"Кыш күтпөйт". Кыргызстан отун-суусун камдай элек

Быйыл кыш былтыркыдан оор болчудай. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү электр менен толук камсыздоого өтө аздык кылат. Электрди сырттан сатып алууга туура келет, бирок Министрлер кабинети аны каяктан аларын аныктай элек.

Көмүр жеткирүү жагынан да кыйынчылыктар келип чыгууда. Жайында Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүрдөн эле жагууну чечтик деген билдирген, бирок көп өтпөй анын көлөмү кышка жетпей турганы белгилүү болду. Эми бул мекеме казакстандык өндүрүүчүлөр менен шашылыш түрдө, тендерсиз келишим түзмөкчү.

"Авариялык чекке түшүшү мүмкүн"

Быйыл суунун агып келиши демейкиден көп болду. Энергетиктер Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу көп жылдык орточо көрсөткүчтөн 5% көп болот деп үмүттөндү эле, иш жүзүндө 7% көп болду.

Буга кошумча, суунун сарпталышын азайтуу мүмкүн болду – сегиз айда Токтогул ГЭСинде 8,9 миллиард кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 миллиардга аз.

Бирок ага карабастан кырдаал оңолуп кетпеди. Суу топтоо мезгилинин аягында Токтогул ГЭСине 13,6 миллиард кубометр гана чогултулду. Адатта кыш мезгилинде өлкөнүн негизги электр станциясынан 6-7 миллиард куб суу сарпталат, ошондуктан жазга чейин ал кооптуу деңгээлге чейин түшүп кетиши мүмкүн.

“Сууга ишенип тура берсек, биздин термин менен айтканда, жазында ал “авариялык чекке” чейин төмөндөйт”, - деп эскертти энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев 20-сентябрда парламентте.

Жылытуу мезгилинде каатчылыкка кабылбаш үчүн протокол боюнча октябрь айы башталганга чейин суу сактагычка 15-16 миллиарддан кем эмес куб суу топтолушу керек деп түшүндүрмө берди “Азаттыктын” кабарчысына Борбор Азиядагы суу көйгөйлөрүн жана гидроэнергетикалык ресурстарды изилдөө институтунун мурдагы төрагасы Эрнест Карыбеков.

Анын айтымында, суунун деңгээлинин төмөндөшү чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

“Авариялык чек” - бул 5,5 миллиард куб метр суу. Бул суу сактагычтын долбоордук көлөмү 19,5 миллиард куб метрди түзөт, чындыгында ал 20 миллиардга жетет. Суу 6,5 миллиард куб метрге түшкөндө, негизги жабдуулар титирей баштайт, мунун айынан өзгөчө кырдаал келип чыгышы мүмкүн. Жабдуулар бузулушу ыктымал. Суу 5,5 миллиард кубометр калганда гидроэлектростанцияны токтотуу керек, антпесе орду толгус жоготуулар болушу ыктымал", - деп түшүндүрдү эксперт.

Бул жагдайдан электр энергиясын сатып алуу менен гана чыгууга болот. Былтыр кышында Кыргызстан импорт жана алмашуу жолу менен Казакстан, Өзбекстандан жана Түркмөнстан 2,2 миллиард киловатт саат алып, ал өлкө муктаждыктарын дээрлик 15%га камсыз кылган.

Токтогул суу сактагычындагы деңгээл 7,8 миллиард куб метрге чейин түшсө да, ГЭСте өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жетишилген.

Быйыл кышка карата сүйлөшүүлөр эми гана жүргүзүлө баштады. Электр энергиясын камдоо боюнча эч кандай келишим түзүлө элек, бирок керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен жарыкты мурдагыдан да көп импорттоо мерчемделип жатат.

“28-29-сентябрда Алматыда түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика министрлеринин жолугушуусу болот, анда биз электр энергиясын камдоо маселесин талкуулагыбыз келет”, - деди энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев.

Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен чогуу 500 кВт магистралдык линиясы бар бирдиктүү энергетикалык алкакта турат. Бул алкактын ичинде кычыраган кыш чилдесинде деле чоң көлөмдөгү электр энергиясын алууга болот. Бирок коңшу мамлекеттер өздөрүнөн ашыра албайт, ошондуктан алар бул кышта жарыкты камдап бериши азырынча күмөн дейт эксперт Расул Умбеталиев:

"Чындыгында, кыш мезгилинде коңшу өлкөлөрдүн баары электр энергиясынын жетишсиздигин сезип жатат. Өзбекстан менен Казакстандын аны экспорттоого мүмкүнчүлүгү жок.

Түркмөнстандан келген электр энергиясы Өзбекстан аркылуу транзит менен өтөт. Бирок кышында электр тармактарына жүк ашыкча түшөт, ошондуктан өзбек тарап суукта Түркмөнстандын электр энергиясын өткөрүп бере албашы мүмкүн. Казакстан деле ошондой. Бул өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө кыш мезгилинде электр энергиясы жетишпей калат, анын тармактарына да жүк ашыкча түшөт. Демек, коңшу мамлекеттер электр энергиясын сатпай, аны өткөрүп бергенге да чамасы келбеши мүмкүн".

Дагы караңыз Казакстандагы көмүр тартыштыгы же ЕАЭБдеги көмүскө экспорт

Токтогул ГЭСи

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматында, быйыл электр энергиясынын тартыштыгы 4,6 миллиард кВт/саатка жетиши мүмкүн, ошондуктан республиканын өзү электр энергиясын импорттоого аргасыз.

Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин жоромолунда, электр энергиясынын кийинки эки жылда да тартыш болот.

“Самрук-Энергия” АК өнүктүрүү жана сатуу боюнча башкаруучу деректири Марат Улдановдун айтымында, Казакстан электр энергиясын ички суроо-талап толугу менен канааттандырылып, энергетика тутумунда ашыкча пайда болгондо гана экспорттойт.

Акыркы жылдары кыш мезгилинде көп импорттоп жүргөн Өзбекстандын өзүндө да электр энергиясы жетишсиз болууда. Калкты электр кубатын үнөмдөөгө мажбур кылуу үчүн өкмөт атүгүл “социалдык ченемди” да сунуш кылды: эми мамлекет электр энергиясынын бир бөлүгүн гана субсидиялайт, калганын жарандар базар баасында төлөшү керек. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев быйыл июль айында Түркмөнстанга болгон иш сапарында коңшу өлкөдөн электр энергиясын көбүрөөк импорттоо ниетин билдирди.

“Тендер өткөрүүгө убакыт жок”

Кыш мезгилине Кыргызстанга 3,2 миллион тоннадай көмүр керек. Анын жарымынан көбү борборду электр энергиясы менен камсыз кылган Бишкек ЖЭБине сарпталат. Жайында энергетика министри акча Кыргызстанда калышы үчүн ЖЭБди толугу менен жергиликтүү көмүргө өткөрүү керектигин айткан.

"Мен көптөгөн адамдардын кызыкчылыгы узак мезгилден бери импорттолуучу көмүр менен байланышып келгенин түшүнөм. Балким, чиновниктер же карапайым кишилер ушул көмүрдөн нан таап жеп жаткандыр. Бирок эми андай болбойт. Биз көмүр менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылышыбыз керек", - деген мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Кара-Кече кенинде көмүр жүктөөнү күтүп жаткан унаалар. 2021-жыл, 30-ноябрь

Бирок өзүбүздүн көмүрдү ташуу иши үзгүлтүккө учурап жатат. Жайкысын эки ай бою Кара-Кечедеги ири кенде көмүр казуу иши токтоп калгандыгы белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаттары мындай жоопкерсиздикке ачууланууда.

