Медайымдын өлүмү, кечиккен кенемте

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги №6 оорукананын башкы медайымы, 68 жаштагы Екатерина Мусаева февраль айында коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсү өкмөт убада кылган кенемтени ала албай убара болууда. Кыргызстанда COVID-19 вирусу башталгандан бери жүздөн ашуун медициналык кызматкердин өмүрүн алды. Бирок алардын канчасы медайым жана дарыгер экени так эсептеле элек.