The New York Times Орусиядагы мобилизациядан Кыргызстанга качкан орус жарандарын согуш эмес, "күн кечирүү, өөн учураган үрп-адаттар түйшөлтөрүн" жазды. Le Monde болсо адатта Тегеранды сынга алган Жакынкы Чыгыш мамлекеттери Ирандагы токтобой жаткан башаламандыкка үн катпай жатканына кызыккан. Би-Би-Си шахмат дүйнөсүндөгү жаңжалдын чыгышына себеп болгон "көз боёмочулукту" жазды.
"Мобилизация армияны же түрмөнү тандоо дегенди билдирет"
The New York Times гезити 5-октябрда Москвадагы кабарчысы Эндрю Хиггинсдин Бишкек менен Оштон даярдаган көлөмдүү материалын басып чыгарды. Макала мобилизациядан качкан орусиялыктар Кыргызстандан башпаанек таап жатышканын, жергиликтүүлөр аларды жакшы кабыл алышканын баяндап, бир нече мисалдарды келтирет.
Автор орус жарандары агылгандан бери батирлердин, кымбат мейманканалардан баштап жөнөкөй хостелдердин баалары асман чапчыганын баяндап, мигранттардын көбү жаш эркектер экенин белгилейт. Анын айтымында, "Москвадан Владивостокко чейинки аймактардан келген орусиялыктар тагдырдын буйругу менен айрымдары картадан таба албаган алыскы, жакыр өлкөдө жайгашып калды".
Дагы караңыз Бишкек: мобилизация батир акысын көкөлөттүХиггинс социалдык, экономикалык, билими жактан ар түрдүү кишилерди президент Владимир Путиндин согушуна катышпоо каалоосу бириктирерин белгилейт.
"Путин жарыялаган мобилизация армияны же түрмөнү тандаш керек дегенди билдирет",-деп айтып берген ал сөзгө тарткан 23 жаштагы Александр. "Ошол эле маалда азыр деле орустардын көбү согуш жөнүндө сүйлөшкүсү келбейт. Аларды учурда “жашай турган жер, акча, өөн учураган үрп-адаттар түйшөлтөт” деп уланат макала.
Кабарчы Кыргызстан Орусия үчүн арзан жумушчу күчтүн булагы болуп келгенине, өлкөгө алыскы туугандай мамиле кылынганына да токтолгон.
“Эми орусиялыктардын алардын кейпин кийип калганы көбүн, анын ичинде президент Садыр Жапаровду кубандырат", - дейт Хиггинс.
Андан ары президенттин маектешүүдө "Кыргызстанга качкан орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болот" деген сөздөрүн келтирет.
“Кыргызстан үчүн бул жаңы феномен” деп белгилеген Жапаров орус жарандары ээн-эркин иштей ала турганын айткан. Ал ошондой эле Кыргызстан андан “зыян эмес, пайда таап жатканын” кошумчалаган.
Макалада Борбор Азиядан башпаанек издеп жаткан орусиялыктардын көбү жогорку билимдүү, мекенинде жакшы жерлерде, маданият, технологиялар тармактарында эмгектенгендер деп сүрөттөлөт.
Андан ары бул аймак жылдардан бери ооган качкындарынын агымынан чочулап келгени айтылып, миграция боюнча эксперт Ян Матусевичтин “үч уктаса да, орус бозгундарынын толкуну эч кимдин түшүнө кирбесе керек” деген сөздөрүнө шилтеме кылат.
Макалада ошондой эле кыргызстандыктар жаңы келгиндерге кантип жардам бергени баяндалган.
“Бул жерге келип, сени ушундай кабыл алышканда империализмден вакцина алгандай болосуң”, - деген Орусиядан качкан котормочу Василий Сонкиндин сөздөрү келтирилген.
Дагы караңыз Апта: Кемпир-Абад көйгөйү, Путиндин Рахмонго белегиЖакынкы Чыгыш Ирандагы кырдаалга неге үн катпайт?
