Апта-маанай (23-29-апрель)

Катуу жааган жамгырдан кийин 26-апрелде Ош облусунда 200дөй үйдү сел алып кетти.

Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун бир канча айылдарында сел жүрдү.

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Раззаков жана Интернационал айылдарында катуу сел жүрдү.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Курманжан Датка айылында  да нөшөр жаандын айынан сел жүрдү.

Катуу жааган жамгырдан кийин 26-апрелде Ош облусунда 200дөй үйдү сел алып кетти

Парламент өкмөттүн 2011-жыл үчүн ишин канааттандырарлык деп тапты. Бирок оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев өкмөттүн отчетун “жөн гана популисттик сөздөр” деп баалады.

Оппозиция 23-апрелде билдирүү таратып, мындан ары өлкөдө туруксуздук болсо, ага жоопкер болбосун бийликке эскертти.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власовдун дипломатиялык миссиясы аяктады. 

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев НАТОнун Чикаго саммитине катышууга чакыруу алды. Бирок президенттин АКШга барар-барбасы аныктала элек.

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында "Абийир кечирбейт" спектаклинин бет ачары болду. Аны белгилүү режиссер, "Азаттыктын" кабарчысы Аманбек Дилденбай койду.