Аял ачкан бизнес туруктуу

Иллюстрация

Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдоодо. “Аялзат” берүүсүндө ишкер аялдардын жетишкен ийгиликтери, кабылган тоскоолдуктары тууралуу сөз болот.

Таттыбүбү Эргешбаева 24 жашта, кесиби - юрист. Ал ушул курагында ишкердикке аралашып, адегенде Кыргызстандын жер-жемиштерин Германияга экспорттоо менен алектенди. Андан кийин Кытайдан Кыргызстанга товар ташып көрдү. Бул аракетинен майнап чыгара албай, көп тоскоолдуктарга кабылгандан кийин өзү өңдүү ишкерлердин укугун коргоону эп көрдү. Ушул максатта түзгөн “Эргешбаева жана өнөктөштөр” юридикалык компаниясы азыр ийгиликтүү уюмга айланды:

- Өзүм юрист болгондуктан, ушул тармакта иштеп, көтөрүлгүм келет. Ишкерлерди туура текшерүү, туура бизнес процедуралардын болушуна салым кошсом дейм. Анткени, көп бизнесмендер өз укуктарын, мыйзам жаатында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү билбейт. Бизде акча таап, бизнесин баштап алышат. Бирок кийин текшерүү учурунда мыйзамсыз иштери ачыкка чыгып калат. Анткени, алар убактысын, акчасын аяп, каржы, юридика тармагындагы адистер менен кеңешпейт. Ошонун айынын толтура тобокелдикке, коркунучка кабылышат.

Таттыбүбүнүн юридикалык компаниясына кимдер, кайсы көйгөйлөр менен кайрыларын өзү минтип айтып берди:

- Биз бир гана бизнес тармагындагыларды гана тейлейбиз. Себеби, юридика - өтө чоң тармак. Биз бизнестен башка тармактарды да өз милдетибизге кошуп алсак, тейлөө сапатсыз болуп калат. Ошондуктан, ушул тармакты тандап алып, иштеп жатабыз. Азыр бизге кайрылып, кеп-кеңеш алгандардын, сот учурунда укуктарын коргогон ишкерлердин саны арбын.

Ошентип, Таттыбүбү Эргешбаеванын талыкпаган эмгегинин арты менен түптөлгөн юридикалык компания ишкерлерге укуктук жардам көрсөтө баштады:

- Бизнес тармагын жакшыртуу боюнча да пландар бар. Менин оюмча, буга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулууга тийиш. Маселен, салык мыйзамын өзгөртүү керек. Азыр 8 миллион сом деген чектен өтүп кеткенден кийин кошумча нарк салыгын төлөп калабыз. Бул биз үчүн оор жүк. Мындан тышкары ишкерлерди текшергендер көп. Бул алардын убактысын алып, ишке терс таасирин тийгизет. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Кыргызстанда таанышың болбосо, бизнесиңди кармап калуу кыйын. Биз либералдык бизнес системасына өтсөк, ушул сыяктуу маселелер жоюлмак.

Студент кыздын бизнеси

Таттыбүбү сымал ишкердик менен алектенген кыздардын дагы бири - Медициналык академиянын бешинчи курсунун студенти Кундуз Нурдинова. Ал азыр гүл бизнесин өнүктүрүүдө. Башында Бишкекте бир гана дүкөн ачып, аны өзү иштетип жүргөн. Бүгүнкү күндө дүкөндөрүнүн санын көбөйтүп, бир нече адамды жумуш менен камсыздоого жетишкен. Өзү болсо бизнесин түптөп алып, окууну бүткөндөн кийин медицина тармагында аз айлык болсо да иштеп, коомго пайдасын тийгизүүнү ниет кылып жүргөн экен:

- Азыркы кезде эки дүкөнүм бар. Гүл бизнеси өзүмө да жагат, бир чети пайда алып келет. Студент болгонум менен ата-энемден акча сурабайм. Эки жыл мурун дүкөн ачууга аракет кылганымда, тааныштарым, досторум, туугандарым "гүлдү эч ким албайт" деп айтышкан. Бирок ага карабай, дүкөн ачып иштете баштап, анын үзүрүн көрүп жатам. Алгач гүл эмне экенин түшүнчү эмесмин. Дүкөн ачып, кардарлар чалып, 3-5 миң сомдук гүл алып, дагы буюртма берип баштаганда өзүм да таң калдым. Ушул тапта менин кардарларымдын көбү эркектер. Алардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн тынымсыз изденип, жаңы жасалгаларды киргизип турабыз. Кардарды сыйлоо - биздин башкы милдетибиз. Дүкөн ачарда мен акча деле кетирген жокмун. Алып-сатып жүрүп, ишти алдыга жылдырып кеттим.

Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?

Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?

Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.

Анткен менен ишкердикти жөндөөдө аялдар бир топ көйгөйлөргө тушугат. Жаш ишкер Таттыбүбү Эргешбаева алардын эң негизгилеринин катарына кыргыздын канына сиңген тааныш-билиштикти, паракорчулукту, коомдогу "аял үйдө отуруп, эркек акча табышы керек" деген мамилени атады:

- Бизде аял кишилерге жүктөлгөн жүк, жоопкерчилик чоң. Мисалы, алар баарына жетишүүсү керек. Үйүнө, ишине, тууган-урук менен катышканга. Менин да үй-бүлөм, балам бар. Жолдошум, кайын-журтум мени жакшы түшүнүп, колдойт. Бирок өзүм аралашып жүргөн бизнес чөйрөсүндө айымдар кандай кыйналып жүргөнүн көрүп-билип, таң калам. Ошого баарынан мурда эркектер үй-бүлөдө аялдарды колдосо деген ойду айткым келет.

Таттыбүбү, Кундуз өңдөнгөн ишкер кыз-келиндер жүздөп саналат. "Демилгелүү ишкер аялдар" коомдук фондунун төрайымы Авазкан Ормонованын пикиринде, айымдар чакан жана орто бизнести мыкты өздөштүрөт. Ири шаарларда сулуулук салондорду, тигүү, текстил, кафе-ресторан, тейлөө тармактарын иштетип, бутуна тургандар көп. Аймактарда болсо нан, сүт азыктарын чыгарган, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасаган чакан ишканаларды ачкан аялдар басымдуу, бирок алардын продукцияларын сатууда маселе жаралууда:

- Мисалы, өндүрүлгөн продукцияларды Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга сатууга жолдор бар. Бирок чек ара маселеси кыйнайт, андан тышкары стандартка жооп бербейт деп чыгарып коюшууда. Ушул маселелерди мамлекет чечип берсе. Бирок ал нерсе чечилбей турат. Чакан ишкердик чөйрөдө иштеген аялдар үчүн мамлекеттик деңгээлде кеп-кеңеш берүү, бизнес-пландарды оңдоо деген сыяктуу жардамдар берилбейт. Кээ бир аялдар эл аралык, бейөкмөт уюмдар менен иштешип, кеп-кеңеш алууда. Кээлери ирдене албай калууда.

Аял - эне. Балдарымды багам деп жыгылса деле кайра туруп иштей беришет. Эркектер андай эмес. Бир-эки жолу жыгылса кайра турбай калышы мүмкүн.
Авазкан Ормонова

Авазкан Ормонова өзү жетектеген коомдук фонддун изилдөөсүнө таянуу менен өлкөдө чоң бизнестерде аялдар аз болгону менен, алар ишти алга жылдырган маанилүү жумуштарды аткарып жатканын айтты. Бул пикир менен жеке ишкер, экономист Азамат Аттокуров да макул. Анын баамында, эркектерге салыштырмалуу аялдар ар кандай тобокелдикке, бизнестеги оош-кыйыштарга оңой туруштук бергени менен айырмаланат:

- Баарынан мурун аял - эне. Ошондуктан, балдарымды багам деп жыгылса деле кайра туруп иштей беришет. Эркектер андай эмес. Бир-эки жолу жыгылса кайра турбай калышы мүмкүн. Ошол себептүү ишкер айымдарды колдошубуз керек.

Экономисттин баамында, аялдардын табиятынан берилген чыдамкайлык сапаты айрыкча өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Кыргызстан көз карандысыздык алган доордо өзгөчө байкалган.

Ошол кезде эркектер каатчылыктан кооптонуп отурган чакта, кыз-келиндер тобокелдикке барып, Кытайдан товар ташып коммерция кылып, Орусия, Казакстанга ар түрдүү жумуштарга иштегени кеткен. Экономика адистери аялдардын бизнеске аралашып, бул тармакта көбөйүшү коом үчүн маанилүү экенин белгилешет. Ишкер айымдар болсо өздөрүнө мамлекеттик колдоо керек деген ойлорун ортого салышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.