“Дайыны чыкпаган кишилер тууралуу маалымат топтоп, кайда көмүлгөнү же согушта эмне иштерди жасаганы тууралуу жакындарына кабар берүү биз үчүн чоң кубаныч”, – дейт Каныбек Мырзаканов.
Бул ишти коомдук негизде колго алган Мырзаканов үч жылдан бери 100гө чукул кишинин дайынын таап, алар тууралуу маалыматтарды туугандарына, бала-чакасына жеткирген.
“Азаттык”: Согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөөгө эмне түрткү болду?
Каныбек Мырзаканов: Үч-төрт жылдан бери Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган кыргызстандык жоокерлерди, дайынсыз кеткендерди издөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыр айрымдары тууралуу маалыматтар табылууда.
Баламдын жардамы менен таятабызды издеп тапканбыз. Көрсө, ал 1943-жылы 3-ноябрда жарадар болуп, 4-ноябрда госпиталдан үзүлүптүр.
Мисалы, менин таятам Жандар Чыналиев Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр районунан 1941-жылы согушка кетип, кайтпай калган. Ал да дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болчу. Мурдагы издөө иштери жыйынтык берген эмес. Орусиядагы “Мемориал” деген коом да жоголгондорго издөө салат экен. Ошондон баламдын жардамы менен таятабызды издеп тапканбыз. Көрсө, таятабыз 1943-жылы 3-ноябрда жарадар болуп, 4-ноябрда госпиталдан үзүлүптүр. Орусиянын Смоленск облусунун Демидов шаарындагы жоокерлер көрүстөнүнө сөөгү коюлган экен.
“Азаттык”: Сиздер үй-бүлөңүздөр менен коомдук негизде эле иштеп жаткан турбайсыздарбы. Кайрылып, телефон чалгандар, жардам сурагандар көппү?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Каныбек Мырзаканов: Ооба, биз коомдук негизде иштеп жатабыз. Чалгандар көп. Издеп тапкандан кийин туугандарына маалымат берсек, кээ бири ушунчалык сүйүнөт, айрымдары ыйлашат, рахмат айтышат. Ошого эле сүйүнүп калабыз. Бизде согушта өлгөндөрдү 9-майда гана эстейт, 10-майда кайра эле унутушат.
“Азаттык”: Таятаңызды тапкандан кийин ал көмүлгөн жерге барып келдиңизби?
Каныбек Мырзаканов: 2012-жылы апам барып, топурак салып, куран окуп келди. Он миңдеген кыргызстандыктардын дареги дале дайынсыз да. Азыр документтери тиркелген томдогон китептер бар экен. Бирок биз алардан эмес, башка жолдор менен издеп жатабыз. Былтыр жайдан баштап “Биринчи радио”, “Ынтымак” радиосу жана Коомдук биринчи каналдын “Кайдасың” берүүсү менен бирге акция уюштурдук. Ал менин демилгем менен өтүп жатат. Согушка кетип кайтпай калган туугандарын, чоң ата, таяталарын издеп, чалгандар көп. Алар берген маалыматтарга карап, “Мемориалдан” издейбиз. Эгер жакынын издегендер болсо 0772 44-80-10 деген номерге чалып, байланышса болот.
Көптөр тууганы согушка кеткенин, ошол жакта кайтыш болгонун эле билет. Ал жакта эмне болгон, кайда согушканынан кабарсыз.
“Азаттык”: Иштеп баштаганыңыздан бери канча кишинин дайыны чыкты?
Каныбек Мырзаканов: Баш-аягы 80ден ашуун кишинин дайыны табылды. Көптөр тууганы согушка кеткенин, ошол жакта кайтыш болгонун эле билет. Бирок ал жакта эмне болгон, кайда согушканынан кабарсыз. Бул да өзүнчө маалымат да. Экинчиден, “Мемориал” уюму аркылуу СССР аймагындагыларды эле табууга мүмкүн. Андан ары Польшаны, ошол кездеги Юголавия, Чехославакия деген мамлекеттерди, Румыния, Болгарияны советтик аскерлер, анын арасында биздин аталар да бошоткон. Балким, дайынсыздар тууралуу маалыматтар ошол жактан чыгат беле? Бизде андай мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Ушул маселе боюнча сүйлөшөлү деп мурдагы президент Роза Отунбаевага, эл аралык уюмдарга кайрылган элем. Аты аталган өлкөлөргө барып, архивден маалыматтарды издеп, тапса болот деп ойлойм.