Кичи-Жаргылчак: эл кен чалгындоого каршы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары айыл аймагынан кварц кенине чалгындоо иштерин жүргүзүүгө каршы чыгышты. Мындай чечимди айылдыктар 13-апрелде айылда чогулган элдик жыйында кабыл алышты. Жыйынга чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаты бар “Ушба” деп аталган чалгындоо компаниясынын өкүлдөрү да катышты.