Америкалык Barry ("Бэрри") ракеталык эсминецинин Тайван кысыгы аркылуу өтүшү аймактагы коопсуздукка шек келтирерин Кытайдын аскеринин чыгыштагы өкүлү Ши И 18-сентябрда билдирди.
WeChat ("Вичат") социалдык тармагына жарыяланган билдирүүдө аскерлер Кытайдын бүтүндүгүн, эгемендигин, коопсуздугун жана аймактагы тынчтыкты коргоо үчүн күжүрмөн даярдыкта турганы жазылган.
"Аскер кемесинин Тайван кысыгында пайда болушу - АКШнын аймактын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, туруксуздаштыруучу факторунун бир далили", - деп белгилеген Ши И.
Расмий Бээжин аймакта АКШнын аскер кемелери пайда болушуна нааразы экенин, муну чагым катары кабыл алары жазылган.
17-сентябрда АКШнын ракета ташыган Barry кемеси Тайван кысыгы аркылуу өткөнү маалымдалган.
АКШ Куралдуу күчтөрү бул билдирүүгө жооп кайтара элек.
Дагы караңыз
Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөтОторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан суракка чакырылдыЛондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиКоронавирус 86 адамдан жаңы аныкталды, үч киши каза болдуСадыр Жапаров "Өзгөн -Мунара -2021" фестивалына катыштыАбактагы Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады