Ленин округу: солгун шайлоо, Ниязалиеванын жеңиши, Искаковдун дооматы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кайра шайлоо: Ниязалиеванын утушу, Искаковдун дооматы

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 29 талапкердин ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыкты.

Ага 17 423 адамдын 35%, же болбосо 6 242 адам добуш берген.

Добуш сатып алуу болдубу?

Ошол эле учурда жарандардын активдүүлүгү өтө солгун болуп, тизмеге катталган 124 908 адамдын 17 423ү гана шайлоого келди.

Азыркы эсеп боюнча 1 317 добушу менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыкты.

Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин айтууда.

Дагы караңыз Ленин округу: баштапкы эсепте Дамира Ниязалиева алдыга чыкты


Дамира Ниязалиева 28-майда билдирүү таратып, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" катары сыпаттаган.

"Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, аталган талапкердин аракетине баа берип, мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул ишке укук коргоо органдары чекит коет. Биздин алдын ала маалымат боюнча алардан өздөрүнүн акчасы гана табылган", - деп билдирген ал.

ИИМ териштирүү жүрүп атканын билдирип, бирок эч бир талапкердин ысымын атабады.

“Ошол видео тартылган кафенин ээси, официант, андагы үч аял суралып атат. Тергөө иштерин жүргүзөбүз”, - деди ИИМдин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов.

БШКнын маалыматына караганда, мекемеге эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталган эмес. Ал эми анын үчөө боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп атат. Анын тыянагы шайлоонун соңку жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова буларды билдирди:

“Добуш сатып алуулар боюнча бир билдирүү ИИМде тергөө жүрүп атат. Дагы эки арыз укук коргоо органдарында кароодо. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып атканда келип түшкөн арыздарга акыркы чечимдер чыгарылат. Демек, укук коргоо органдарынын компетенциясынын алкагындагы маселелер боюнча маалыматтар келип түшкөндө БШК чечим чыгарат. Айтылып аткан фактылар аныкталса, ал шайлоонун жыйынтыктарына таасир этет”.

Шайлоо эмнеге солгун болду?

Ошентип, тизмеге кирген район жашоочуларынын 86% депутат тандоого көңүл кош мамиле кылып койду. Буга шайлоого ишеничтин жоктугун, анын үстүнө көрүнүктүү талапкер болбогонун себеп катары эсептегендер бар.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев шайлоого катышуунун солгун болушун депутаттарга элдин ишеними азайганынан көрөт:

“Бизде жарандардын көбү шайлоого кайдыгер, депутат болгусу келгендерге ишенич кеткен. Анын үстүнө шайлоодон тажап да калганбыз. Мындан тышкары талапкерлер үгүт кампаниясын начар жүргүзгөнү үчүн көрсөткүч ушундай эле болот. Буга чейин шайлоочуларды акча, ар кандай нерселер менен кызыктыруу бар болчу. Аларды ташып келгенге чейин барышчу. Азыр андай ыплас нерселер азайып, шайлоочулардын реалдуу саны чыга келди. Элибиздин шайлоого болгон мамилеси ушул”.

Дагы караңыз Оппозиционер Жээнбековдун жубайын каматкан иш

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мунун себебин шайлоонун эл эс алууга кеткен убакта өткөнү менен байланыштырды:

“Салыштырмалуу карасак, бир жыл мурда Свердлов районундагы кайра шайлоого 18 миңден ашуун адам келген. Бүгүнкү шайлоого келгендердин саны 17 миң болуп атат. Бул антирекорд деп айтса болот. Буга бир нече себеп бар. Эл эс алууда жүрөт. Жайында саясий активдүүлүк жок болот. Анын үстүнө талапкерлер үгүт иштерин жогорку деңгээлге чыгара алган жок. Болбосо жалпы шайлоочулардын саны да көп эле”.

"Абактагы талапкерлерге шарт түзүлгөн жок"

Талапкерлердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында кармалып турат. Равшан Жээнбеков 328 (2,30%), Акыл Айтпаев 829 (5,82%), Илгиз Сарылдык уулу 38 (0,27%) добуш алды.

Сарылдык уулунун өкүлү Төрөбек Жунусов шайлоодо акча роль ойноду деп билдирди:

“Камактагылар жарышка колу, буту байланып чыккандай болуп калды. Шайлоону комплекстүү караш керек да.Биздин талапкер командасы, шайлоочулары менен жолуга алган жок. Дебатка катышууга уруксат берилбеди. Шайлоого катышты деген эле аты болуп калды. Муну ат чабышка жөө чыккан менен салыштырса болот. Андыктан башында эле жыйынтыгы белгилүү болчу. Баса белгилей кетүүчү нерсе - шайлоого келгендердин саны болууда. Бүгүнкү сандар бийликке, шайлоого ишенимдин жоктугун билдирет. Депутаттын маселе чечишине, өз алдынча иш кылышына ишенич жок. Анан бул шайлоодо программа эмес, акча чоң роль ойноду”.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Жакында эле Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы белгилүү болгон.

Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: абактагы ачкачылык, жети айга созулган тергөө

Дамира Ниязалиева ким?

Баштапкы маалымат боюнча бир мандаттуу бул округдан шайлоодо алдыга озгон Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Ал вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн тушунда кыска мөөнөттө саламаттык сактоо министри да болуп турган. 1960-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

Ниязалиевадан кийин эле 2 070 добуш алган Уран Сариев, анын артында 1 317 добуш топтогон Эртай Искаков келе жатат.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.