Аялдар жөө жүрүшкө чыкты

Бул күндүн урматына беш жүздөй аял райондук бийликтин имаратынан маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасады.

Ортодогу аралык - бир чакырымдай жол.

 Акция учурунда айымдар “Колхозчу аялдын маршы” аттуу ырды аткарышты.

Kyrgyzstan - Kara-Suu. Procession of rural women, on the International Day of Rural Women, 15Oct2012

Акцияга улам эркектер да кошулуп, элет аялдарын колдогон мырзалардын саны он чакты болду.

Иш-чараны “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фонду уюштурду.

Акциянын максаты - коом үчүн маанилүү чечимдерди чыгарууда аялдарды да активдүү
болууга үйрөтүү, алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого
аялдардын көбүрөөк катышуусуна үндөө жана коомдук-саясый туруктуулукка
чакыруу.

Элет аялдарын коомдогу жана жашоодогу орду, эмгеги канчалык баалуу
экенин белгилөө максатында ар жылдын 15-октябрында Айылдык аялдардын
эл аралык күнүн белгилөө тууралуу чечим 1995-жылы БУУнун Бээжинде өткөн аялдар конференциясында кабыл алынган.