3-ноябрда Бишкекте Кыргыз Википедиясынын күнү белгиленди. Бул күнү ыктыярдуу интернет колдонуучулар Википедияны 150дөн ашуун кыргыз тилиндеги макала менен толтурушту.
Кыргыз Википедиясынын күнүн жарыялоо демилгесин Эл аралык IREX уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көтөрүп чыккан. Кыргыз википедиясынын базасын күчөтүү максатында демилгелүү ыктыярчылар 150дөн ашык материалды киргизишти.
IREX өкүлчүлүгүн кызматкери Тынчтыкбек Жанадылдын айтымында, коңшу калктардын тилдериндеги Википедиясындагы маалыматтарга салыштырмалуу кыргызчанын казынасы кыйла эле бөксө.
- Кыргыз Википедиясындагы маалыматтардын саны 2700дөн ашып калды. Бул абдан эле аз. Мисалы, коңшу тажик тилинде 10 миңден ашуун, казак тилинде болсо 100 миңден ашуун маалыматтар бар. Алар да ушундай долбоорлорду жүргүзүп жатышат. Кыргыз тилиндеги маалыматтардын аз болгонуна өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Себеби кыргыз тилиндеги макалалар китептерде эле кала бербей, интернетке кириши керек.
Тынчтыкбек Жанадыл Кыргыз Википедиясынын күнүн жарыялоо аркылуу маалыматтарды туташ киргизүүгө аракет кылып жатышканын да кошумчалады.
Бул демилгени Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссия жана Кыргыз билим берүү академиясы колдоого алган. Маселен, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын өкүлдөрү ыктыярдуу интернет колдонуучуларга кыргыз тилиндеги китептер менен камсыз кылуу милдетин моюнуна алышкан.
Аталган комиссиянын жетектөөчү адиси Айнур Кутманова Кыргыз Википедиясы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошот деген ойдо:
- Мындай нерсе кыргыз тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, багыт берет деп ойлойм. Себеби азыркы жаштар көп учурда интернет сайттарда эле отуруп калды. Китепти аз окушат. Ошол интернет сайттардан кыргыз тилинде маалыматтарды тапканга өбөлгө түзүп, багыт берет деген ойдомун.
Кыргыз википедиясынын администратору Аида Бишкектин айтымында кыргыз тилиндеги интернет энциклопедиянын казынасы акырындык менен өсүүдө.
- Азыркы учурда кыргыз 2700дөн ашык макала бар. Мисалы, мурунку абалга жараша 1000 макалага өстү. Мындай эч качан болгон эмес. Бул өз ыктыярдуу жардамчылардын көмөгү менен өсүшкө ээ болуп жатат. Мындан ары да токтоп калбайт деген ишеничтемин.
Көпчүлүк ыктыярчылар Википедияга маалымат жайгаштыруунун жол-жобосун билбегендиктен, айрым макалалар жараксыз болуп калууда, деп кошумчалады Аида Бишкек.
Кыргыз Википедиясын күнүн белгилөөнүн алкагында мектеп окучууларына да бул маалымат казынасына макала жайгаштыруу үйрөтүлдү. Өзүн Артык деп тааныштырган 7-класстын окуучусу бир күндүн ичинде 5тен ашык макала жүктөптүр.
- Бүгүн Кыргыз Википедиясынын күнү экен. Ошого байланыштуу бүгүн аны үйрөнүп, маалыматтарды киргиздим. Мисалы автомобиль деген темада жүк ташуучу унаалар тууралуу маалыматты, Атлантида жана аалам деген темада мурун маалыматтар бар болчу экен, ага кошумчаладым.
Интернеттеги Википедия сайтынан кеминде 270тен ашуун тилде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга маалымат киргизип же буга чейин жазылган макалаларга түзөтүүлөрдү киргизе алат.
Википедия сайты 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Ушул тапта анын казынасында бардык тилдерди кошкондо 15 миллиондой макала бар.

Тилди өнүктүрүүнүн заманбап ыкмасы

Маалыматтар көбөйүүдө