Жапониядагы кыргыздардан алгачкы кабар

Жапониянын Натори шаары да цунамиге кабылды. 2011-жылдын 11-марты. REUTERS/YOMIURI.

Бүгүн, 11-март күнү, зилзаланын кесепетинен Жапониянын түндүк-чыгыш жээгин топон суу (цунами) каптады. Жер титирөөнүн очогу Жапониянын түндүгүндө жайгашкан Хонсю аралынын жанында болуп, силкинүүнүн кубаты 8.9 даражага жетти. Бул өлкөдө ондогон кыргызстандыктар окушат жана иштешет. Жапонияда жашаган мекендештерибиз менен байланышып, алардын тагдырын билүүгө аракет кылдык.

Жума күнү (11-мартта) түшкө жакын Жапониядагы жер титирөө тууралуу видеону бир катар эларалык сыналгы каналдар көрсөткөн соң, интернетте отурган кыргызстандыктардын баары Жапониядагы туугандарын, тааныштарын издей башташты.

Алгач биз Жапониядагы кыргыз элчилиги менен байланышканга аракеттендик.

Бирок телефондор алган жок. Жапонияда жашаган кыргызстандыктардын айтымында, элчилик жайгашкан жайда азыр эвакуация жүрүп жатат.

Жер титирөө катуу болгон жерде жашаган мекендештерибиз уюлдук телефондор иштебей жатканын айтышып, маалыматты интернет аркылуу жиберип жатышты.

Алардын бири 28 жаштагы Аян Осмонов болду.

Ал топон суунун бийиктиги 10 метрге чейин жеткен Сендай шаарында турат. Анын катын окусак.

Саат 15:40та Сендай шаарында 7.2 даражадагы жер титирөө болду. Үйдүн ичиндеги эмеректердин баары кулады, бирок азырынча 1 адам гана жашоосун жоготту. Электр жарыгы, газ жана суу өчүрүлдү, коопсуздук үчүн. Азыр адамдар тынч, эч дүрбөлөң жок. Дээрлик баардык имараттар эч запкы көргөн жок. Баардык жашоочулар коопсуз жайларда. Суу, тамак-аш жана медициналык кызматтар көрүлүүдө.
Кыйроо жок. Телефон (уюлдук) иштебей жатат, азыр бул саптарды да термелүү учурунда жазып жатам.
Сендай шаары, Мияги префектурасы.
Осмонов Аян. 28 жашта
”.

Йокогамада окуган Мелис Тагаевдин жазган каты:

Бүгүн дээрлик тогуз балл жер титирөөнү сездик. Жүрөктүн суусун ала турган нерсе экен. Тилекке жараша, жер титирөө болгондо сыртта жүргөнбүз. Ошондуктан көп корккон жокпуз, балдарым түшүнбөй деле калды.
Биринчи жер титирегенде стадиондун жоон бийик мачтасы нары-бери шамалдагы камышка окшоп кыйчылдап ойноду.
Магазиндерде көпчүлүк обенто сатып алышууда. Себеби үйдө газ жок. Софтбанк иштебейт
”.

Телефон аркылуу бир адам менен гана байланыша алдык.

Менин атым Алмагүл Айсариева.
Кюсю аралындагы университетте окуйм. Биз жашаган жер негизги жер титирөө болуп жаткан префектурадан алысыраак жер.
Ошол жакта тааныштар, достор бар эле. Биз да алар менен байланыша албай кыжаалат болуп жатабыз. Телефон үзүлгөн окшойт.
Бул жолку жер титирөө чындап эле катуу болду. Жана сабак жазып отурсам кичине жер кыймылдагандай болду эле.
Биз аябай алыспыз да, бирок ошентсе да сезилди окшойт
”.

Кошумчалай кетчү маалымат, бул материалды даярдоодо Твиттер социалдык тармагына таяндык.

Жапониядагы кыргызстандыктар да байланышка Твиттер аркылуу чыгып, секунд сайын маалымат менен бөлүшүп турушту.

Токиодо болсо мүнөтүнө 1200 твит (маалымат) чыгып турду.

Телефон көп жерлерде иштебей калгандыктан, бардык керектүү жана пайдалуу маалыматтар Твиттер аркылуу тарап жатат.