу. Аны саясаттан жок кылуу максатында козголду. Кылмыш иши жарыктын ылдамдыгындай тез ачылды. Атамбаев муну кадимки кылмыш иши деди. Бирок бул саясий буйрук. Текебаевге козголгон кылмыш ишинин төркүнү Конституцияга барып такалат. Анткени ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы туруп, Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн, - деп билдирген адвокат Канат Хасанов сотто.
Адвокат УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизгейтти" далилдей албагандыктан бул кылмыш ишин ачты" деп айткан.
Жогорку Кеңеште Текебаевдин кармалышына байланыштуу маселе каралганда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаева анын камалышы "туура болду" деген баасын беришкен.
Айрым депутаттар Текебаевди камакка алууга негиз болгон арыздын ээси, орус жараны Леонид Маевскийди да жоопко тартууну сунуш кылышкан.
Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев башкы саясий оппонентинин камалышын колдогон.
2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Бул чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган.
Мурдагы президент Атамбаевдин учурунда бийликти күч менен басып алуу, коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаров сыяктуу жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист камакка алынган.
Абактагы саясатчылардын көбүнүн кылмыш иштери Жогорку Сотто каралып, акыркы сот өкүмдөрү чыккан. Айыпка жыгылгандар өздөрүнүн камалышын Атамбаев баштаган ошол бийликтин "саясий курмандыгы" катары санашат.
Мурдагы президент Атамбаевдин убагында камалып, эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчылардын иштерин калыс кароого мүмкүнчүлүк берүү маселеси жаңы президент Жээнбеков кызматына киришкенден бери эле көтөрүлүп келе жатат.
- "Саясий туткундар" маселеси, албетте, каралышы керек. Бул маселени бир жыл же андан бир аз көбүрөөккө дагы билмексен, көрмөксөн болуп койсо болот. Бирок бүгүнкү күндө Атамбаевдин убагында саясий куугунтуктун негизинде кармалып, камакка алынган адамдардын иши кайрадан каралбаса, анда коомчулукта бийликке карата көз караш кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындай нерсени унуткарып коюуга болбой турганын ачык эле айтуу абзел, - деп билдирген "Азаттык" үналгысына коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.
Маевский ким?
Быйыл 58ге чыккан Леонид Маевский расмий сайтында өзүн техника илимдеринин доктору, профессор, биринчи рангдагы капитан катары мүнөздөгөн.
Анын жеке сайтында 1990-жылдардын башында Казакстанда иштегени жазылган. Маевский убагында казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө киргенин, Коопсуздук, басма сөз кызматтарындагы, Тышкы иштер министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер менен жылуу мамиледе болгонун, президенттин кызы Дарига Назарбаева менен "Хабар" телеканалынын түптөлүшүнө салым кошконун белгилеген.
Маевский 1995-жылы Орусиянын ошол кездеги вице-премьери жана байланыш министри Владимир Булгактын жеке чакыруусу менен Москвага келгенин айткан. 2000-жылдарга чейин телекоммуникация, телерадио тармагында иштегени жазылган.
Маевский 1999-2003-жылдары Орус Думасында Коммунисттер партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Дагы караңыз "Саясий иштердин" санаасыОрусиялык “Коммерсант” басылмасынын маалыматы боюнча 2003-жылы Омск облусунун губернаторлугуна ат салышкан. Саясий атаандашы, облустун ошол кездеги губернатору Леонид Полежаев менен араздашып, ал сотко жетип, Полежаевдин "ар-намысына шек келтирген" деп айыпталган. Сот аны 1,15 миллион рубль төлөөгө милдеттендирген.
Интернеттеги маалыматтар боюнча Маевский 2003-жылы “МегаФон” мобилдик операторунун 25,1% акциясына ээлик кылган LV Finance инвестициялык компаниясын сатып алганы айтылат. Ушул эле жылы акциялардын сатып алынышына байланыштуу “Мегафондун” жетекчилигинде жаңжал чыккан.
Ал жаңжал 2004-жылдын этегинде кылмыш ишине чейин жетип, анын компаниясынын кеңселеринде тинтүү болгон. Ал маалда Маевский араб өлкөлөрүнүн бирине качып кеткени жазылган. Ал Орусияга 2006-жылы кайтып келген.
2011-жылдан бери имараттардын, үйлөрдүн сыртын каптаганда колдонулчу плиткалар менен орус рыногун 20% камсыздаган UniTile компаниясынын негизги акционери деп жазылган.
Өзүн “кризистик менеджер” деп атаган Маевскийдин ишмердиги тууралуу соңку маалымат 2016-жылдын этегинде чыккан. Анда минералдык суу чыгарган “Архыз” компаниясынын карызын сатып алганы көрсөтүлгөн. Бул компания Сбербанкка 1,8 миллиард рубль карыз болуп калганы айтылган.