Кызылча жугузгандар көбөйдү, эпидемиологиялык абал курч

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча менен ооруган 3000ге чукул бейтап катталды, алардын басымдуусу - балдар. Оору Бишкек, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп катталып жатат.

Дарыгерлер диний көз караштан жана вакцинага ишенбестиктен улам эмдөөдөн баш тартып жаткандар бар экенин, буга байланыштуу жер-жерлерде эмдөө иштери кыйынчылык менен коштолуп жатканын билдирүүдө.