"Кыйналган адамдарды көрдүм". Абакта өткөн үч ай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Январда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык оппозициялык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы абактан бошоткон. Алар былтыр октябрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өттү деген негизде кармалып, Бишкекте үч ай тергөө абагында отурган.
Азыр Францияда жашап жаткан Баймагамбетова “Азаттыкка” маек куруп, башынан өткөн кыйынчылыктары, Кыргызстанда тергөө абагындагы шарттары тууралуу айтып берди.