Апта - маанай
13-февраль, дүйшөмбү: Жаңы жылдан тарта жабылган казинолордун ишсиз калган кызматкерлери митингге чыкты.
Алар өкмөттөн иш таап берүүнү талап кылышты.
13-февраль: Баткендин Самаркандек айылынын бир тургуну чек арачы жоокерди атып салганы белгилүү болду. Бул каргаша 12-февралда болгон.
14-февраль: шейшемби: Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев УКМК абагында өлгөнү ачыкка чыкты. УКМК аны моюн орогучка өзүн-өзү асып өлгөн деген кабар таратты.
Айбек Эшбаевдин жакындары ал өзүн-өзү асып өлгөн дегенге ишенбей, маалымат жыйынын, нааразылык акцияларын уюштуруп, анын өлүмү акыйкат иликтенишин талап кылууда. Мындай акциялардын акыркысы 17-февралда УКМК алдында өттү.
16-февраль, бейшемби: Президент Алмазбек Атамбаев Ошко иш сапары менен барып, жаңы бүткөн көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты.
Президент жаңы бүткөн үйлөрдү ачуу аземинде жергиликтүү калк менен жолугушуп, сөз сүйлөдү.
Президент жаңы бүткөн үйлөрдү ачуу аземинде жергиликтүү калк менен жолугушуп, сөз сүйлөдү.
17-февраль, жума: Президенттин Оштогу сапары уланды. Бул күнү эки жума мурда киши колдуу болгон оштук таксист Эрнис Машраповдун жакындары митинг уюштуруп, президенттин алар менен жолугушуусун талап кылды.