Бөрдвотчинг (Birdwatching) же куш көрүү туризмдин жаңы багыты катары өнүгүп келе жатат. 1-апрель – Эл аралык куштар күнүнө карата Кыргызстандагы бөрдвотчерлер биримдигин негиздеген Нуржан Алымканова менен маектештик. Кыргызстандын аймагында куштардын 400дөн ашуун түрү болсо, анын 57 түрү Кызыл китепке киргизилген.
- Нуржан айым, алгач окурмандарга "бөрдвочинг" деген эмне экенин түшүндүрүп берсеңиз.
- Эгер англис тилинен түз которо турган болсок, "куш кароо".
Бул – жөн гана эрмек же хобби. Куштарды изилдеген атайын орнитология илими бар. Бул тармактагы адамдар куштарды изилдешет, жаңы түрлөрүн аныкташат, сүрөткө тартып, жалпы куштардын тизмесине кошот. Арасында муну менен профессионалдык деңгээлде алектенгендер бар. Анан мага окшоп, буга жөн гана хобби катары карагандар болот.
- Бөрдвотчингди Кыргызстанда жанданып жаткан жаңы тармак деп айтсак болобу?
- Айтсак болот. Мисалы, бала кезде биологияны окуганыбыз менен, куштардын артынан түшүп изилдеген бөрдвотчинг сыяктуу тармак бар экенин билген эмеспиз. Ошол эле учурда, биздин аймакка тиешелүү өзгөчө куштарга кызыгып, атайын келген чет өлкөлүк бөрдвотчерлер болгон.
Өзүм бөрдвотчинг менен 2015-жылы алектене баштадым. Бул тармакка кызыккандар өз алдынча алектенерин байкадым. Мындан улам, атайын куштарга арналган сайт ачып, кызыккандар ошол жерден бири-бирибизди таанып, 2020-жылы Кыргызстан бөрдвотчерлеринин атайын бирикмесин түзүп алганбыз. Тобубуз чакан, 15 киши. Арасында ар улуттун өкүлдөрү бар.
- Биздин аймакка мүнөздүү өзгөчө куштар деп калдыңыз. Ушуга кенен токтолсок. Биз кайсы куштар менен сыймыктана алабыз?
- Мисалы, бизде көчөгө чыксаң эле көзү, тумшугу сары майна көзгө урунат. Биз аларга көп маани бербейбиз. Бирок орусиялык бөрдвотчерлер абдан кызыгат. Себеби, алардын чөлкөмүндө майна кездешпейт. Же кадимки үпүптү алалы. Биз "сасык үпүп" деп көңүлгө албайбыз. Ал куш Швецияда кызыл китепке кирген. Тоолуу аймакта кездешүүчү куштар менен да сыймыктана алабыз. Маселен, балта жутарды шаардан бир аз чыкканда эле көрө алабыз. Бирок тоосу жок өлкөнүн тургундары үчүн ал өзгөчө кызык. Тоо куштарын көрүш үчүн алар узак аралык жүрүп, атайын экспедицияларды уюштурушат. Жорунун бир түрү кумайды топ-тобу менен Токтогул тарапта жол жээгинен эле көрүүгө болот. Ал эми Алматын тегерегинде эле аларды табуу - бир топ машакаттуу иш.
- Демек, бөрдвотчингти туризмдин бир багыты катары карасак болобу?
- Албетте, болот. Бул – экотуризм. Азыр туризмдин ушул багыты дүйнөдө кеңири таанылып жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө ардактуу эс алууга чыккан адамдар "эми колум бошоду" деп куш кароого өтүшөт. Мисалы, Америкада "короо бердвотчинг" маданияты өнүккөн. Үйүнүн эле аркасына түркүн бак-дарактарды тигип коёт да, жем чачып, куштарды чакырып, аларга суктанып, сүрөткө тартып, байкоолорун жүргүзүшөт. Ушул нерсени Кыргызстанга жайылтууга аракет кылып жатабыз. Биздин куштарды көрүш үчүн Кыргызстанга келген туристтер арбын. Ал тургай, атайын Кыргызстанга көчүп келгендер да бар.
Көлдүн тескейинде, Кара-Шаардын ары жагында Ак-Булуң деген жарым арал бар. Жаңы куш карап баштаганда, ошол жерге көп барчубуз. Ал жерден браконьерлердин издерин, ок-дарынын калдыктарын көрүп жаман болчубуз. Анан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал жерди байырлаган куштар жөнүндө айтып берип, сүрөттөрүн көрсөтө баштадык.
Ошол жерден эле демилгелүү тургундар чыгып, ал жерди чакан корукка айлантып алышты. Эми ал жер сейилдегенче куш карай турган эс алуу жайына айланып келе жатат. Туристтер да ал жерди таанып калышты. Кириш үчүн акы төлөнөт. Эгер өзгөчө куштар байырлаган башка жерлерди да жергиликтүүлөр ушинтип чакан коруктарга айлантып алышса, жаратылышты да коргошмок, киреше да таба алышмак.
- Биздин аймакты байырлаган куштарга кандайдыр бир камкордук керекпи? Маселен, климаттын өзгөрүшүнүн фонунда биз аларга эмне кылып бере алабыз?
- Куштар бир жерди жактырбаса, жер которуп кете беришет. Бизде "Таранчы калбай калды" деген миф бар. Кеп климатта эмес, урбанизацияда. Таранчылар жашаш үчүн кычыктар, жапыз өскөн бадалдар, жем керек. Биз тилекке каршы, сырты жылмакай көп кабаттуу, ичинде эч кандай бак-шак өспөгөн үйлөрдү көп салып алдык. Ал жерлерди мурдатан байырлаган канаттууларды четке сүрүп салдык. Биз куштарга "экологиянын индикатору" катары карашыбыз керек. Мисалы, кандайдыр бир куш сейрек кездеше баштаса, демек бир жерде өзгөрүү болуп жатат деп түшүнүү керек. Бул курт-кумурсканын же чөптүн бир түрүнүн жок болушуна байланыштуу болушу мүмкүн.
- Шаарга жакын жерлерден же шаардын өзүнөн эле кайсы куштарды кезиктирсек болот? Куштар да шаардык, шаардык эмес деп бөлүнсө керек...
- Шаардык канаттуу – көгүчкөн. Көгүчкөн жапайы куштарга кирбейт. Качандыр бир убакта үйрөтүлүп калган түрү. Каалаган нерсе менен азыктанып, ыңгайлуу жердин баарына уялай беришет. Бульварларда уялаган дагы бир куш – жаман сары. Кыргый да сейил бактарда кездешет. Үкү, тоңкулдактар абдан көп.
Шаар бульварларынан эле куштардын 20га жакын түрүн кездештирсек болот. Бадал өскөн жерлерде андан да көп учурайт. Куштардын түрүн көрүш үчүн көлмөлөргө барган туура. Жаш Гвардия бульварынын этегинде майда көлмөлөр бар. Ошол жерде көп.
Аэропортко бара жаткан жолдо Озёрное айылында балык чарбалар көп. Алардын тегерегин чардак, кунас сыяктуу укмуштуудай куштар байырлайт. Дүрбү менен эле карай бере турган жер. Негизи куштун сулуулугун жакындан гана байкоого болот. Алыстан баары таранчы болуп эле көрүнө берет. Дүрбү менен караганда, алар такыр башкача куш болуп чыгат.
- Маегиңиз үчүн рахмат!
Макаланы бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.