Апта: Чек арада чекишмей, Ташиевдин "оңолуусу"...

Чек арадагы Көк-Таш айылынын тургундары чек арадагы жаңжалдан кийин өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга баратат. Баткен, 8-май, 2014.

Узап бараткан жумада кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды. "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бийликтен кечирим сурады.

Баткенде дагы ок атылды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды. Бул жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасындагы үчүнчү олуттуу окуя болуп калды. Январь жана май айларындагы инциденттерде да ок атылып, адамдар жабыркаган эле. 10-июлдагы окуяда бир кыргыз чек арачысы жараат алса, тажик тараптан бир жаран окко учуп, сегизи жараат алганын тажик маалымат каражаттары жазып чыкты.

10-июлда Кыргызстан менен Тажикстан делегациялары Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жана Ворух-Исфара жолдору боюнча келишим долбоорун сүйлөшүүнү белгилешкен. Ал үчүн регионго вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев барган. Бул күнү кыргыз тарап июль айындагы Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде аталган айланма жолду курууну улантууну да белгилеген эле. Мына ушул күнү чек арада чыр чыгышын кыргыз тарап жөн эмес, тажик тарап жолдор боюнча келишимди бузуу максатын көздөөдө деп айыптады.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов буларга токтолду:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бешимов: Чек арадагы чырдын чыгышына тажик тарап кызыкдар

​- 3-июлда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы Бишкекте болду. Бул жерде тийиштүү протоколго кол коюлду. Ага ылайык кыргыз тарап 10-июлдан тарта Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолун кура баштамак. Келишимге жетишилген. Анда эки вице-премьер-министрдин колу турат. Ошондуктан чек арада болгон окуяны мына ушул сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди бузуу аракети катары баалайбыз.

Кыргыз-тажик келишимине ылайык, Ворух-Исфара жолу Кыргызстан аймагына Кыргызстан тарабынан курулуп, тажик тарап тоскоолсуз пайдалана алары макулдашылып жатканы кабарланган.

Бирок тажик тараптын көздөгөнү Ворух-Исфара жолун толук өз көзөмөлүнө алуу болуп жаткандай. Ага мүмкүнчүлүк берилбегендиктен атайын чагымдар менен жетишилген келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу аракеттери жасалгандай.

Бул жүйөнү генерал Артур Медетбеков чындыкка жакын деп эсептейт:

- Булардын максаты анклав болгон Ворухту Тажикстанга түздөн-түз байланыштыруу. Экинчиден, жер, суу маселесинде өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип алуу. Үчүнчүдөн, эң негизгиси булардын артында турган криминалдык уюшулган топтор менен салафий агымына кирген чоң уюмдар күчөп кетти. Ошолордун таасири да катуу тийүүдө.

Артур Медетбековдун пикиринде, чек ара аныкталбаса, ал жердеги чыр-чатактар чоң жаңжалга айланып кетиши мүмкүн.

10-июлдагы окуяга карабай вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев жана Мурадоли Алимардон 11-июлда Тажикстандын Кайраккум шаарында жолугушуп, 10-июлда болгон окуя жана жолдор боюнча келишим долбоорун талкуулашкан. Эки өлкөнүн чек ара башчылары да телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атпоону макулдашкан.

Монголияга "ооп кеткен" Оторбаев

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болгон мезгилде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда жок болуп чыкты. Өкмөттүн расмий маалыматы боюнча, Жоомарт Оторбаев 8-июлда Монголияга бир күндүк иш сапар менен барган. Бирок 11-июлда да анын сапардан Бишкекке кайта электигин ишенимдүү булактар тастыкташты. Сапардын максаты катары биометрика, айыл чарба, парламент аралык кызматташууларды өнүктүрүү болгон. Мына ушундай эле максат менен июнь айында төрт-беш күн Монголияда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да болуп келген эле. Кыязы, кыргыз бийлиги Швейцария, Малайзия болуу эмес, Монголиядан сабак алууну бекем көздөп калгандай.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Монголияда жүргөн мезгилде 9-июлда Бишкек жылуулук борборуна 350 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер үзгүлтүккө учурады.

Тендер комиссиясынын мүчөсү Качкын Булатовдун билдирүүсүнө караганда, “Улуттук электр станциялары” акционердик коомунун жетекчилиги тендерди атайын үзгүлтүккө учуратты. Анын максаты убакытты созуп, соңунда бир булактан көмүр сатып алууга мажбурлоо. Мунун артында коррупция жатат, деп белгиледи Булатов. “Улуттук электр станциялар” болсо тендердин узгултүккө учурашын катышкандардын документтерди кеч бериши менен байланыштырды.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев энергетика тармагы каражаттын жетишсиздигинен оор кыйынчылыктарга кабылып жатканын билдирди. Анын айтымында, тармакка 6.7 млрд. сом жетпей жатат. Көмүр сатып алуу үчүн эле 2.6 млрд. сом табыш керек. Бул каражаттар изделип жатат дейт Артыкбаев:

- Азыр ошол маселе боюнча ишти аябай катуу жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, дагы насыя алабыз. Экинчиден, каржы министрлигинен субсидия сурайбыз. Үчүнчүдөн, жасап аткан ремонт иштерди 1.7 млрд. сомго кыскартабыз.

