"Кытай өз кызыкчылыгын коргойт". Мамкарыз 6 млрд доллардан ашты

Финансы министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көбөйүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, муну ички карыздарга басым жасалганына байланыштырды.

Мекеме тышкы карыз көп өспөгөнүн, айрым көрсөткүчтөргө салыштырмалуу тескерисинче кыскарганын билдирүүдө.

Соңку эсепте мамлекеттик карыз 6 млрд доллардан ашып, коомчулукта талкуу жараткан. Иш жүзүндө азыркы бийлик өлкө башына келгенден бери жалпы карыз 1 млрд долларга көбөйдү.

Карыздын жалпы санагы

2023-жылдын 31-октябрына карата мамлекеттик карыздын эсеби декабрдын аягында жарыяланды. Демек, Кыргызстандын жалпы карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сом.

Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) – тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) – ички карыз.

Мекеменин адистери мунун ичинен тышкы карыз 2023-жылдын январына салыштырмалуу 38 млн долларга, 2023-жылдын сентябрына салыштырмалуу 4,15 млн долларга азайганын билдирүүдө. Ошол эле маалда ички карыз аталган жылдын башына караганда 407 млн долларга, бир ай мурдагы санга караганда 17,72 млн долларга өсүптүр.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Абданбек Абдыбапов “Азаттыкка” дагы да кененирээк түшүндүрмө берди:

Абданбек Абдыбапов

“Бул жерде баары мамлекеттин саясатына байланыштуу. “2024-2028-жылдарга карата фискалдык саясаттын негизги багыттары” жана “Карыздарды башкаруу стратегиясы” документтерине ылайык, Министрлер кабинети мындан ары ички карыздарды тартууга басым жасайт. Тышкы карыздар атайын экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга гана тартылат. Мурдагы жылдары республикалык бюджет көбүнчө дефицит менен бекилип, аны жабуу үчүн тыштан алынган карыздар жумшалып келген. 2023-жылы биз мына ушуну кескин кыскартып, 2024-жылы бюджетти профицит менен бекитип жатабыз. Башкача айтканда, биз бюджетти колдоо үчүн тыштан карыз алууну токтоттук”.

Деген менен азырынча ички булактардан алынган карыз баары бир бюджеттин кайсы бир бөлүктөрүн жаап жатат. Муну биз 2023-жылдын он айында алынган ички аласаларды талдасак эле көрүнө калат.

Айталы, 2022-жылдын аягында ички карыз 1 млрд 98 млн доллар болчу. 2023-жылдын октябрынын жыйынтыгында тиешелүү сумма 1 млрд 518 млн доллар болгонун жогоруда белгиледик. Бул аталган аралыкта 420 млн доллар же 37-39 млрд сом карыз алынган дегенди түшүндүрөт.

Ошондо мунун баары 2023-жылдын бюджетине киреше катары кирдиби? Андай болсо, бюджет ошонун эсебинен да көбөйдүбү? Финансы министрлигинин өкүлү буга мындайча жооп берди:

“Ал сумманын бардыгы бюджетке киреше катары киргизилген эмес. Анткени баалуу кагаздар максаттуу түрдө сатыкка чыгарылып, ошонун эсебинен алынган ички карыздар башынан эле конкреттүү бир долбоорлорго байланат. Албетте, кийин ал бюджеттик милдеттенме катары каралып, бюджеттин эсебинен төлөнөт. Бирок алынган карыздар ири инфраструктуралык долбоорлорго, социалдык объектилерге же гидроэлектр станцияларын курууга багытталганы үчүн каражаттар банктагы депозиттик эсептерге түшөрү менен каржылоого түз кетет. Ошону үчүн анын баары бюджеттин киреше бөлүгүнө келип отурбайт. Жалпылап айтсак, 10 млрд сомдой каражат ошондой долбоорлорго түз жумшалган, калган 29 млрд сомдой каражат бюджеттин киреше бөлүгүндө каралган”, – деди Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Абданбек Абдыбапов.

Баса, 2023-жылы декабрда Финансы министрлиги Кыргызстандын Фондулук биржасына жана Орусиянын Москва биржасына сом жана рубль менен номинацияланган баалуу кагаздарды сатыкка чыгарган. Мында жалпысынан 1 млрд сом жана 1 млрд рубль суммага барабар облигация рынокко жайгаштырылган.

Бирок соңунда 852 млн сомдук гана баалуу кагаз сатылган. Демек, 2023-жылдын декабрына карата мамлекеттик карыздын суммасы чыкса, ички карыз дагы көбөйөт десек болот.

