Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Долбоор качан башталат?

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын картасы.

Көп жылдардан бери башталбай келаткан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” долбоорунун тагдыры кандай болууда?

Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Кашкар шаарына барып, Кытай менен Өзбекстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп келди. Анда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Дагы караңыз Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо долбоору бекитилгенин билдирди

Кашкардагы үч тараптуу жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө биргелешкен каржылоо менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгилеген.

“Биз Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин толугу менен колдойбуз. Бул демилгенин алкагында Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасына жагымдуу таасир кылган ири транспорттук долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу болуп эсептелет. Мүчө-мамлекеттердин долбоорду ишке ашыруу боюнча иштеринин активдешип жатканы бизди абдан кубандырат. Азыр Бээжинде долбоордун курулуш иштерин баштоо боюнча соңку кеңешүу иштери жүрүп жатат. Жумушчу топтор иштеп жатышат”.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов болсо Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда биргелешкен ишкана түзүүнү демилгелеп, мультимодалдык транспорттук каттамдарды өркүндөтүүгө Өзбекстан тарап кызыкдар экенин билдирген.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту жасаган. 2023-жылдын июль айында тараптар ал боюнча иштердин аяктаганын жарыялап, темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган.

“Долбоордон Орусиянын карааны көрүнбөй калды”

7-март күнү Бишкек шаарында “Борбор Азия транспорттук коридорлорунун азыркы этаптагы геосаясаты” аталышындагы видео-көпүрө форматындагы талкуу өттү. Ага Бишкектен, Астанадан жана Ташкенттен эксперттер катышты.

Бишкектеги “Аппликата” стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунан Орусиянын көрүнбөй калганына көңүл бурду. Ал эксперттик талкуу маалында бул долбоордун маанисине жаңы көз караштар жетишпей жатканына токтолду.

“Бул жерде эки жагдай бар. Биринчиси, эмне үчүндүр жумушчу топтон Орусия чыгып калыптыр. Анткени, ал мурда төрт тараптуу болчу. Орусия эмне үчүн жана качан чыгып кеткенин биз түшүнбөй да, байкабай да калдык. Мен “Орусия темир жолу” бул долбоорду талкуулоого катышса, жок дегенде кесипкөй пикир алмашуу жаатында пайдалуу болмок деп ойлойм. Экинчиси, каржылоо боюнча. Бул жерде долбоорду кабылдоо өңүтүн өзгөртүүбүз керек. Бул кызыктуу жана керектүү долбоор. Бирок, биз ага бир аз эскичерээк, 90-жылдардагыдай карап жаткандайбыз. Азыр ага башка өңүттөн – Шанхай кызматташтык уюмунун коридору катары караганыбыз туура болоор эле. Башкача айтканда, жергиликтүү маанидеги эмес, ШКУнун алкагынан карашыбыз керек. Ошондо, анын маанисин чакан аймактык алкактан, континенталдык деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралат”.

Бул боюнча тараптар маалымат бере элек.

Концепциясына ылайык, Түштүк коридору катары эсептелген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору жүктөрдү жеткирүү убактысы менен аралыгын кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат. Жолдун курулушу экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик натыйжа берет.

Темир жол магистралынын курулушу Азия-Европа багыты боюнча кургактагы транзиттик каттамды түзөрү, экспорттук-импорттук жүктөрдү ташуунун аралыгын бир кыйла кыскартары жана анын боюндагы өлкөлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтери айтылып келет.

2023-жылдын башында Бишкекте долбоордун курулуш иштерин координациялоо кеңеши ачылганы кабарланган.

“Долбоор өтө кечигип жатат”

Президент Садыр Жапаров декабрда өткөн Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан. Андан мурдараак өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытай Казарманга чейинки бөлүктү өз алдынча куруп жатканын, Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн Өзбекстан менен бирге каржы булактарын аныктап жатканын билдирген.

Жолдун жалпы узундугу 311 чакырымды түзөт жана болжолдуу наркы 4,7 млрд долларга турмакчы.

Өзбекстандагы “Ман’о” изилдөө демилгелери борборунун директору Бахтиёр Эргашев Кытайдан чыгып, Казакстан аркылуу Батышка карай өткөн Ортолук коридордун өтө саясатташып кеткенин, кымбаттыгынан улам Түндүк жана Түштүк коридорлорго атаандаша албашын белгилейт. Эксперт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери өтө кечигип, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жиберип жатканын айтат.

“Биз бул долбоорду ишке ашырууда кеч калып жатканыбыз түшүнүктүү. Бул долбоор абдан зарыл жана керектүү экендигине карабай, өтө эле создугуп кетип жатат. Чындыгында биз Ортолук коридорду транспорттук-коммуникациялык маселелердин саясатташышы катары билебиз. Бирок, Украина кейсинин эсебинен ал дагы өнүгө берери дайын. Санкциялардын жана контрсанкциялардын системасында биз жаңы альтернативдүү транспорттук коридорлорду издөөгө мажбур болобуз. Мындай жагдайда, эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол коридору иштеп жаткан болсо, жакшы өнүгүп кетмек”.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу чындыгында ондогон жылдардан бери создугуп келет. Мында Орусия дагы долбоорго катышууга катуу аракет кылып, талкуу процесстеринде 3+1 форматында катышып, өз кызыкчылыгын болушунча таңуулап жүрдү. Арийне, 2022-жылы эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын позициясында долбоорго карата олуттуу өзгөрүүлөр болду. Анткени, анын аймагын аралап өткөн Түндүк коридордун мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла тарыды, ага эми Түштүк коридорлору жардамга келиши мүмкүн.

2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт-Кош-Дөбө-Казарман-Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жүк ташууда 80% жол транспорту колдонулат, темир жол 18% ээлейт.

Өкмөт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралы курулса, транзиттик алымдардан эле бюджетке миллиарддаган доллар киреше түшөрүн айтып келет. Ал эми айрым эксперттер, өлкөнүн өз товарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү болбосо, жалаң транзиттен ири пайда көрүүнү адашуучулук катары сыпатташат.