Бийликке аялдарды тартуу иши солгундады

Элеттик аялдардын турмушу тууралуу көргөзмөдө тартылган сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу органдарында аялдар аз болуп жатканы Бишкекте 6-мартта өткөн форумда айтылды.

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек? Ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева катышты.

“Азаттык”: Догдургүл айым, Бишкекте өткөн аялдардын Улуттук форумунда мамлекеттик органдарына кыз-келиндердин катышуусу өтө аз болуп жатканы айтылды. Сиздин оюңузча мындай тенденциянын орун алышына эмне себеп болууда?

Догдургүл Кендирбаева: Көтөрүлүп жаткан суроо бүгүнкү күндүн өтө олуттуу маселеси. Кыргызстанда кайсы гана тармакта болбосун, анын ичинде чечим кабыл алуучу тармактарда, өкүлчүлүктүү органдарда аял-эркектин балансы аябай зарыл.​

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аялдардын ролу коомдо аябагандай зор экенин көрсөттү. Кыргызстандагы абалга келсек, башкаруу жана чечим кабыл алуучу жерлерге аялдардын келишине мыйзамдык тоскоолдуктар бар.

Мисалы, мыйзам боюнча мектеп директорлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилери жергиликтүү кеңештерге шайлана албайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү алардан артык ким түшүнөт, алардан артык ким чечүүнүн жолун билет? Ошол мыйзамдан кийин жергиликтүү кеңештерде аялдардын карааны көрүнбөй калды.

“Азаттык”: Алмаз мырза, сиз совет заманында, демократиялык Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында иштегенсиз. Эки доорду салыштырып айтканда коммунисттик доорго караганда бүгүн аялдар коомду башкарууга тартылбай жатат десек болобу?

Жогорку Кеңешке депутаттардын ар бир төртүнчүсү аялдардан болуш керек деп практикаланып келет. Бирок, ал жобо да аткарылбай жатпайбы. Аял депутаттын орду бошосо кайра эле партиянын үстөмдүгү менен эркек депутатты алып келишүүдө.
Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: Совет заманында жазылбаган мыйзамдар бар эле, гендер деген терминди билчү эмеспиз. Ошого карабай бийлик бутактарында гендерлик баланс сакталчу. Райондук партия комитетинин үчүнчү секретары, райондук аткаруу комитетинин төрага орун басары сөзсүз аялдар болчу.

Биз сыймыктанган экс-президент Роза Отунбаева совет мезгилинде өкмөт башчынын орун басары болуп иштеген. Мына ушунун баары партиялык чечимдин негизинде эле аткарылып келген. Биз, Кыргызстан бул жагынан жакшы эле болчубуз, тилекке каршы, акыркы 5-10 жылда аялдардын мамлекеттик башкарууга катышуусу начарлап кетти.

Бизде бул маселеге байланыштуу мыйзамдар жакшы эле, бирок мыйзамдан келип чыккан укуктук-нормативдик актылар иштебей жатат. Мисалы, Жогорку Кеңешке депутаттардын ар бир төртүнчүсү аялдардан болуш керек деп практикаланып келет. Бирок, ал жобо да аткарылбай жатпайбы. Аял депутаттын орду бошосо кайра эле партиянын үстөмдүгү менен эркек депутатты алып келишүүдө.

“Азаттык”: Догдургүл айым, Кыргызстанда гендерлик маселелерге байланыштуу мыйзамдар болгону менен анын жоболору аткарылбайт, деп сындар айтылып келет. Мыйзамды ким бузат, ким аткарбайт, эмне үчүн аткарылбайт?

Аялдардын жетекчи кызматтарга келиши аялдардын өздөрүнө кереги жок, аялдардын мамлекеттик жумуштарга тартуу коомдун өзүнө керек. Коомдун паритеттик тең салмактуулугун сактап турууда мындай саясат сөзсүз керек. Мамлекет үлгү боло турган моделдерди түзүүсү зарыл.
Догдургүл Кендирбаева.

Догдургүл Кендирбаева: Мыйзамдардын аткарылышы боюнча дайыма мониторинг жүргүзүлүп, өкмөт парламенттин алдында отчет берип турат. Жогорку Кеңеш ар бир мыйзамдын аткарылышы боюнча сураса болот. Мыйзам эле эмес, “Кыргызстан – социалдык өлкө” деп Конституциябызда жазылып турат.

Өлкөнүн бүтүндөй социалдык программаларынын аткаруучулары – аялдар. Аялдар башкарган жерде өнүгүү бар, өсүү бар. Тилекке каршы, коомдун ошондой оор жүгүн көтөрүп жаткан аялдарга ишенбеген көз караш бар.

Союз убагында аялдар маселелери боюнча комплекстүү багыт бар эле. Совет доорунда Токтокан Эдилбаева, Салима Орозбаева, Зуура Нурматова, Бөпө Каримова ж.б. ондогон аялдар район-шаарлардын биринчи жетекчилери болушкан. Бүгүнкү күндө ошондой аял жетекчилер барбы?

Аялдардын жетекчи кызматтарга келиши аялдардын өздөрүнө кереги жок, аялдардын мамлекеттик жумуштарга тартуу коомдун өзүнө керек. Коомдун паритеттик тең салмактуулугун сактап турууда мындай саясат сөзсүз керек. Мамлекет үлгү боло турган моделдерди түзүүсү зарыл.

Дагы караңыз Кыргыз коомунда аялдарга ишеним аз

“Азаттык”: Алмаз мырза, Кыргызстанда азыр аялдардан бир да губернатор, бир дагы район акими, шаары мэри жок экен, бул эмне бийлик башындагылардын аялдарга ишеним көрсөтпөгөнүбү, же мыйзам жол бербей жатабы, же аялдар өздөрү жигердүү болбой жатабы?

Алмазбек Акматалиев: Мен бүгүн ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси менен көп маселелердин тегерегинде баарлашканда ушул гендердик маселени да кеп кылдык. Ал Кыргызстандагы гендер саясаты ушундай абалга келип калганына таң калууда.

Кыргызстан Эгемендиктин алгачкы жылдарында аял-эркек маселесине келгенде суктанарлык жакшы жактарыңар бар эле деп жатат. Тилекке каршы, кийинки жылдардагы түзүлгөн абалга Евробиримдик да таң калып жатканын айтты. Элчинин айтымында, көйгөйдүн өзөгү мыйзамдарда эмес, коомдо калыптанып калган стереотиптерде, түшүнүктөрдө болууда. Менин оюмча да ошол стереотиптер биздин коомдо үстөмдүк кылып, күчөп бараткандай…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.