Кыргызстандык экоактивист "Жердин чемпиону" болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

8-февралда Кыргызстандагы "Мувгрин" кыймылынын негиздөөчүсү, экологиялык активист Мария Колесниковага Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы "Жердин чемпиону" деген наам ыйгарды. Бул наам жылына дүйнөдөгү жигердүү төрт экологиялык лидерге берилет. Мария Колесникова Кыргызстанда 11 жыл мурда экологиялык Movegreen кыймылын негиздеп, Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу жаатында иштеп келет. Аталган кыймылдын демилгеси менен Борбор Азия мамлекеттеринин баш калааларында абанын сапатын текшерүүгө багытталган долбоор да башталды.