Апта-маанай (7-13-май)

Орусияда мигранттар орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдары боюнча милдеттүү түрдө сынактан өтөт. Мындай жардыкка Орусиянын лидери Владимир Путин 7-майда кол койду.

Кыргызстан Жеңиштин 67 жылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу салтанаттар Бишкектеги Жеңиш аянтында жана өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

Кыргызстан Жеңиштин 67 жылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу салтанаттар Бишкектеги Жеңиш аянтында жана өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

Ушул жылдын башында Бишкектеги №1 тергөө камагында болгон чуулгандуу жаңжал боюнча ишти 10-майда Свердлов райондук соту териштирүүгө киришти.

8-майга караган түнү Караганда облусунда Орусияга бараткан мигранттар отурган машине кырсыкка учурап, 16 кыргызстандык каза тапты.

10-майда президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга эки күндүк иш сапары менен барды.

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду.

10-майда дзю-до күрөшү боюнча Юрий Краковецкий Лондон олимпиадасына жолдомо алганы анык болду. Ошентип Олимпиадага барчу спортчулардын саны он экиге жетти.