Үч жылда кошулган сумма

Кыргыз коомчулугунда мамлекеттик карыздын суммасы жөнүндө кеп болгондо, мурдатан эле ар бир президенттин тушунда алынган каражаттар бөлүп көрсөтүлүп, салыштырылып турчу салт бар. Ошол себептүү мамкарыздын соңку эсебин азыркы бийлик келгенге чейинки сандар менен салыштырып көрөлү.

Учурдагы президент Садыр Жапаров алгач өкмөт башчылыкка шайланган 2020-жылдын октябрь айынын жыйынтыгында Кыргызстандын карызы 4 млрд 843,81 млн доллар болчу. 2023-жылдын октябрь айынын жыйынтыгында, 6 млрд 590 миң долларга жетип отурат. Ошондо мамлекеттик карыз үч жыл ичинде 1,1 млрд долларга көбөйгөн болот.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы, анын ичинде ички жана тышкы береселеринин соңку беш жылдагы динамикасы.

Азыркы бийликти сындагандар мына ушуну көп мисал келтирүүдө. “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков соңку кайрылуусунда азыркы бийликтин тушунда жакырчылык, жумушсуздук күчөп, менчик укугуна жана эркиндикке кол салынганын айыптап, кийин карыз темасына мындайча токтолду:

Равшан Жээнбеков

“Эң коркунучтуусу - өкмөттүн банктардан, жеке компаниялардан, жылдык 10-15% үстөгү менен алган ички карызы. Садыр Жапаровдун бийлиги ушундай оор жана пайдасыз карызды бул жылы 1,5 млрд долларга чыгарды. Карыздарды бат жоё коём деген популисттик убада менен бийлике келген Жапаров карызды бул жылы эле 6 млрд доллардан ашырды”, – деп жазды ал 28-декабрда тергөө изоляторунан жалпыга маалымдоо каражаттарына жолдогон катында.

Арийне, азыркы бийликтин риторикасында “мындан ары сырттан карыз алууну азайтабыз” деген сөз көп айтылып келет. Бул жөнүндө президент Садыр Жапаров да, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да ар кайсы платформаларда бир нече жолу сөз кылышты. Бирок алар ошол эле маалда экономиканы өнүктүрүү жана тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ички карыздарды алууну уланта берерин билдиришкен.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Абданбек Абдыбапов муну мындайча чечмеледи:

“Мен мамлекет кызматкери болгонум үчүн, Фейсбукта же башка жакта талкууларга көп катыша бербейм. Айрым саясатчылар, кээ бир блогерлер “карыз көбөйүп кетти”, “тиги-бу” деп жазып жатышат. Ошол эле Жапонияда мамлекеттик карыз ички дүң өнүмгө (ИДП) салыштырганда 265% түзөт, АКШда мамлекеттик карыз 121% түзөт. Ал эми биздин мамлекеттик карыз ИДПнын 49,6% түзүп жатса, дүрбөлөңгө түшүп жатабыз. Карызды тартууну билбесе, бул финансылык менеджменттин аксаганынан кабар берет. Мурда карыз көбүнчө сырттан алынып, аны төлөөдө курстук айырмачылыктан утулуп келгенбиз. Азыр биз Кыргызстандын өзүнүн валютасында – сом түрүндө каражатты тартып, кайра өнүгүүгө жумшап жатабыз. Эл колунда бош жаткан каражаттарга баалуу кагаздарды сатып алып, андан киреше таап жатат, ал эми мамлекет аны алып келечектүү долбоорлорго жумшап жатат. Бул өтө жакшы практика. Дүйнөлүк финансы адистери деле “карыздын көлөмү кандай экени маанилүү эмес, карыз төлөөчүнүн төлөө мүмкүнчүлүгү маанилүү" деп айтышат. 6 млрд доллар десе, муну эртең эле “бере кал” дегендик эмес да. Бул 2065-жылга чейин төлөнүүчү карыздар. Азырынча бюджетибиздин төлөө кудурети буга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, мында “төшөгүңө карап бутуңду сун” деген принцип менен эле иштеп жатабыз”.

Мурдараак тиешелүү мыйзамдарда “мамлекеттик карыз алуунун чеги ички дүң өнүмдүн 60% ашпашы керек” деген ченем бар болчу. Насыялар бул көрсөткүчкө жакындап калганда, өкмөт аны жоюп салган. Бирок депутаттар бул чекти кайрадан 70% чейин көтөрүүнү сунуш кылган.

Соңку жылдары Кыргызстандын мамлекеттик карызынын деңгээли экономикага салыштырмалуу 50-55% тегерегинде кармалып келген. Өкмөт 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 1 триллиондон ашканы үчүн “бул катыш дагы түштү” деп эсептеп жатат.

Карыз төлөөнүн эң жогорку чеги келди

Албетте, мамлекеттик карыздын көлөмү өскөн сайын аны төлөө тууралуу талаш-тартыштар күчөй берет. Азыркы бийлик башындагылар да кызматка келгенден бери мурдагы карыздарды төлөөнүн эң жогорку чеги алардын мөөнөтүнө туш келгенин айтып келишет.

2010-жылдарга чейин мамлекеттик карызды төлөөгө жылына 10 миллиард сомго чейин гана каражат жумшалса, 2015-жылдан баштап ага орточо 15 миллиард сомдой кетип турду. Соңку беш жылдан бери төлөнүп жаткан сумма 30 миллиард сомдон ашып турган.

2023-жылдын он айында муну үчүн 49 млрд сом кетти, жылдын толук эсебинде сумма 53 млрд сомго чейин жетиши мүмкүн. Бересени жабуу суммасы 2024-жылы 67 млрд сом, 2025-жылы 87 млрд сом болот деп мерчемделген. Сумма 2026-жылдан гана бир аз азаят, бирок 2032-жылга чейин чоң көлөмдө сактала берет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына тышкы карызды төлөө маселеси тууралуу кайрадан пикирин билдирген. Мамлекет башчы бирок анын командасы бюджетти кескин көбөйткөнүн белгилеп, "тынчтык жана туруктуулук болсо, карызды төлөп кетүүгө" болорун жазган.

Садыр Жапаров

"Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары "тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен" деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок. Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө. Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз", – деген Жапаров.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2010-жылдары Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 50-60 млрд сомдун гана тегерегинде болчу. 2015-жылы ал 100 млрд сомдон ашып, 2020-жылга жеткенде 130-140 млрд сомго жеткен.

Азыркы бийлик кызматка келгенден бери муну дээрлик эки эсеге жогорулатты. 2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 352 млрд сомдон ашса, 2024-жылдын бюджети 378 млрд сомдук чекти багынтты.

Деген менен мурдагы жылдары деле жылына тышкы карызды тейлөөгө жумшалуучу сумма бюджеттин 15-20% түзчү. Азыр карызды төлөөчү сумма өскөндүктөн, ал деле бюджеттин 15-17% туура келүүдө.

Мына ушуну эске алганда, мамлекеттик карыздын, өзгөчө тышкы карыздын көбөйгөндүгүнөн чочулаган катмар бар. Айрыкча сырткы бересинен көбү Кытайга туура келгендиктен, андан карыз алууну токтотууга чакыргандар көп. Учурдагы 4 млрд 482,43 млн долларлык тышкы карыздын 1 млрд 705,85 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылышы керек.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев бул жаатта “Азаттык” менен мындайча ой бөлүштү:

Эмил Үмөталиев

“Кытай менен кызматташканда сөзсүз түрдө акыл-эстүү күмөн санаш керек. Анткени Кытайдын ар кайсы өлкөлөрдө, Түштүк Азияда, Африкада болгон тажрыйбасынын бардыгы эле ал элдер үчүн ийгиликтүү болуп бүткөн жок. Тажикстандын да терс тажрыйбасы бар. Кытай өзүнүн кызыкчылыгын катуу коргойт, бирок чакан өлкөлөр уттуруп койгон мисалдар бар. Кандайча уттуруп коюшат? Эгерде ал өлкөлөрдө коррупция тизгинделбесе, Кытайдан алынган каражат ар кандай иштетилип кетип, ордун жаба албай, айрым мамлекеттер карызга салынган инфраструктуралык объектилерди же портторду Кытайдын өзүнө алдырып коюп жатышат. 50 жылга, же 100 жылга да алдырып койгон учурлары бар. Бизде да ошондой болуп калуудан сактануубуз керек”.

Тышкы карыздын Кытайдан кийинки чоң суммалары – 713,21 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ), 676,44 миллион доллар Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына, 464,70 миллион доллар Эл аралык валюта фондуна туура келет.

Кыргызстандын калган карыздары бир нече тараптардан алынган. Анын ичинде жеңилдетилген шартта карыз берген Франциянын банкы, Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги, Германиянын КfW банкы, Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фонду (КФАЭР), Сауд өнүктүрүү фонду, Түркиянын өкмөтү жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду (БАЭ) бар. Даниянын Экспорттук-кредиттик банкы, Германиялык Гермес Кредитверзихерунгс-Актинггезельшафт уюму жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы болсо Бишкекке жеңилдетилбеген насыя берген.

Кыргызстандын ошондой эле Мунай экспорттоочу өлкөлөр биримдигинин өнүктүрүү боюнча эл аралык фондуна (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкына, Евразия өнүктүрүү банкына (ЕАЭБ), Европа Биримдигине, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банктын тобу), Ислам өнүктүрүү банкына, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондго (МСФР) жана Түндүк өнүктүрүү фондуна (СФР) да карызы бар.