“Сиз быйыл ЖЭБди өзүбүздүн көмүр менен камсыз кылабыз деп айткансыз. Бирок милдеттенмеңизди аткарган жоксуз. Адегенде ири участкаларды ачып, андан кийин гана мындай жоопкерчиликти моюнга алуу керек болчу. Эми мүшөктөп салып ташысаңыз да үлгүрбөйсүз, анткени кыш босогодо турат [ ... ] Бишкек ЖЭБине 1 миллион 800 миң тонна көмүр талап кылынат. 1-сентябрга карата 340 миң тонна көмүр менен камсыз кылынышы керек болчу, бирок 83 миң тонна гана келип түшүптүр. 256 миң тонна жетишпейт. Буга ким жооп берет? Кыш эртең эле келиши мүмкүн. Ал министрлер кабинетинде эмне чечишерин күтпөйт”, - деди депутат Мирлан Самыйкожо 20-сентябрда отун жана энергетика комплекси боюнча комитеттин отурумунда.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы деректири Мирлан Жакыпов компания ЖЭБди көмүр менен толук камсыз кылат деп убада берди.

“Биз ай сайын 130 миң тонна көмүр ташуубуз керек болчу. 40 миң тонна кечигип жатат. Себеби көмүр өндүрүү июнь жана июль айларында токтоп калган. Алар июль айында 100 миң тонна жеткириши керек болчу, бирок андай болгон жок. Планды сентябрь жана октябрь айларында толуктоону көздөп жатабыз. Кара-Кеченин жумушчулары күнү-түнү өзгөчө режимде иштешүүдө. Көмүрдү толук камсыздай алабыз деген үмүтүбүз бар”, - деди ал.

Бишкектин борборунан ЖЭБдин кыш мезгилиндеги көрүнүшү. 2020-жыл.

Энергетика министрлиги Казакстандын көмүрүн кайрадан импорттоодон башка аргасы жок. Бирок энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев тийиштүү иштерди аткарууга үлгүрбөйбүз дейт.

“350-400 миң тонна көмүр камдашыбыз керек. [ ... ] Бул үчүн биз түштүк аймактарга кайрылдык, бирок ташып келүү кымбатка түшөт. Ошондуктан биз коңшу өлкө менен түздөн-түз көмүр жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тендер өткөрүүгө убактыбыз жок”, - деди ал.

Тиешелүү комитеттин отурумунда депутаттар Энергетика министрлигинин жетекчилигинен жылытуу мезгили үчүн жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алышын талап кылышты.

Бай өлкөдөгү каатчылык

7 миллионго жакын калкы бар Кыргызстан акыркы жылдары энергетикалык курч каатчылыкка дуушар болууда. Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7% артып жатат, ал эми колдо бар кубаттуулук жетишпейт.

Бийликтегилер каатчылыктын себебин Нарын дарыясындагы суунун азайгандыгына байланыштырууда. Электр энергиясын керектөө өсүп жаткандыгы Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна түздөн-түз таасир этет.

Ошол эле учурда республиканын энергетикалык эбегейсиз чоң дарамети бар. Кыргызстандын суу ресурстары дээрлик толугу менен өз аймагындагы мөӊгүлөрдөн агат. Чоң дарыяларда ар кандай кубаттуулуктагы ондогон ГЭСтерди курууга болот. Бирок ушул кезге чейин ошол мүмкүнчүлүктүн ондон бир бөлүгү гана пайдаланылууда.

2022-жылы жайында (дээрлик 40 жылдык талкуудан жана ийгиликсиз аракеттерден кийин) Кыргызстандын бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталганын жарыялады. Ал Токтогул ГЭСине караганда көп электр энергиясын өндүрө турган ири станция болууга тийиш.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин жайгашуу картасы

Чындыгында, баары айтканга оңой. Долбоор боюнча дагы эле тактык жок. Азырынча даярдык иштери гана жүрүп жатат. Буга болжол менен эки жыл кетет. Бул мезгил аралыгында станция үчүн жаңы жолдор, көпүрөлөр салынат, имараттар жана башка инфраструктура курулат. Баары ойдогудай болсо, Камбар-Атанын биринчи агрегаты беш-алты жылдан кийин гана иштей баштайт.

Бул ишти биргелешип ГЭС курууга кызыкдар Өзбекстан менен Казакстан оозеки колдоп койду. Долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар болгон жок. Кыргызстан өз алдынча кура албайт, себеби Камбар-Ата ГЭСин тургузууга кеминде 3-4 миллиард доллар талап кылынат. Бул республиканын эки жылдык бюджети.

Макаланын түп нускасы орус тилинде жазылган.