Апта: "Манастагы" АКШ борбору Румынияга көчөт

"Манас" Транзиттик борборундагы аскерлер. 21-март, 2013.

АКШ Кыргызстандын "Манас" аба майданындагы Транзиттик борборун Румынияга жайгаштырары кабарланды.
Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Журттун" үч депутатын актаган Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевди судьялык кызматтан бошотуу жардыгын чыгарды. Жети-Өгүз районунда нааразылык акциялары уланды. Кадамжайдагы Шамбесай алтын кенинде чыр чыкты.

Судьялар бошотулушунун сыры

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев жана Медербек Сатиевди судьялык кызматтан бошотуу тууралуу жардыкка кол койду. Ага чейин бул судьяларды бошотууну Кыргызстандын Соттор кеңеши мамлекет башчысына сунуштаган эле.

Соттор кеңеши өз сунушун судьялар Зулушев жана Сатиев депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароодо мыйзам талаптарын сактаган эмес деп негиздешкен.

Аталган депутаттар 2012-жылы 3-октябрында мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп кармалган. Биринчи май райондук соту аларды -1-1.5 жылдан кесүү чечимин чыгарса, Бишкек шаардык сотунун судьялары Зулушев жана Сатиев депутаттарга Кылмыш-жаза кодексинин 195 беренеси боюнча айып туура эмес коюлган деп, депутаттарды боштондукка чыгарган. 195-берене боюнча мамлекеттик бийликти басып алгандар айыпталары жазылган. Бирок шаардык соттун чечимин Жогорку Сот жокко чыгарып, депутаттарга карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Натыйжада алар депутаттык мандатынан ажыратылышты.

Судьяларды кызматтан бошотууга сунуш берген Соттор кеңешинин төрагасы Дастанбай Айжигитов. Ал өзү Чүй облустук сотунун төрагасы. Соттор кеңешинин калган мүчөлөрү да облустук соттордун төрагалары. Ошондуктан коомчулукта Соттор кеңеши судьяларды кызматтан алууну сунуштоо менен бийликтин куралына айланды деген пикир жаралып калды. Андан сырткары эки судьяга байланыштуу чечим сот бийлигинин эркиндигине, судьялардын көз карандылыгына урулган сокку болуп калды дегендер бар.

Жогорку Кеңештеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Курманбек Осмонов буларды айтат:

- Мунун эми терс таасири болот. Мурда эле буларды туура эмес куугунтукка алып жатат деп айтканмын. Алар өздөрүнүн ынанымы менен мыйзамдын негизинде туура негиздеп чечим чыгарышкан. Анан эми аларды кызматтан алуу үчүн сот отурумун танапис жарыялап коюп, кайра баштады деген жүйөө алгылыктуу эмес. Анткени ошол эле соттун сот жараянын токтотуп туруп, кайрадан жаңыртып уланта бергенге укугу бар. Анан эми минтип бошотуп коё берүү калган сотторго коркутуу иретинде таасир этиши мүмкүн.

Президент тарап судьялардын кызматтан бошотулушун Соттор кеңешинин чечими менен байланыштырып жатат.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев судьяларды кызматтан бошотууда президент шашпаш керек эле дейт:

- Менин оюмча, президент буга кол койбош керек болчу. Бул маселени дагы изилдеш керек болчу. Анткени бул Ташиев, Жапаров, Мамытов боюнча маселе саясий майданга өтүп кеткен. Бул нерсе юридикалык талаадан саясий талаага өтүп калган. Мындай прецендент бизде болгон эмес. Муну дагы изилдеп, юридикалык менен саясий жагын карап туруп чечим чыгарыш керек эле. Ансыз азыр бул чечим бүдөмүк болуп калды. Көп жарандарыбыз түшүнбөй калды.

Сот системасында түзүлгөн мындай жагдайга мурда бир нече жолу соттолгон Муратбек Асановдун Аскердик соттун судьялыгына шайланып барышы да терс салымын кошту. Коомчулукта Сотторду тандоо кеңеши Асановду кантип судьялыкка сунуштады, андан кийин ал кантип дайындалды деген суроолор күч алды. Бул жагдайлар сот системасына ишенимди калыбына келтирүүгө салым кошпошу турган иш.


Кумтөр жаңжалына Шамбесай кошулдубу?



