Бейбаш өспүрүмдү сөз жок отургузуш керекпи?

Кыргызстанда укук коргоочулар кылмыштуу иштерге кириптер болгон өспүрүмдөргө гумандуу мамиле жасоо чакырыгы менен прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөргө кайрылды.
Өспүрүмдөрдү түрмөгө эмес, оң турмушка кайтаруу коомчулуктун парзы дешет укук коргоочулар. Кыргызстанда миңдеген өспүрүмдөр милициянын каттоосунда турат, ондогондору камакта.

Асылкандын баласы 15 жашында уурулук кылып, талап-тоногону үчүн 5 жарым жылга соттолуп кеткен. “Келаткан ноябрда араң бир жыл болот” деп ыйламсырады эне.

- Менин балам үч орус бала менен кемпирдин короосуна жаңгак уурдайбыз деп кирет. Кемпир үйүнөн чыга калганда, чочуп кеткен балдар аны бир чабышат. Жаңгакты чогултуп, сатып жиберишет. Дагы көп күнөөлөрдү мойнуна илип, беш жарым жыл берип койду. Балам биринчи жолу соттолду. Бул айда акча тартыштыгынан бара элекмин. Өткөндө “укол алдым” деп айтты, эмне болуп ооруганын айткан жок. Өңү-башы жакшы эле. Ал жакта кимдер менен, кандай шартта отурарын билбейм да.

Бир катар бейөкмөт уюмдар кылмыштуу жосундарга кириптер болгон өспүрүмдөргө катаал жаза сурашат деп прокуратура кызматкерлерине жана тергөөчүлөргө кайрылышты. Алардын ар бирөөсүнө кылдат мамиле жасап, баарын эле соттой бербестен, айрымдарын тергөө убагында эле бошотуп жиберсе болот, - деген жүйөсүн көз карандысыз укук коргоо тобунун юристи Юлия Воцлава ортого салууда.

- Прокуратура кызматкерлеринин жашы жете элек балдардын кылмышын кароодогу көз карашын өзгөртүү керек. Эң алгач албетте сүйлөшүү маданиятын, бала менен кандай сүйлөшүш керек, ошонун баарын билүү керек. Анан баарын эле катары менен соттой берүүгө болбойт.

Уурулук кылган жана ушул сыяктуу укукка жат иштерге барган жеткинчектер менен өспүрүмдөргө кылмышкер катары эмес, оор жагдайдын курмандыгы катары мамиле жасоо керек деп белгилешет өз билдирүүсүндө юристтер.

Прокуратура кызматкерлери мындай жүйөлөрдү орундуу деп эсептешет. Бирок кантип мыйзамды аттап кетебиз деп суроо коюп жатышат.

Түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча баш прокурордун улук жардамчысы Эмил Базаркулов, маселен, баланы кылмышка башы-оту менен кирип кеткиче бүт жоопкерчилик ата-эненин жана мектептин мойнунда болуу кажет деп эсептейт.

- Ар бирөөнө жеке мамиле кылуу керек деген туура, биз ошондой эле кылып жатабыз. Чындыгында ата-эне, мектептин жоопкерчилигин жогорулатуу керек деген ойдомун.

Дагы бир кызык ойду Бириккен Улуттар уюмунун балдар фондунун коомчулук менен байланыш координатору Ольга Гребенникова айтууда. Жазалоо чаралары жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун санын азайтпайт. Тетирисинче түрмөгө түшүп чыккан өспүрүмдөрдүн 80 пайызы кайра эле кылмыш жасашат – деди ал.

- Жашы жете элек балдар менен өзгөчө иштөө талап кылынат. Бул бала мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан корголуш керек. Ал криминалга толугу менен чөгүп кетпей, тескерисинче оңолуп кетүүгө мүмкүнчүлүк берсек жакшы болмок. Баланы түрмөгө жеткирбегенге аракет кылуу керек.

“Инсан” коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Бекинбаеванын изилдөөсүнө караганда, түрмөдөгү кырдаал, алчы-таасын жеген кылмышкерлердин жүрүм-туруму баланын аң сезимине тетири таасир берет. Ал чыккандан кийин криминалдык “түшүнүктөр” менен жашап калат. Андан көрө балдарды коомдук иштерге тартуу менен оң жолго тартуу абзел – дейт Бекинбаева.

- Бир нече жыл, ай камакта болуунун өзү эле баланын аң сезимине кандай таасир этет. Жөн эле камап койгондон көрө баланы коомдук иштерге тартып жазалоо керек. Баланы жабыркаган адам менен жолуктуруп, же дагы бир башка жолдорун колдонуп, айтор бир нече ай тарбиялоо иштерин жүргүзүп койсо таасирдүү болот.

2010-жылдагы статистика боюнча, өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыштын саны 260га жеткен. Алардын басымдуу бөлүгү уурулук жана талап-тоноочулук менен кармалгандар.