11-июлда президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврова менен энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды. Анын соңунда таратылган расмий маалыматта Ош шаарынын жана облусунун энергетикалык системасы талкууланганы айтылган менен, негизги көңүл кышка даярдык, көмүр, кара майга каражат издөө, субсияда алуу көңүл борборунда болгону талашсыз.

Энергетика тармагындагы абалды Токтогулда суунун аздыгы ого бетер оорлоштуруп жатканы маалым. Азыркы кезге карай өлкөнүн башкы суу сактагычында 11 млрд. 144 куб метр суу топтолгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд куб метрге аз.

Кыргызстандын алты ай ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөрү да өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болуп чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында ички дүң өнүм 104.1% өскөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4% төмөн. Экономика тармактарынын ичинен өнөр жайы, тоо кен, айыл чарбасы, соода, тейлөө жана жүк ташуунун өсүүсү эки эсеге төмөндөп кеткен. Ал эми курулуш жана негизги капиталга инвестиция 120% тегерегинде өсүп, өткөн жылдагы темпинен жазган эмес. Бул темп менен жыл соңунда бюджетте каралган көрсөткүчтөргө жетпей калышын өкмөт мүчөлөрү да моюнга алышууда.

Келдибековдун соту, Ташиевдин "оңолуусу"...

10-июлда Биринчи май райондук сотунда Акматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүүгө старт берилди. Бирок Келдибеков ден соолугуна байланыштуу ооруканадан сотко келбей калып, сот 15-июлга которулду. Келдибековдун адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, Келдибековдун ден соолугу жол берсе, иш 15-июлда карала баштайт.

Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында кармалган. УКМКанын тергөө абагында жатып, кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Бутуна үч жолу операция жасалганы кабарланган. Келдибеков ага кылмыш иши саясий максатта козголгонун билдирип, коюлган айыптарды четке кагып келатат.

Акматбек Келдибековдун соту башталган күнү анын партиялашы, “Ата-Журт” партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев НТС телеканалындагы маегинде мурдагы катачылыктары үчүн бийликтен кечирим сурады. Ал бийлик менен кызматташууга милдеттүүбүз деп белгиледи:

- Мамлекетке кызмат кылыш үчүн бийлик менен дагы, эл менен дагы мамиле түзүп иштегенге милдеттүүбүз. Президент жөнүндө айтып жатасыз, президентке деле бүгүнкү күндө эң оор. Себеби дегенде биздин мамлекет дүйнө жүзүндө курчуп турган геосаясий, геоэкономикалык маселелерге туш келип турат. Бүгүнкү күндө кыргыз мамлекетинде, коомчулугунда элибиз, бийлик-оппозиция кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгынын тегерегинде биригүүсү негизги талап болуп турат.

Камчыбек Ташиевдин бул кечирим суроосунун артында соттуулугун алуу максаты турганын талдоочулар белгилешүүдө. Ташиев өзү да аны алуу үчүн Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.

Эгерде соттолгондугу жоюлбаса Камчыбек Ташиев келерки жылы боло турган парламенттик шайлоого катыш албайт. Ошондуктан “Ата-Журттун” жетекчиси “камчысын мойнуна салып” келип олтурат. Ал эми “Ата журттун” шайлоочулары жана тарапкерлери бул кадамды кабыл алары белгисиз.

Камчыбек Ташиев бир эле “Ата-Журт” партиясынын төрагасы эмес, Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын дагы тең төрагасы.

Кыймылдын дагы бир жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Ташиев интервьюда жеке өзүнүн позициясын билдирди дейт:

- Бул биз менен кеңешилген эмес. Ташиевдин жеке өзүнүн позициясы. Биз чогулуп, бул маселе боюнча кеңешебиз деп турабыз. Мүмкүн Камчыбек Ташиевди чакырып, анын дагы оюн угабыз. Чындыгында, анын акыркы интервьюсу позициясы өзгөргөнүн кабар берет. Эгерде оппозициялык кыймылдан чыгам десе, анда өзүнүн эрки. Улуттук оппозициялык кыймыл өзүнүн ишин уланта берет, позициясын кармана берет. Биз бүгүнкү күндө бийликтин жолу туура эмес, мамлекеттеги социалдык-экономикалык абалды чечүү жолдору туура эмес деген позицияда турабыз.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл “Жаш муун” аттуу жаштардын мүчөлөрүнө бийлик тарабынан басым жасалууда деп айыптап чыкты. Белгилүү болгондой кыймылдын мүчөлөрү “Тезекпром”, “Шералы хандын чокою” аттуу акцияларды уюштурган учурда милиция тарабынан кармалып, сотто административдик айып салынган.