Узап бараткан жума ичи бою Саруу айылынын тургундары өздөрүнүн нааразылык акцияларын улантышты. Алар Кумтөр боюнча түзүлгөн меморандумга каршылыгын билдиришүүдө. Ошондой эле Эрмек Жунушбаев, Бактияр Курманов жана 7-октябрда Караколдогу митинг учурунда кармалгандарды бошотуу талабын коюп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары болсо Кумтөр маселесине келерки жумада кайрылып келери кабарланган. Өткөн жумадагы эки күндүк талкууда депутаттар “Центерра” менен жетишилген меморандумду сынга алышып, Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү жакташкан.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бейшемби күнү бул маселе боюнча өкмөттө жыйын куруп, анда депутаттардын сунуштарын иликтөө үчүн үч топ түзгөнү маалым болду. Ал топтун бири Кумтөрдөгү укуктук жана корпоративдик маселелердин үстүнөн иштесе, калган эки топ финансы-экономикалык жана өндүрүштүк-техникалык, экологиялык маселелердин үстүндө иштейт.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы бул үч топко ишти тезирээк бүтүрүүнү тапшырды:

- Буларга азыр убакыт берилди. Мүмкүн болушунча тез аранын ичинде ар бир топ өзүнүн багытында меморандумду деталдаштырыш керек. Маселен, каржы тармагын тактап чыгыш керек. Директорлор кеңешинин жобосун иштеп чыгуу, жаңы түзүлө турган биргелешкен ишкананын уставын иштеп чыгуу тапшырылды. Меморандумду бүт деталдаштыруу болот.

Эржигитовдун айтымында, бул иштерди аяктоого бир айдын тегерегинде убакыт берилди. "Центерранын" өкүлдөрү жана кыргыз өкмөтү тандап алган кеңеш берүүчүлөр да бул маселелердин үстүнөн иштөөгө Бишкекке чакырылды.

Белгилеп кете турган нерсе, өкмөт деталдаштырууну “Центерра” менен жетишилген меморандумдун негизинде жүргүзүүнү тапшырды. Ал эми парламент мына ошол меморандумга, анда үлүштөрдүн 50 пайыздан бөлүнүшүнө каршы чыккан. Парламент келерки жумада кабыл алууга даярдаган токтом долбоорунда меморандумдун Кыргызстан кызыкчылыгына каршы келери, 20-декабрга карата 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруунуну сунуштаган мыйзам долбоорун даярдоо белгиленген. Бир жумалык танапистен кийин депутаттар токтом долбоорун мына ушундай мазмунда кабыл алабы же дагы өзгөрүүлөр болобу? Мезгил көрсөтөт.


Кумтөр жаңжалы мына ушинтип чечилбей турган мезгилде Кыргызстандагы дагы бир алтын кендин айланасында жаңжал чыкты. Бир нече жылдан бери Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүп, Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксат алган австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы жума күнү кенге техникаларын киргизүүгө аракет жасады.

Исфайрам дарыясына жакын жайгашкан кенди иштетүүдө экологияга коркунуч келет деген жергиликтүү калк кенди иштетүүгө каршы көтөрүлүп, райондук бийлик, алтын кен компаниясынын өкүлдөрүн жана аларды коштоп барган ондогон милиция кызматкерлерин кенге жолотпой койгон. Ал эмес жергиликтүү калк аларды техникасы менен артка кайтарып, Майдан айыл өкмөтү жайгашкан Кара-Жыгач айылына чейин жөө сүрүп келген. Кара-Жыгач айылындагы компаниянын кеңсесиндеги кагаздарын, компьтерлерин сыртка алып чыгып, өрттөп жиберген. Жергиликтүү калк геологиялык-чалгындоо иштерин да токтотууну талап кылышты.

Майдан айыл кеңешинин төрагасы Боркош Жамшитовдун 19-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, элдин нааразы болуп чыгуусуна техникалардын эч кимге эскертпей киргизилүүсү түрткү болду:

- Мурунку күнү Майдан айылдык кеңешинин сессиясын өткөргөнбүз. Бирок ошол сессияда ушундай техника киргизилет деп айтылган эмес. Анан эртсеси эле эрте менен техниканы киргизе баштады. Мына ошондон элдин нааразылыгы абдан күчөп, техникаларды "айдап чыккыла, жоготкула" деп чыгышты.

Жамшитовдун айтымында, Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы геологиялык-чалгындоо иштерин да токтотууга аракет жасарын элге убада кылды.

“Зет-Эксплорер” компаниясы өз кезегинде Шамбесай алтын кенин иштетүүгө мыйзамдуу лицензиясы бар экенин жана аны иштетүүгө аракеттер жасаларын билдирүүдө.

АКШ "Манастан" Румынияга көчөт


Кошмо Штаттар "Манаста" жайгашкан Транзиттик борборду Румынияга которууну макулдашканын эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты. Кыргызстан парламентти Транзиттик борбор боюнча келишимди токтотуу чечимин быйыл июнь айында кабыл алган. Ага ылайык, 2014-жылдын июль айына чейин "Манастагы" АКШнын техникалары чыгарылууга тийиш.

"Манас" аба майданына АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлери 2001-жылдын соңунан тарта жайгаша баштаган. Адегенде база Ганси деп аталып, 2009-жылдагы келишимге ылайык Транзиттик борбор деп аталып калган.

Ооганстандагы аскерий операцияларды жүргүзүүгө салымын кошкон Транзиттик борбордон Кыргызстан бюджетине да олуттуу каражат түшүп турганы маалым. Эми ал агым токтойт. Кыргыз өкмөтү бул кенемтени бир катар кен байлыктарды иштетүү менен толтурууну көздөп жатканы маалым.