«Кандай гана иш болбосун 10 миң сомго баштаса болот деп ойлойм. Ал түгүл океан аркылуу танкерлер менен мунай алып өтчү компания иштетем деген идеяңыз болсо, аны да 10 миң сом менен баштай аласыз.
Азыркы заманда көп тармактар бош эмес. Ошол себептен өзүңүздүн бизнес үчүн бошураак тармак таап, идеяңызды сынап көрүшүңүз керек. Бир жыл ичинде сиз беш жыл университетте албаган билимге жана тажрыйбага ээ болосуз.
Бизнес - бул жакшы мектеп. Бардык эле ишкерлер чоң ишкер болуп кете албайт. Бирок аракеттенип көрүү баарыбызга эле пайдалуу. Экинчиден, эгер сиз кайсы бир кезде стартап баштагыңыз келсе, мен сизге азыр эле барып IT адистигин окууга кеңеш берет элем. Сиз кийин стартапер болосузбу же болбойсузбу, мунун качандыр бир пайдасы тиет.
Дагы караңыз АКШда IT адиси болсоңуз утасызЭгер программалоону, компьютердик дизайнерликти же башка бир IT адистигин өздөштүрүп алсаңыз эч качан жолтоо болбойт. Программалоонун тилин билүү англисче билгендей эле болуш керек. Азыр баарыбыз англис тилин милдеттүү түрдө билүү керек экенин аңдайбыз, 10-15 жылдан кийин ар бир киши программалоонун тилин билиши зарыл, антпесе атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн».
Кыргызстанда программисттер жетишпейт
«Мени азыр Кыргызстан IT өндүрүмүн экспорттогон мамлекеттердин тизмесинде көтөрүлүп баратканы кубандырат. Азыр бизде аутсорсинг үчүн иштеген компаниялар көп, тактап айтканда алар чет өлкөлүк компаниялар үчүн ар кандай программаларды, тиркемелерди түзүшөт.
Ошондой эле бизде Кыргызстанда «Uber» сыяктуу ири корпорациялар менен кызматташкан да компаниялар бар. Бул абдан кирешелүү, өсүп-өнүгүп жаткан рынок. Эгер биздин IT компанияларыбызда программисттердин саны он эсе көп болсо, алардын баарына иш табылмак. Биздин компанияларыбызда кардарларды табуу кыйын эмес, программисттердин жетишсиздиги кыйынчылык жаратат.
Дагы караңыз Адамдын ишин талашкан роботтор келдиАзыр дүйнөдө Кыргызстанга түздөн-түз таасир эте турган бир нече тренд бар. Алардын бири - иш орундарынын азайышы тууралуу Дүйнөлүк банктын иликтөөсү. Ага ылайык, алдыдагы беш жылда 2025-жылга чейин 800 миллиондой жумуш орун жоголот. Бул дүйнөдөгү автоматизацияга жана роботизацияга байланыштуу. Маселен, жумушчу күчтүн арзандыгына байланыштуу бир кезде Кытайда завод ачып иштеткен европалык компаниялардын айрымдары кайрадан өз өндүрүшүн Европага көчүрүп жатышат. Анткени роботтор аларга кытайлык жумушчулардын күчүнө караганда арзан түшөт.
Ошондой эле «караңгы фабрика» деген түшүнүк пайда болду. Мындай ишканаларда киши иштебей, бардык жумушту роботтор аткарганы үчүн электр жарыгынын зарылчылыгы жок. Роботтор 24 саат бою тынымсыз иштешет. Болгону аларды көзөмөлдөгөнгө адамдар керек. Бирок кишинин саны өтө аз. Мунун кедергиси азыр Кытайга тийип жатат. Бул тенденциянын бизге да тиешеси бар. Маселен, учурда Орусияда биздин мекендештер аткарган жумуштун көбү жоголо турган кесиптердин тизмесинде.
Дагы караңыз Дүйнөдөгү биринчи робот-полициячыОшол эле Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө жаңы 300 миллион жумуш орду пайда болору жазылган. Бирок алардын көбү жаңы технологияларга байланыштуу. Ошол себептен биз жарандарыбыздын эртеңки күндө маалыматын базасын иликтөөчү, программист жана башка ушул тармак боюнча жетиштүү деңгээлде билимдүү болушуна шарт түзүп, ага абдан аракет кылышыбыз керек».
Айылдан чыкпай дүйнөлүк компаниялар үчүн кантип иштесе болот?
«Эгер сиз программист катары 1,5-2 миң доллар тапсаңыз албетте Кыргызстанда жашаш абдан ыңгайлуу. Кыргызстандагы таланттуу адамдардын көбү ички рынокто иштөөгө аргасыз.
Мен буга чейин айткандай, биздин ички рынок абдан чакан, ошол себептен 1,5-2 миң доллар айлыгы бар жумуш табуу кыйын. Бирок эгер адам программист болсо мындай айлыкка үч же беш жылда жете алат. Бул - реалдуу. Өзгөчө бул аймакта, айыл-кыштактарда жашагандар үчүн абдан ыңгайлуу. Эч жакка мигрант болуп кетпей эле, өз үйүңдөн чыкпай Европанын деңгээлинде каражат таба аласың».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.