Le Monde гезити 7-октябрдагы макаласында “Араб жазын” башынан кечирген Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү бир топ маселелерде Тегеранга каршы чыгып келгени менен Иранда бир нече жумадан бери уланып келаткан көтөрүлүшкө эч кандай реакция билдирбегенин талдап чыкты. Автор адегенде нааразылык акцияларын көтөрүлүш же революция деп атоо керекпи деген маселеге, алардын тутанышына алып келген себептерге, студент кыз Махса Амининин өлүмүнүн чоо жайына токтолгон. Ошондой эле Иран бийлигинин ал толкундоолордун артында Батыш турат деп эсептээри айтылат. 30-сентябрда дагы бир кыз, каршылык акцияларынын катышуучусу Ника Шакараминин каза тапканы белгилүү болгондон кийин демонстрациялар ого бетер күч алды.
Макалада айтылгандай, экономикалык кризистин фонундагы нааразылык толкуну өлкөнүн булуң-бурчунда аялдар менен эркектерди бириктирип, режимдин алсыздыгын далилдеди. Ошол эле маалда элдик кыймылдын программасы, жетекчилери жок.
Андан ары Ирандагы демократия былтыркы президенттик шайлоодо чабалдыгын көргөзгөнү, муну менен бирге режимдин да алсыраганы баяндалат.
Гезит аймактагы өлкөлөр көп учурда Тегерандын таасирине нааразы болуп келгенин белгилеп, Йемендеги хуси козголоңчуларды колдоо, Ирактагы стабилдүүлүккө шек келтирген куралдуу кошуундарды, Ливандагы “Хизбалла” уюмун мисал келтирет.
"Сунни өлкөлөрү менен шийи Ислам жумурияты ортосунда диний араздашуулар да жок эмес. Аймактык лидерлик үчүн Сауд Арабия менен Ирандын атаандаштыгын да унутпоо зарыл",- деп улантат басылма.
Дагы караңыз "Ирандык аялдардын эркиндик күрөшү башкаларга дем берет"Бирок бул жолу алар үн катпай келатат. Автор бул башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө принцибин кармануу каалоосу гана эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, “Араб жазы” аймактын лидерлеринде терс эскерүүлөрдү калтыргандай. Анын үстүнө “Аялдар. Өмүр. Эркиндик” же “Диктаторгө өлүм” деген ураандарды калк колдоп кетпесине алардын көзү жетип турат.
"Ал өлкөлөрдө да бийлик көбүнчө коопсуздук күчтөрүнө таянат, жөнөкөй адамдардын ар-намысын урматтабайт, өз билемдик менен башкарышат. Балким, ошон үчүн жетекчилер Тегеранда тутанган отко чочулоо менен карап отурушат", - деп жыйынтыктайт Le Monde.
Шахмат дүйнөсүндө жаңжал чыгарган "көз боёмочулук"
Шахматка адистешкен популярдуу Chess.com сайты америкалык 19 жаштагы гроссмейстер Ханс Ниманн 100 чакты онлайн беттеште көз боёмочулукка барганын чоң ыктымалдык менен жазууда. Бул темадагы макаланы Би-Би-Си чыгарды.
Маалыматка караганда, шахмат дүйнөсүндөгү ири жаңжал сентябрда тутанган. Дүйнө чемпиону, норвегиялык Магнус Карлсен АКШдагы чоң турнирде Ниманнга утулуп калгандан кийин атаандашын көз боёмочулук үчүн айыптаган. Ал айдын аягында шахмат чеберлери кайрадан таймашканда, бирок онлайн ойногондо биринчи жүрүштөн кийин эле Карлсен партияны улантуудан баш тарткан. Себеп катары Ниманндын алдамчылыгына нааразылыгын айткан. Чемпион акыр аягында ал турнирди жеңген жана кийин Твиттерге билдирүүсүн жарыялаган. Ал уюштуруучуларды шахмат тактасындагы коопсуздукту камсыздоо жана көз боёмочулуктарды аныктоо чараларын күчөтүүгө чакырган.
Ниманн айыптоолорду четке кагуу менен бирге өспүрүм кезинде онлайн- платформалардагы оюндарда алдамчылыкка барганын моюнга алды. Бирок реалдуу партияларда андай кылбаганын айтты.
Карлсендин айыптоолорунан кийин Эл аралык шахмат федерациясы иликтөөсүн баштады.