Форум көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен башталды. Чаткал районунан келген Байскан апа 10 жылдан ашык убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. 30 кыз-келиндин башын бириктирип түзгөн кооперативинен жасалган буюмдарга азыр кызыккандар арбын. Негизги кардарлары чет өлкөлүктөр экен.
- Италиядан бизге моюн орогучтарга, ал эми Жапониядан сувенирлерге буйрутма келип, биринчи партиясын жасап жөнөттүк. Азыр экинчи партиясына аракет кылып жатабыз. “Айылбанктан” Бишкектен доллар менен эсеп ачып койгонбуз. Анан биз жалаң кийизди колдонуп, автоуналарга буюмдарды жасайбыз. Республикалык жармаңкелерге катышып, былтыркы жылы таза кийизден жасалган буюмдар менен биринчиликти жеңип алдык.
Жалал-Абад облусунун калкынын 49 пайыздан ашыгын аялдар түзгөнү менен жетекчилик кызматтарда бүгүнкү күндө 16% гана айымдар эмгектенет. Аймактагы 1517 жергиликтүү кеңештин депутатынын 142си аялдар. Ошондой эле 12 район шаардын 10унда социалдык тармактарды аялдар жетектейт. Бул көрсөткүчтүн аздыгын белгилеген экс-президент Роза Отунбаева аялдардын ролун жогорулатуу керектигин айтты:
- Биз аялдар Кыргызстандын элинин жарымын түзөбүз, бирок бул күч, ресурс колдонулбай жатат. Өткөөл заманда кыйналып турабыз, жакшы өнүгө албай жатабыз. Мына Жалал-Абад облусу өнөр жайлуу, ГЭСтерге бай. Аялдар дыйканчылык менен эле алектенбей өнөр жайда да иштеши керек. Мугалимдер кыздарга туура багыт берип, алар геология, энергетика тармактарына окушу керек. Эң алды бала бакчаларда, арты үйдө эле отурбай, аялдар акчалуу жерлерде эмгектенүүгө жетишүүсү керек. Ошондо гана биздин коом өнүгөт.
2005-жылдагы Жалал-Абаддагы 20 күндүк март революциясында аялдардын орду өзгөчөлөнгөндүгү байкалган. Эркектерге караганда көбүрөөк аялдар нааразычылык акцияларына чыгышкан. "Соңку учурда ал кездеги аялдардын эмгегин мамлекет унутта калтырып, атүгүл ОБОН деген аталышты ойлоп тапканы туура эмес", - дейт шаардык активист айымдардын бири Бактыгүл Алиева.
- Жетекчилерди кызматтан кетирүү, нааразычылык акциялары сыяктуу иш-чараларда аялдар азыр курал катары колдонулуп жатат. Ошол себептүү аялдарга карата коомдо терс көз караштар арбыган. Мына мамлекет 24-марттагы аялдардын ордун да унутуп койду. Быйыл гана мына 10 жылдыкты белгилеп, бир аз болсо да башыбызды бириктирди. Аялдар дайыма коомдо активдүүлүгүн көрсөтөт, эгер бийлик колдоо көрсөтсө.
Март айынынын башында Кыргызстан аялдарынын биринчи улуттук форуму Бишкек шаарында белгиленген. Жалал-Абадда өтүп жаткан бүгүнкү иш-чара анын уландысы. Башка облустарга салыштырмалуу Жалал-Абадда аялдар арасында жумушсуздук 35 пайызды түзөт. Муну менен катар аялдар арасында айыккыс дартка чалдыккандарга колдоо керектигин Ысык-Көл облусунан келген делегат Нарынгүл Усенбаева айтып өттү.
- Бүгүнкү күндө тагдырдын буйругу менен айыккыс дартка чалдыккан 1000ге чукул аял мамлекеттин кармагында калууда. Алар социалдык шартта жана үй-бүлөлүк зомбулукта ушундай жагдайга кабылган. Бир эмес, эки жогорку билими бар аялдар дартка чалдыгып, кыргызчылык кылып окутуп, анан таптакыр жарабай калганда үй-бүлөсү ооруканага жаткырат. Бул нерселердин баары мамлекеттеги мыйзамдардын иштебей жатканынан келип чыгууда. Үй-бүлөдө эрди-катын урушса, милиция келип "бытовой" экен деп карабай коюп жатат. Ушул маселелерге көңүл бурушубуз керек.
Кыргызстанда алгачкы аялдардын форуму 1925-жылы өтүп, ага 100гө чукул айымдар катышкан. Ошол жылдардан тартып аймактарда аялдар кеңештери түзүлө баштаган. Алгачкы аялдардын форумунун уюшулганынын 90 жылдыгына карата бул жылы бул өңдүү иш-чаралар өлкөнүн бардык облустарында өтөрү пландалууда. Иш-чара соңунда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгемибердиева облуста аялдардын кооперативин түзүү керектигин билдирди:
- Бүгүнкү форум бизге бир топ жагдайларды эске салды. Биз аялдар дыйкан, ишкер, жетекчи деп эч качан бөлүнбөшүбүз керек экенин түшүндүк. Мен да ушул иш-чарадан соң ошондой ойго келдим. Анан облуста төрт-беш аялдын башын бириктирип чакан кредит алып берип, атайын кооперативдерди түзүү керектигине ынандым. Анын атайын резолюцияда, аялдар бөлүнбөй, көрө албастык деген сезимди токтотуп, биримдик менен аялдарды алга сүрөөнү алып барууну туура деп таптык.